Мамлекеттин өнүгүүсү-өсүшү, эркиндиги, өз алдынчалыгы, мамлекеттик-коомдук маселелерде ээн-эркин саясат жүргүзө алары, экономикалык өсүш жасап, учур талабына ылайык заманбап өнүгүшү үчүн мугалимдин кадыр-баркы олуттуу орунду ээлейт.
Дегеле Кыргыз коомчулугунда мугалимдин орду чоң. Бирок, акыркы кезде, айрыкча акыркы 20 жылдыкта мугалимге болгон мамиле терс жакка өзгөрүп, аябай көңүл ооруткан окуялар кездешүүдө. Менин ички туюмумда бул абал, көпчүлүк мага кошулат болуш керек, баланын укугу демиш болуп, мугалимдин жеке абийирине чейин шек келтирип, кадырына залал келтирүү менен билимге, элдин өнүгүүсүнө болгон катуу чабуул деп эсептейм. Себеби, аз-аздан устаттын кадырын кетирип, андан ары билимге болгон кызыгууга, илим, билимдин өнүгүүсүнө сокку уруу катылып жатканы, акылы тетик адамга айдан ачык маселе.
Мугалим – бул илим менен билимдин, маданият менен исскуствонун, салт-санаа, каада-салт, үрп-адат сыяктуу элди Эл кылып, өнүгүүсүнө жакшы шарт түзгөн коомдук аң-сезимдин илгери жүрүшүн аныктаган негизги өзөк. Демек, мугалим өтө билимдүү, өз билгенин жаңы муунга үйрөтө алган, ары ийкемдүү, күчтүү жана коомдо өтө кадырлуу катмардын ээси. Ага болгон сүйүү, ишеним жана анын эмгегин кадырлоо – бул иш жүзүндө өтө маанилүү нерсе! Себеби, эл арасында үйрөнүү, үйрөтүү иши ар дайым улана берген, токтобой турган жана өтө олуттуу процесстерден.
Ал эми эл арасында мугалимдин кадырына сокку уруу, Мамлекеттик бүтүндүккө шек келтирип, калктын улуттук аң-сезимине чабуул жасоо менен барабар. Сыйы кеткен мугалимдин жаңы муунга билим үйрөтө алары күмөндүү, себеби сыйлабаган, баасы жок нерсенин эч кимге баркы жок. Мугалим жана илим-билим жаратылышынан, эриш-аркак жүргөн коомдук түшүнүктөрдөн. Ошондуктан өнүгөм деген эл үчүн – мугалимдин потенциалын өстүрүп, кадыр-баркын көтөрүү бирден-бир чече турган маселелерден.
Эгер биздин Мамлекетте мугалимдин кадыр-баркын татыктуу орунга коюп, биздин окуу жайларда кесипке даярдоодо билим берүү сапатына көңүл бөлүп, ушуга тийиштүү маселерде комплекстүү иш алып барып чече алсак, анда Кыргыз Мамлекетинин ички-тышкы коопсуздугуна, бүтүндөгүнө, өз алдынчалыгына, эркиндигине жасалган татыктуу иш-аракет болуп берет. Ошондой эле элдик аң-сезимдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, коомдук-саясий кырдаалдардын жетик түрдө алга карай өнүгүшүнө ишенимдүү өбөлгө түзөт.