Сагын Акматбекова
Ырлар
Жаңы жазган ырларымды кимдир бирөөлөргө окуп берсем, же гезиттерге чыгып кетсе, ошол ырларым такыр башкача көрүнүп калат. Меники эместей, чоочун боло түшөт. Кол менен жазып болуп, машинкага бир, бирөөлөргө окуп бергенде эки, гезиттерге чыкканда үч өзгөргөнсүйт. Отун жоготконсуйт. Кемчилиги да оркоюп көрүнөт. Баарынан жакшысы — ырларымдын эч кимге окулбай, эч кайда жарыяланбай өзүм менен кошо жүргөндөгүсү, черновиктегиси. Кайрадан кайра карап, кайрадан кайра иштей бергенге болот.
Унчукпоо
…Далай жолу тилимди тишиме каттым. Бүгүн да ошенттим. Жолдон жолугуп, тынымсыз сүйлөй берген кишини угуп, унчукпай баш ийкеп тура бердим. Курулуп бүтүп калган тамдын кыйшык-кемин оңдоо кандай кыйын болсо, жетилип калган кишини оңдоо, аны менен сөз талашуу ошондой кыйын.
Көлчүк жана бейтааныш.
Көлчүккө чейин келет да, кайра артка бурулат. Келет да, кайра артка тартат. Башына кийгени кепка. Үстүнө кийгени кара плащ. Көлчүктөн өтө элек. Өтүп кетеби дейм. Өтпөйт. Кайра аркасына кетет. Көлчүккө чейин шыпылдап басып келет да, көлчүккө жакындаганда эки анжы боло баштайт. Өтсөмбү, өтпөсөмбү дегенсип… Коркконсуйт. Күнүгө ушундай. Күнүгө кеч кирерде. Аркы-терки баса берет. Көлчүккө чейин. Кар жааганда, суук түшкөндө башына тумак, үстүнө пальто кийди. Күн ачылганда баягы кепкасы менен плащын кайра кийди. Тыртайган арык. Көлчүк муз болуп тоңду. Ээриди. Анан соолуп таптакыр жоголду. Дагы келатат. Көлчүк жок. Эми өтүп кетет болушу керек. Жок, так көлчүк турган тушка чейин шыпылдай басып келди да, бирдемесин жоготконсуп, (же эстеппи) тык токтоду. Баягыдай эки анжы болду. Анан аркасына бурулду. Аркы-терки жүрө баштады. Көчөнүн тиги башы бир кварталга жетпейт, башка көчө менен кесилишкен. Кесилишке чейин барат да, кайра тартат. Көлчүккө чейин келет. Көлчүктүн ордуна чейин. Күн жылуу. Көлчүк жок.
Декабрь, 2000
Дагы ырлар тууралуу.
Көк кашка тунуктукту сурайт ырлар. Кыпындай чаң, көө көкүрөгүңө жукпашы зарыл. Күбүлгөн жалбырактарды кечип күүгүмдө келатам.
20. 10. 2000
ЗАКЫМ
М. Т.га
Кеч күүгүмдө жээкти бойлоп кайчы өттүк. Кайчы өткөн издерибизди толкун жууду, кездер бизди жуугандай. Жуулдукпу, же жокпу?
Ушул чалкыган аалам астында сени гана жакшы көргөнүмдү айтсам ишенээр белең? Жок, айтпайм. Жаап койгом капкагын ал сезимдин.
Өткөрдүм сенсиз узун-узун өмүрдү. Өзүмчө тирдик кылдым. Кайчы өттүк кеч күүгүмдө жээк бойлоп, узадык бирибизден-бирибиз улам алыс. Кылчайбадым. Изимди толкун жууду. Билем, сен да кылчайган жоксуң. Кеттиң өз жолуң менен.
Көздөрүңдүн жарыгын канчалык көргүм келсе да тик багып карабадым. А балким эчак өчкөндүр ал жарык, балким тике бакпаганым ырас болгондур.
Көздөрүңдөгү жарыктын өчкөнүн көрүү баарынан коркунучтуу. Мен үчүн. Ошондон корктум.
Бирок билгем ушул күндөрдө, ушул жээктен жолугаарымды. Билгем.
Июль, 2003
Рамис Рыскулов
‘Сага. Сага! Твой земляк идёт!» — дешти. (Мени курсташтарым Сагын дебей көбүнчө Сага дешчу, Сага — дастан, уламыш, аңгеме, жомок деген маанини билдирет, мисалы Сага о Форсайтах). Төртүнчү кабаттын айнегинен эңилсем келатыптыр, кызыл-тазыл ленталарды тагынып. Кызыл-тазыл кийим кийип. Желектей желбиреп, алып учуп. Башына батпаган калың, кара, тармал чачтары асманга учуп, туш-туш жакка жайылып, ырдап-бийлеп, секирип. Көчөдөгүлөр жол бошото беришип, аңкайып алдынан карап артынан тиктешип. Мен дагы аңкайып карап калдым. Студент элем. Рамисти ошентип биринчи жолу бияктан эмес, Москвадан, биздин жатакана жайгашкан Добролюбов көчөсүнөн көргөм. Келаткан алып-учуп, бүткүл дүйнөнү уучуна кармап, жерге батпаган майрам, асманга батпаган шаң болуп, шапар болуп. Рамиссиз биздин поэзия да, биздин доор да кызыксыз, супсак болмок.
СҮЙҮҮ
Сүйүү деген сөзде үч уңгу жатат: сүй-үй-сүйүү. Биргелешип үй куруп, түтүн булатып, күлүңдү бир жерге үйүп, өмүр бою чыдашып, кечиришип, түшүнүшүп жаша дегенди билдирет, сүйүү.
ЖАЗУУЧУЛАР союзунун…
1970-жылдар. Күз. Жазуучулар Союзунун экинчи кабатына чыгып бараткам. Ал түшүп келатыптыр. «Салам алейкум! » деди. Ушул турбайбы дедим ичимен. Мурда М.эже сүрөтүн көргөзгөн. Таанышкысы келет экен деп. «Таанышпайм!» деп койгом. Жаккан эмес. Ал эми капыстан бет келишкенде дароо эле жакты. Жүрөгүм ордунан бир козголуп алды. «Ушул турбайбы!» — дедим ичимен. Ал Ысык-Көлдө турчу. Күн сайын күтчүмүн. Мүнөт сайын ойлочумун. «Серенада» деген радиолама пластинкасын коюп, Моцарт менен Бетховенди укчумун. Шаардын чекесинде жашачумун. Кат жазыштык. Ал Караколдон самолет менен учуп келди, мен учуп бардым. Бир жолу башын жууду. Башына суу куюп бердим. Чачы капкара, коюу болчу. Кичинекей кызга чоң ата батасын бергендей агылып-төгүлүп батасын берди, көзү менен эркелетти. Көп нерсени көзү менен айтчу. Сүйгөнүн, күйгөнүн, кызганганын, сагынганын, таарынганын… Мен да сүйдүм. Эч кимди сүйбөгөндөй. Жүрөгүмө терең, терең катып, кусага, ойлорго, муңдарга батып. Бирок биринчи көрүшкөндө эле (жазуучулар союзунун экинчи кабатына чыгып бараткам) жолубуздун эки айрылыш экенин, эч качан бириге албастыгын түшүндүм. Түшүнгөн сайын жакшы көрдүм. Ар бир жолугуубуз — айрылууну булгалачу. Ар бир коштошуубуз — жолугууну… Бүткүл өмүрүмдө эч кимди анчалык жакшы көргөн жокмун…