Бишкек абасы булганган шаарлардын катарында

Лондон

Улуу Британиядагы 1952-жылкы «Улуу ыш» жергиликтүү калк менен жан-жаныбарларды өлүмгө жана ар түркүн илдеттерге кириптер кылган. Ноябрдын аяк жагында түштүк Англияда калың жааган кардан улам жашоочулар өздөрүнүн турак-жайларын курамында күкүрт камтыган, өтө көп өлчөмдөгү сапатсыз көмүр менен жылыта башташкан. Ошондой эле поезддер, заводдор, көмүр электростанциялары жана дизель кыймылдаткычына жаңыдан өткөн автомобилдерден чыккан түтүн да четте калбаган. Ушул факторлордун баары бириккенде чыгарылган зыяндуу газдардын концентрациясы тездик менен өсүп, 1952-жылдын 5-9-декабрында Лондонду «Улуу ыш» каптаган. Натыйжада 12000 адам каза болуп, 25000 миңден ашык адам ар кандай илдеттер менен ооруканага кайрылган.

Бул жоготуудан кийин Англиянын бийлиги дароо абалды жөнгө салууга киришкен. Өнөр-жайда булганган күйүүчү майды колдонууну чектеп кээ бир шаарлар жана кыштактарды «түтүндү контролдоо аймагы» катары киргизген. Жылуулук булактарынын багытын сапаттуу көмүргө, электр энергиясына жана газга бургандыктан ыштын деңгээлин жана күнүмдүк тиричиликтеги өрттөн чыккан күкүрт диоксидинин денгээлин азайткан. «Таза аба жөнүндөгү» мыйзам кабыл алып, экологиялык жаңы стандарттар киргизилген.

Пекин

Үстүбүздөгү жылдын кыш айларында Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарын ыш каптап, абадагы майда бөлүкчөлөрдүн бирикмеси 350 мкг/куб жеткен. Бул Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун нормасынан (25мкг/куб) 14 эсе көп. Бул шаар тургундарынын ден-соолугуна сокку болуп эсептелинет. Өзгөчө жүрөк жана өпкө оорулары менен жабыркагандарга коркунуч чоң. Ыш дени сак адамдар үчүн, кары-картаңдар жана балдар үчүн да кооптуу. Себеби абанын булгануу деңгээли «жашоо үчүн коркунучтуу» деп бааланды. Ыштын негизги себеби көмүр электростанциялары жана Пекиндин чет жакаларындагы котельныйлар (от казандары) болуп эсептелинет. Буга автоунаалардын түтүндөрү да кошулат.

Бул айда шаар бийлиги автоунаалардан чыккан түтүн менен күрөштү күчөтүүдө. Транспорттук каражаттар регулярдык түрдө текшерилип, нормага дал келбегендер көп өлчөмдө айып пул төлөшөт же айдоо күбөлүгүнөн ажыратылат. Акыркы жылдарда Кытайда транспорттун альтернативдүү энергетикасына чоң маани берилип, газ менен иштеген машиналар көбөйүүдө.

Бишкек

Бишкек шаары акыркы 3-5 жылдан бери айрыкча кыш мезгилинде абасы булганган шаарлардын арасынан Мумбай, Пекин, Ханой жана Тегеран менен катар дүйнөлүк рейтингде он биринчи орунда турат. Айрыкча ушул жылы декабрь-январь айларында  борборду көөлүү, кара, оор туман басып, швейцариялык аба тазартуу системасын чыгаруучу IQAirдин көрсөткүчүндө алдыңкы орунга чыкты. Дойче Велле (немис толкуну) эл-аралык массалык медиада Бишкек бир миллионго жакын жашоочусу менен дүйнөдөгү абасы эң жаман шаар деп атайын берүүгө да ээ болду https://youtu.be/9aXuUUxiqQ4. Кыргыз гидрометрдин бейрасмий  маалыматына караганда абанын булгануусу бул кышта 20 эсеге көбөйгөн.

Шаардын ышталуусунун башкы себептери катализатору жок автоунаалар, борбордук ТЭЦте чоң көлөмдө көмүрдүн жагылуусу жана түтүн чыгуучу трубаларында атайын түтүндү тазалоочу фильтрлердин жоктугу. Ыштын көбөйүүсүнүн дагы бир олуттуу себеби – көмүрдүн сапатсыздыгы. Элдин чөнтөгүнө жараша алынган начар көмүрлөр абага зыяндуу заттардын бирикмесин бүркүп, ыш пайда кылат. Мындай көмүрдүн кесепетинен үй ичин ис каптап, адамдардын өмүрүн алган учурлар да жок эмес. Айрым жеке турак-жайлар, ишканалар, сауна-банялар жана цехтер жылыткыч ирээтинде эски-уску таштандылар жана арасында каучук, резина камтылган калдыктарды колдонушат. Бөлүнүп чыккан түтүн асманга көтөрүлүп, бирок төмөнкү температурадагы абадан бат эле муздап, андан ары жогорулай албай шаардын үстүндө уюп калат.

Ыштын кесепеттери

Абанын кирдөөсүнө каршы керектүү чаралар көрүлбөсө экологиянын кескин бузулуусуна алып келет. Бул адамдардын ден соолугуна таасир этпей койбойт. Жыл сайын кыш мезгилинде шаарды ыш каптап, абада күкүрт диоксиди жана башка зыяндуу кошулмаларды пайда кыла берсе алгач аба ырайынын өзгөрүүсүнө, жаратылыштын уулануусуна бара-бара адамзаттын өмүрүнүн кыскарышына алып келет. Абадагы зыяндуу кошулмаларга буу аралашып, кислота пайда кылат. Анын жааган кар же жамгыр менен жерге түшүүсү жер бетиндеги тирүү жандыктар үчүн чоң коркунуч.

Атмосферада көп өлчөмдө уулдуу заттардын биригүүсү акыры барып озон катмарынын бузулушуна себепкер болот. Жыртылган озон катмары бир катар ооруларды пайда кылып, жердин глобалдык жылуусун тездетет. Жалпы экологиялык тутумга чоң зыян келтирет.

Ыш адамдардын ден соолугу үчүн кооптуу шарттарды жаратууда. Шаардык дарыгерлердин эскертүүсү боюнча ыштын кесепетинен жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар жана дем алуу органдарынын жабыркоосу күч алууда. 2019-жылдагы расмий статистикага караганда Кыргызстанда каза болгондордун 60 пайызы – 24 593 адам жогорудагы үч себептен улам көз жумушкан. Учурда шаардын тургундары абадан көздөрү кычышып, мурундары бүтүп, ооз менен дем алганда жагымсыз күкүрттүн даамы сезилгенин айтышууда. Экологдор, доктурлар жана активисттер элди көчөгө беткапсыз чыкпоого, сыртта спорт менен машыкпоого жана үйлөрдүн эшик-терезелерин ачпоого үндөшүүдө.

Ышка каршы чаралар

Ышка каршы Лондондун жана Пекиндин мисалындай масшатбдуу түрдө бир нече кыска жана узак мөөнөттөгү олуттуу чараларды көрүү абзел. Бишкекте кандай чаралар көрүлүшү керектиги Контенчидеги «Бишкектеги ыш (смог) жана андан арылуу жолдору» макаласында кененирээк жазылып жана бул видеодо https://youtu.be/8F5xPFQelkw да айтылат.

Ыш күч алган жумаларда массалык медиа каражаттары менен шаардын тургундары социалдык түйүндөр аркылуу добулбасты кагып, бийлик башчыларын бул экологиялык катастрофага көңүл буруусун жана чара көрүүсүн талап кылышты. Ышка каршы иш аракеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын убактылуу премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун айтымында алгач шаардын турак-жайын, Бишкек Жылуулук Электр Борборун газ менен камсыздап, бара-бара коомдук жана жеңил унааларды газ менен иштеген моторго өткөрүү керек. Бирок газды Орусиядан жана Өзбекстандан чоң көлөмдө экспорттоо бул экономикасы чабал өлкөнү көз-карандылыкка жана карызга кириптер кылат. Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоодо 2030-жылы 60%га жеткирүүгө милдеттенме алган «Газпром» быйыл газдын тарифин кымбаттатып, мунун себеби доллардын өсүшүнө байланыштырган. Мындай көрүнүш уланып отурса ЖЭБун жана транспортту газ менен камсыздоо эмес, турак-жайларды толугу менен камсыздоо оор болуп калышы мүмкүн.

Бишкектин көчөлөрүндө тыгын пайда кылган жеңил автоунаалар жана коомдук транспорт да аз түтүн бөлүп чыкпайт. Автоунаалар жыл сайын техникалык кароодон өткөнү менен эскирген машиналар уулуу түтүн бөлүп чыгарып, абаны кирдетет. Кыргызстанга машиналар көбүнчө АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония жана Германиядан ташылып келинет. 2020-жылдын башына карата жалпысынан 1,5 миллионго чукул автоунаа катталганы менен адистердин айтымында эски машиналар дагы деле көп. Айласы кеткен активисттер жана шаар тургундары тиешелүү органдарга калаа ичинде бир канча жумага же айга созулган «адаттан тыш абалды» киргизүүнү суранып, петиция жарыялап, кол чогултушууда.

Макала Жанара Кайыпбекова менен биргеликте жазылды.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x