Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы

Бул эмне?

Конституция – бул укуктук база. Эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон мыйзамдардын топтому. Конституция латын тилинен которгондо – (constitutio) – орнотуу, түзүлүш деген маанини түшүндүрөт. Кыргыз Республикасынын суверендуу, эркин, унитардык мамлекет экенин тастыктап турган символдорунун бири дал ушул – Конституция.

Качан кабыл алынган?

Кыргызстандын 350 депутаттан турган «легандарлуу парламентти» 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн Баш мыйзамын кабыл алган. Андагы Конституция бир жыл бою жазылып, 10 миң кишиден сунуш-пикирлер келип түшкөн. Коомдук талкуудан өткөн документти парламент эки ай бою талкуулап, кабыл алган.

Канча жолу өзгөргөн?

1993-жылдагы Конституция боюнча Кыргызстанда бир жагынан күчтүү президент, экинчи жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламент болуп, бийликтин тең салмактуулугун сактап турган.  Андан бери ал Конституция 9 жолу жолу өзгөртүлгөн:

1994, 1996, 1998, 2001, 2003, 2006, 2007, 2010, 2016


Конституция – бул бийлик менен элдин көпчүлүк менен азчылыктын, өзүнчө класстар менен калк катмарларынын балуулуктарын көрсөтүүнүн каражаты болуп саналат. Конституция бул менин тумарым жана коргоочум экенин баса белгилегим келет. Төрөлгөндөн тартып эле менин укуктарымда жарык көргөн. Аба менен дем алууга, билим алууга (45 берене) укуктуумун. Мен каалаган динимди тутуна алам (7 берене), шайлай алам, шайлана алам (4, 2 берене) өзүмдүн жеке менчик буюмдарыма, жер үлүшүмө, үй-жайыма (46 берене) ээлик кыла алам, жана ал кол тийгис (12 берене).  Конституцияны көздүн карегиндей сактайлы жана туу туталы.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x