Германияга келүүнүн жолдору боюнча маалымат берүүнү эң алгачкы болуп Au-pair программасынан баштаганбыз. Анын шилтемесин тексттин аягына калтырып коебуз. Эгерде кошумча маалымат, пайдалуу шилтеме жана тажрыйбаларыңыздан бөлүшө кетсеңиздер кубанабыз!
Маалымат башкаларга дагы жеткиликтүү болуш үчүн өз баракчаныздарга бөлүшө кетүүнү унутпасаныздар.
Программанын аты: FSJ (Freiwilliges Soziales Jahr)
Максаты: социалдык кызматтар чөйрөсүндө иштөө жана мамлекеттин ушул багыттагы структурасын түшүнүү аркылуу кенири тажрыйба топтоо. Муну менен чектелбестен немис тилин үйрөнүү жана Германияда жашаган элдин маданиятын таануу, кыргыз маданиятын таанытуу. Студенттер ооруканаларда, каарылар үйүндо, балдар үйүндө, тарыхый баалулуктарды коргоочу жерлерде, тез жардам уюмдарында ж.б кызматтарды көрсөтөт.
Мөөнөтү: 6 айдан – 18 айга чейин
Каржылоо: Абалга жараша болот. Кээ бир мекемелер калганга турак жай берет. Орточо айлык 350 евро беришет. Ал эми турак жай менен камсыздабагандар мекемелер орточо 450 евродой жана 100-150 евро кошумча каражат беришет.
Талаптар: немис тилин B1 деңгээлинде билүү (кээ бир жерлерде A2 деңгээл боло турганы да жазылып журөт). Жашы18-26 болуш керек. 27 жаштан кийин программага катышканга болбойт. 27 жаштан жогорулар учун BFD (Bundesfreiwilligendienst) программасы бар.
Программага тапшырыш учун керектелген кадамдар:
1. FSJ программасы жөнүндө маалымат топто:
a. Пайдалуу шилтемелер: https://bischkek.diplo.de/blob/1268726/58ff9598db2b5ee3a63d60ffa78d8363/merkblatt-freiwiiligendienst-ru-data.pdf
b. https://www.bundes-freiwilligendienst.de/fsj-freiwilliges-soziales-jahr/
c. https://www.deutschland.de/en/topic/business/volunteering-in-germany-freiwilliges-soziales-jahr
d. Англисче же немисче жакшы түшүнбөсөнүздөр, www.deepl.com же https://translate.google.com менен которуп түшүнгөнгө аракет кылып көрүнүздөр.
e. Муну менен чектелбестен башка вебсайттардан маалымат топто
2. Өзүнүз каалаган шаардан FSJ деп издеп, орундарды караштыр
3. Кайсыл документ керектигин такта
4. Электрондук дарегине докуметтерди жөнөт
i. Документтерди бир гана жерге жөнөтүү менен чектелбе
i. Мотивациялык катка аябай көнүл бөлүп жаз, көп нерсе ушуга байланыштуу
5. Мекеме менен келишим түз жана суроо-жооптор болсо аларды сурап же жооп бер
6. Немис элчилигине терминди эртерээк алганга арекет кыл, себеби көпкө күтүп каласың
7. Визага документтерди тапшыр (эн биринчи шилтемеден табасын кайсыл документтер керек экенин)
8. Германияга кеткенге даярдан жана ак жол!
Ар бир кадам көп мээнетти талап кылат, ошол себептен ар бир кадамга көнүл буруп кылдаттык менен аткар.
Урматтоо менен
Kyrgyz Network академиялык уюму
https://www.facebook.com/groups/319986068830092/
Au-pair программасы:
https://kontentchi.com/giermaniiagha-kieluunun-zholdoru/
Даярдагандар: Гулниза Таалайбекова жана Калыгул Жунушбеков
(Маалымат бизден болду, арекет сиздерден болсун)
Thanks for your motivation