Күнүңүз жемиштүү өтүүсүн каалайсызбы?-Ооба!

Эмнеге пост кечигип чыкты?

Мен ар жума Бишкектин сааты боюнча 14:00дүн тегерегинде контентчиде бир пост жазып турайын дедим. Бул апта үчүн “Кыргыз тилинин кайра жаралуусу[Epic Come Back!]” жөнүндө жазайын дегем. Оор тема болгондуктан, 3-4 күн изилдедим анан жазып жатып, бул маалымат жетишсиз деп баа бердим жана убактылуу токтоттум. Ал жерде кыргыз тилин кантип кайра эл ичинде трендке чыгарса болот жана тилибизге кантип жаңы сөздөрдү заманга ылайык кылып кошобуз?- деген темада башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана өзүмдүн жеке оюм бар болчу. Макул, жуманын бир күнүндө сөзсүз жарык көрөт. Баса, жогоруда айтып өткөндөй, ар жума кечинде жайлуу отуруп, мен жазган постторду окуп турсаңыздар болот. Эми бул жуманын “фаворит”терине өтөлү.

Күнүңүз кандай өтүп жатат?

Көпчүлүк убактын кантип колдонууну билбейт. Фейнман айткандай, убакытты кайра кайтарып алуу мүмкүн эмес(time is not refundable). Бирок бул түшүнүктү адамдар 35-45 жашка чыкканда түшүнүшөт. Сиз эмитен убактыңызга баа бере баштасаңыз кантет? Менин оюмча сиз ийгиликтүү жана бактылуу боло баштайсыз. Сиздин убактыңыздын көп бөлүгүн эмне ээлейт? Жообун мендагы билем. Бул – телефон. Фейсбуук, инстаграм жана ютуб буларда атайын маркетингчилердин статистикасына таянып, программа жазылган. Ал жерде сизди эмнеге кызыгат, эмне менен такыр иши жок, кандай хештеги бар видеолор жагат жана башка оюңузга келбеген алгоритм жазылган. Ошентип баарыбыз азыр алардын капканына түшүп олтурабыз. Бирок прокастинацияны өзүнө каршы колдонсоңуз деле болот. Мисалы, ютубта белгилеген ютуберлерди, инстаграмда белгилүү “инфлюенсер”лерди, фейсбуукта билим берүү министирлигинин барагын көрүп, окуп, кабар алып турсаңыз болот.

“Мен уюлдук телефонумду аябай көп колдоном :(” ©️ Ома

Мага 11-классты аяктаганда уюлдук телефон белекке беришкен. Биринчи 2 ай күнүм ошол тик бурчтукту карап эле өттү. Кийинчерээк жашоомду жей баштаганын байкадым. Ошондо төмөндө көрсөтүлгөн тиркемелерди колдоно баштадым. Эң негизгиси, мен тааныштырайын деген тиркемелер бекер жана эч кандай жарнамасы жок

antisocial, Microsoft to do, google calendar, google podcast жана  forest

Биринчи эле соц тармактарга ультиматум коёлу. Antisocial сиздин телефонду кантип колдонуп жатканыңыз тууралуу маалыматтарды берет. Ал статистикаларга карап, кайсы тиркемеге убакытты көп коротуп жаткан болсоңуз аны кара тизмеге киргизип же болбосо ага чектөө коё аласыз. Кошумча, сиз башка адамдарга салыштырмалуу канчалык уюлдук телефонго көз каранды экениңизди биле аласыз.


To-Do list же болбосо тизме, жемиштүү адамга өтө маанилүү. Microsoft to do‘нун башкалардан айырмасы анын бекер болуусу жана уюлдук телефон, компьютер жана планшетте тиркемесини бар болуусу жана синхрондоштурулганы. Ичиндеги дизайнын баарын карап, билип алган соң, сиз үчүн номер 1-тиркеме болуучу толук ыктымал. Эгерде google продуктары жагымдуу деп ойлосоңуз, google tasks дагы сизге вариант 😉


Google calendar

Алдыга пландаганды жакшы көрсөңуз анда google calendar жардамга келет. Бул жер абдан ыңгайлуу, себеби gmail’дан профессоруңуз же жумуш жеринден бирөө жолугушуу тууралуу кат жөнөтсө ал автоматтык негизде google calendar’га түшүп калат. Бирөө сизге: “Айдын жыйырма бири бошсуңбу ?” – десе, google calendar’га карап жооп берсеңиз болот.


google podcast

google podcast
google podcast

Google podcasts абдан сонун тиркеме. Аны компьютерден дагы, тиркемесинен дагы уксаң болот. Сиз каалаган тилде, түшүнгүңүз келген темада подкасттар болушу толук ыктымал. Аларды жүктөп алып, автобуста, машыгып жатканда, чуркап жатканда, узун кезекте турганда токтогон жериңизден улантып кетсеңиз болот. Бир аз таанышып көнүп алган соң сиздин эң көп колдонулган тиркемеге айланышына шегим жок.


forest

stay focused, be present
stay focused, be present

Сабак окуп жатканда ар түрдүү тиркемелерди ачып же текшергибиз келе берет. Бирок forest буга жол бербейт. Ал үчүн сиз биринчи дарак отургузуп жана ал дарак канча убакытта толук өсүшүн белгилеп коюшуңуз абзел. Ал убакыт учурунда инстаграм, ютуб же башка жака кирем десеңиз “Багынасызбы?” деген эскертүү чыгат, эгер аны бассаңыз дарагыңыз куурап калат, эгер баспасаңыз анда ал сайт, тиркемени колдоно албайсыз. Эгерде ал сайтты, тиркемени жапсаңыз анда дарак жашай берет. Күнүнө көп дарактарды отургузуп, өзүңүз каалаган, куураган дараксыз чоң жашыл бакты пайда кыла аласыз. Кызыктуу факт: Бул тиркеменин жаратуучулары сиз топтогон тыйындарды эсептеп, дүйнөдө дарактарды отургузушат. Азырынча 700 000 дарак отургузулуптур. Бул жакшылыкка сиз дагы кол тийгизсеңиз болот.Бул тиркемени бекер колдонсо болот, бирок кээ бир өзгөчөлүктү сиз колдоно албайсыз. Бирок бир сатып алсаңыз өмүр бою колдоносуз. Мен сизге сатып алууну сунуштайм, себеби тиркеме арзан турат.

Бирок эң маанилүү нерсе башка!?

Бул сиздин күнүнө бир убакытта 7-8 саат уктооңуз, күнүмдүк пландарыңыздын так болуусу, ишиңизди бүтүрүп-бүтүрбөй башка нерсе менен алмашуусун азайтууңуз, убактыңызды туура бөлүштүрүүңүз. Сиздин жашооңуздагы негизги каарман болууңузду жана ар тараптан жетишүүңүздү чын дилден каалаймын 😀

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x