Кокустан көптөн бери контент чыгарбай калган коллегамдын видеосун көрүп калып, “Кургак көз оорусу” жөнүндө уктум.
Ата-энем компьютерге көп отурба, көзүң бузулат деп айтып калса ишенчү эмес элем. Канчалык санариптештирүү актуалдуу болгон сайын, анын кесепеттерине баары бир даяр болушубуз керек экен.
Компьютердин экраны көзгө зыян тийгизеби?

mayoclinic сайтынан алган маалыматым боюнча компьютерде отуруу көздүн аз жумулушуна себепкер болот экен.

… сиз окуп, унаа айдап же компьютерде иштөө сыяктуу белгилүү бир иш-аракеттерге көңүл топтоп жатканыңызда көз жумулуу аз кылынат.
mayoclinic сайтынан
Ал эми көздү аз жумуу, көздүн суусунун буулануусуна алып келет экен. Бул, сайттагы кугак көзгө алып келчү бир нече себептердин бири гана.
Кандай чара көрсө болот?
“Узак иштерди аткарууда көздү тыныктырыңыз. Эгерде сиз окуп жатсаңыз же визуалдык концентрацияны талап кылган башка тапшырманы аткарып жатсаңыз, мезгил-мезгили менен көз тыныгуусун аткарыңыз. Бир нече мүнөткө көзүңүздү жумуңуз. Же көзүңүзгө жашыңызды тегиз жайылтуу үчүн бир нече секунд кайра-кайра ирмеп коюңуз.”
деп айтылат mayoclinic сайтында
Мен көргөн видеодо, кургак көз оорусу канчалык катуу оорутаары жөнүндө айтылган. Субтитрлары менен көрүп чыксаңар болот: