Ооба, азыркы учурда бардыгыбызда эле АйТи боюнча бир суроолор бар. Бирок ким кандай жооп таап жатат, мына ушул абдан көйгөйлүү маселе экенин көрүп турабыз.
Себеби, интернетте АйТи боюнча маалымат абдан көп. Ушунчалык көп, өзүнчө эле маалыматтын таштандысында калгандай сезилет. Туурасын жана керектүүсүн иргеп алуу үчүн эле болгон убакыт кетип калат.
itjoop.com
АйТи боюнча болуп жаткан ар бир суроого туура жооп алуу үчүн эң эле алгач туура суроо бергенди үйрөнүш керек экен.
Эгерде сиз, АйТи тармагына кызыгып жатсаңыз, же бул тармакка киришип, анча-мынча түшүнүгүңүз болсо, же ушул тармактын мыкты адиси болсоңуз анда бардыгыңыздарды бул сайтка чакыра кетейин деп турам. Бул жазып жатканым реклама үчүн эмес. Чынында пайдалуу деген ниет менен жазып жатам.
Үкүнүн көзүнө окшогон бул эмблеманы бүгүндөн баштап көп көрүп турасыз деген үмүтүм бар.
Анткени, АйТиге байланыштуу бардык коомчулук ушул сайтка топтолуп жатыптыр. Негизи мен деле буга чейин өзүм иштеген Флаттер тармагы боюнча кандайдыр бир суроо пайда болуп калса, жалпы гугл издөө системасына же Телеграмдагы Флаттерге тиешелүү граппаларга жазат элем. Гуглдан болсо тапкан маалыматтын туура же ката экенин билгенге чейин эле убакыт кетип калат. Ал эми Телеграм же башка соц тармактардан бирөө чыгып жооп бергенге чейин ал жакта базада ушундай суроо болгонбу, ага бирөө жарым жооп бергенби издеп табуу деги эле мүмкүндүгү өтө кыйын.
Бул сайтты биздин окуучуларыбыз жана кесиптештерибиз иштеп чыгып, коомчулуктун пайдасына сунап жатышат.
Сайт иштеп туруусу үчүн атайын программисттер жана контент үчүн жоопту бир редакциялык команда эмгектенип, элибиздин жана айрыкча Кыргыз тилдүү програмчылардын жеңилин жерден, оорун колдон алып эң сонун кызматты кылып жатышкан учуру.
Бул команданы туура багытка салып жаткан башчыларын, же тынымсыз сайтты көзөмөл кылып жаткан жамаатынан эч кимдин атын атабай эле коёлу, реклама кылып жаткандай сезим калтырбасын. Бирок ошентсе дагы алардын ар бирине чын дилибиз менен ыраазычылык гана билдиргибиз келет.
Азыр интернетте маалымат абдан көп, каалаган маалыматты бул сайтсыз деле таап алса болот, бирок баарыбыз билгендей Кыргызча жана туура маалыматты табуу бул ит менен издегендей эле машакат.
Ошондуктан, АйТи тармагына кызыккандар, бул тармакта иштеп жүргөндөр, бардыгыбыз бул сайтты жок дегенде күнүгө бир 10-15 минута карап, ал жердеги суроолорго бир көз жугүртүп, айрыкча өзүбүздүн тармактагы суроолорго көзөмөл жүргүзүп турсак абдан сонун болчудай.
Сиз дагы суроо берсеңиз болот, же берилген суроолорго ой-пикириңизди калтырып же чечим жолдорун сунуштасаңыз болот.
Биз ушундай жол менен да интернет тармагында Кыргызча маалыматын артуусуна жана тилибиздин, элибиздин өнүгүүгө карай багыт алышына салым кошо алабыз. Ар бирибиз колубуздан келген ишти кылышыбыз керек. Ар бирибиз өлкөбүздүн жарандарын билимге багыттап, билимге үгүттөп, билим алууга аракет кылып, суроосу пайда болгон ар бир жараныбызга колубуздан келишинче жардам кылышыбыз керек.
Програмчылар жакшы билет, АйТи тармагындагы маселелерди же коддорду (жүз миңдеген, миллиондогон коддор бар) жаттап жүрүү мүмкүн эмес, андыктан програмчылар Stack Overflow сайтысыз мүмкүн эместей сезишет. Мына ошондуктан биз дагы бул сайтты Кыргыз програмчыларынын Stack Overflow сундай абалга жеткиришибиз керек. Ал тургай, барып-барып бул сайтты башка элдердин програмчылары да колдонуп чынында эле Stack Overflow’нун бир аналогу катары дүйнө элине иш алып барса эмнеге болбосун. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет демекчи, Stack Overflow деле бир күнү ушундай эле болуп башталган эмеспи.
Өзүңдү өнүктүр, өзгөлөрдүн өнүгүүсүнө жардам кыл, өлкөбүз өркүндөп өссүн!
Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 26-февраль, 2022-жыл.