Көптөрдүн суроосу боюнча, Германияга келүүнүн жолдорун тактап, маалымат топтоп даярдап чыктык. Эгерде кошумча маалымат, пайдалуу шилтеме жана тажрыйбаларыңыздан бөлүшө кетсеңиздер кубанабыз!
Программанын аты: Au-pair
Программанын максаты: немис тилин үйрөнүү жана Германияда жашаган элдин маданиятын таануу, кыргыз маданиятын таанытуу. Студенттер (кыздар жана жигиттер) үй-бүлө менен жашап, ал үй-бүлөнүн балдарын караганга жардам берет. Орточо алганда, аптасына 30 саат бала карап иштейт, ошол эле учурда аптасына 4 саат немис тилин үйрөнөт.
Мөөнөтү: 6 айдан 12 айга чейин.
Каржылоо: Кабыл алган үй-бүлө окуучуну бир комната, чөнтөк акчасы (240-350 евро), медстраховка жана тамак-аш менен камсыздайт. (Сүйлошүүго жараша кээ бир учурларда учак билетин алганга дагы жардамдашат)
Талаптар: немис тилин А1 деңгээлинде билүү (Goethe сертификаты жарайт). Жашы 18-26 болуш керек. 27 жаштан кийин программага катышканга болбойт.
Программага тапшырыш үчүн керектелген кадамдар:
1. Au-pair программасы жөнүндө маалымат топто. Сөзсүз Германиянын өзүндө жайгашкан, текшерилген агентство менен гана байланышыңыздар. Интернеттеги ар кайсы агентство менен келбеңиздер, укугуңуздар тепселип калат.
a. Пайдалуу шилтемелер: https://bischkek.diplo.de/blob/1277356/013a3913952dfc9911202f0af39d78fe/merkblatt-au-pair-data.pdf
b. https://www.guetegemeinschaft-aupair.de/en/
c. https://www.aupair.com/find_aupair.php?quick_search=search&home_country=108&gender=2&language=de
d. Англисче же немисче жакшы түшүнбөсөңүздор, www.deepl.com же https://translate.google.com менен которуп түшүнгөнгө аракет кылып көрүнүздөр.
e. Муну менен чектелбестен башка вебсайттардан маалымат топтоп жана агентстволорду караштырыныздар.
2. Профил ач жана өзүң жөнүндө так маалымат бер,
3. Германиядан үй-бүлө изде. Кийин үй-бүлө менен келишпестиктер болбош үчүн, үй-бүлөнү кылдаттык менен издөө зарыл,
4. Үй-бүлө менен келишим түз жана суроо-жооптор болсо аларды сурап же жооп бер,
5. Визага терминди эртерээк алганга арекет кыл, себеби көпкө күтүп каласың.
6. Визага документтерди тапшыр (эн биринчи шилтемеден табасын кайсыл документтер керек экенин)
7. Германияга кеткенге даярдан жана ак жол!
Ар бир кадам көп мээнетти талап кылат, ошол себептен ар бир кадамга көнүл буруп кылдаттык менен аткар!
Урматтоо менен
Kyrgyz Network академиялык уюму
Даярдагандар: Гулниза Таалайбекова жана Калыгул Жунушбеков
(Маалымат бизден болду, арекет сиздерден болсун)