КАГЫЛАЙЫН АПАКЕМ
(Эссе)
Кайрадан калем кармап, кагазга кадалдым. Кайгым күчөгөн кейибим кетпечүдөй, келбеске кетип калган керемет кишимсиз кайгым кемибекпи?!
Кагылайын апакем!
СИЗдин «Каралдым балам» деген сөзүӊүздү жок дегенде бир эле жолу болсо да кайра угууга канчалык зар болуп жашап жатканымды эч ким ушул абалымдагыдай элестете албаса керек… Үнүм буулат, заманам куурулат.
Эх, ажалдын кыянаттыгы, арабызды алыстатып тынды. Асылган оору аргасыздыкка кептеп келип, ажалдын так азуулуу оозуна салып берип кайран балаӊызды кан какшатып калтырып койду. Арабыздагы кезиӊиз бардык кубанычымдан тереӊ, бардык байлыгымдан кымбат, бардык дүйнөмдөн жогору экенин дагы да даана туюп, каӊырыгым түтөп, кайгым күчөп, өпкөм көөп, өзүм өзүмдө болбогондой оор ирмемде турамын.
Айланайын апакем менин!
«Сенин балдарыӊды да абдан жакшы карап, чоӊойтуп берем. Менин ишим ошол да. Оору-сыркоодон алыс өссүн, тез эле кол-арага жарап калат» деп менин туула элек балам жөнүндө айтчу элеӊиз. Агамдардын, эжемдердин балдарын чоӊойтконуӊузду көрүп, аларга көп түйшүк менен убактыӊызды коротконуӊузду байкап жүргөнүм үчүн ушинтип айтсаӊыз керек эле… Бирок сиз менин балдарымды чоӊойтууга алыӊыз келген жок, өмүрүӊүз жеткен жок. Балдарымдын бойтойгон колдор менен сиздин сүйкүмдүү жүзүӊүздү сылап ойногон учурун мен үчүн бүтүндөй өмүрүмдөн кымбат сезилген эӊ жагымдуу тунук көздөрүӊүз менен көрө албай калдыӊыз.
Табылгыс таалайым болгон чексиз мээримге бөлөп өстүргөн жападан жалгыз улуу адамым! Мен сизди абдан сагындым. Сиз бул абалымды сезбешиӊизди каалаймын. Бул дүйнө менен ал дүйнөнүн аралыгы жердин асты менен үстү эле болсо да өтө алыс экендиги жакшы экен дейм. Тирүү кезиӊизде эч качан «Силердин жамандыгыӊарды көрбөйүн, жакшы адам болуп жашагыла» дечүсүз го. Берген таалим-тарбияӊыздын тунуктугунун таасиринен улам биз ошондой жакшы адам боло алдык, апаке. Сиздин улуу, сиздин сулуу, сиздин сүйкүмдүү жүзүӊүздү төмөн каратпай турган абалда жашаганга ар ирмемибизде тырышып жашап жатабыз. Сиздин биз жөнүндөгү улуу тилектериӊиздин ишке ашышына себепкер болуу үчүн да эч кимге жамандык жасабайбыз, бизге кастык кылгандарды да кечирип, элес албай турмуш өткөрүүдөбүз.
Айланайыным апакем!
Көзүмдүн жашын аарчыганга чамам келбей ыйлап эстеп бугумду чыгарып алам. Сиз жашап жаткан ал дүйнө менен биз жашап жаткан бул дүйнөнүн аралыгы бир ойлосом бир ирмем, дагы бир ойлосом дегеле чексиз узак… Жүгүрүп ойноп атып тизеси жерге катуу тийип калбаса экен деп көз албай караган биздин балалыгыбыздагы аёо сезимдеги теӊдешсиз жүзүӊүз менин көз алдымда түбөлүк калды. Азыр сизди эстеп, сизди сагынып ар түрдүү кусалык абалдын кыйноосунда турганымды сезбесеӊиз экен, сезип алып кыйналбасаӊыз экен. Сиз абдан сезгич адам элеӊиз. Калаадагы агамдардын ооруп же кыйналып калганын эч кимден укпай сезип алчусуз. «Барып өз көзүӊүз менен көрүп келбесеӊиз болбойт» деп атамды жолго аттандырат элеӊиз. Кан басымыӊыз тез көтөрүлүп кетээрин эске алып, атам болсо агаларымдын айрым ачынарлык абалдагысын жашырып келчү. «Баары жакшы. Тынч жүрүшөт экен… Барабыз дешти… Иштен убактылары бош болбой жатыптыр…» деген сыяктуу негиздүү шылтоолор менен сизди ишендиргенге аракеттенчү. Анан сыртка чыкканда кээде калп айтканы үчүн, сиздин ден соолугуӊуздун чыӊ эместиги үчүн улутунуп алчу. …Сиз менин ушинтип бетаарчым менен аарчынсам болбой мурдумдан суу токтобой ыйлаганымды, карегимдин туздуу жашы көзүмдүн айланасын ачыштыра баштаганын сезбесеӊиз экен. Аны сезип калып ал жакта же жардам бере албай же жетип келе албай кыйналышыӊызды эч убакта каалабаймын. Мен өзүмдү колго алайын. Сиз бизден күткөнүӊүздөй жакшы адам болуп жашап туралы. Ичер суубуз түгөнгөндө жаныӊызга барамын, апакем. Сиз жүргөн бейиштин кооз багында илгерки эне-бала абалыбыздагыдай кучакташабыз, ошондо сиз адатыӊызча моюнумдан жыттап-жыттап аласыз.
Кагылып кетейин апакем!
Карааныӊыз калдайган тоодон бийик экенин, кадырыӊыз өмүрүмдөн да улук экенин мен деле кеч билдим окшойт.
Эмне үчүн ооруп жүргөн жылдарыӊызда меккеге, ажылыкка алып барып келүүнү ойлободум? Эмне үчүн желкеме так көтөрүп кааба ташты айланып Жараткандын адамзатка ыйгарган 5 парзынын бирин аткартып келе албадым?! Мен алсызмын, мен акылсызмын, мен акмакмын! Динди мыкты билген тааныштарымдан «Каза болгон адамдын атынан мурда ажыга барып келген адам ажылык кыла алат, аны «ажы бадал» деп коёт» дегендерин укканымда көзүм умачтай ачыла түштү. Ошол замат ажыга барып келген тааныштарымды эстей баштадым, издей баштадым. Аллах тааланын сизге жасаган дагы бир камкордугу болду да, аалым аяш уулуӊуз Рахматулла Басиров бул вазийпаны аткарып келди. Ажылык деген улуу түшүнүк экенин билгендер менин бул кубанычымды туура деп туура элестете алат…
Апаке, ажылыгыӊыз кут болсун! Эми сиз дагы бейиште ажылык кылган рухтардын арасында болосуз. Ушуну буюрсун Улуу Жараткан.
Апам менин! Сиздей жакыныбыз, сиздей асылыбыз ажылардын катарында болушу бизге чексиз сыймык, угуттуу кубаныч. Оо, улуу кудуреттүү Аллахым! Өзүӊдүн насибиӊдин, буйругуӊдун күчү менен буюрса, менин апам дагы эми ажы болду. Мен ажы апамдын уулумун!
…Кымбатым апам сезбей жашашы зарыл болгон бир чоӊ арманым бар. Ал арман менин үй-бүлөмдүн өкүнүчү. Кайдыгер дарыгерлердин айынан кызыбыз майып болду. Өмүргө талпынып 6 жыл азаптуу оору менен күрөштү. Апам муну сезбешин каалайт элем. Чиедей жаны 6 жылдык жан сыздаткан азапка туруштук берди. Аягында ажалга моюн сунуп узап кете берди. Балким азыр апама жолуккандыр, бейиш багын бирге аралап жашап жатышкандыр. Билбейм, жарыгым апам ал кызымдын бул дүйнөдөгү абалын билбей эле калса жакшы эле. О дүйнөдөгү жашоосу жаннатта жанаша болушун Жараткандан дайыма дилимде тилек кылып көксөй берем.
Апаке, менин кызым сиздин артыӊыздан 6 жашында наристе бойдон жөнөп кетти.
Сагыныч сунат санаабыз,
Аргасыз алыс арабыз…
Бейиште бирге болгула,
Биз дагы бир күн барабыз!
Куштарбек КИМСАНОВ, жазуучу.