Сагын Акматбекованын эсселери
Экөө
Өтө маанилүү маселелер каралып аткан бир чогулуш. Ал маселелерди талкуулап, эл алдына алып чыга турган он чакты киши төрдөгү президиумда. Ошолордун арасында бир киши. Орто жаш. (Орто жаш деп 40 менен 5Онүн ортосун алсак.) Бирок ал дагы эле жаш көрүнөт, бир аз толуп, богок байлаганы болбосо… Ал эми чогулушка катышып отурган элдин арасында бир аял. Ал да орто жашап калган. Бирок өз жашынан өйдөрөөк көрүнөт. Президиумдагы киши сүйлөдү. Башкалар кандай сүйлөсө дал ошондой сүйлөдү. Бир дагы жаңы сөз айткан жок. Аял угуп отурат. Угуп отуруш керек болгондугу үчүн эле угуп отурат…
Кезинде экөө тең жапжаш эле. Бири-бирин жалындап сүйүшөр эле. Бири-биринен алыс жашап, бири-бирине укмуштай-укмуштай жалындуу каттарды жазышчу. Куса болушчу. Алдына койгон максаттары да бийик-бийик, тилектери ак, аруу эле. Жолуккан сайын бирин-бири үнсүз тиктешер эле. Жолукканга ашыгышып, ошол эле учурда качышаар эле. Бири-бирине тартылып да, бири-биринен түртүлүп да турушчу. Сүйүү деген ошондой болсо керек. Сүйгөнүңө тартып да, андан түртүп да турат. Өтө жакындаба, өтө билбе, өтө жакындасаңар булганасыңар дейби? О сүйүү! Тунук, тунук, тунук сүйүү!…
Анан жылдар өттү. Экөө тең эки башка үй-бүлө күттү. Киши чоң чиновниктердин чөйрөсүнө аралашты. Ошонун аркасы менен өзү да чоң кызматка которулду. Бара-бара өзгөрдү. Аябай өзгөрдү. Сезимталдыгын, боорукердигин, аруулугун жоготту. Өз көмөчүнө күл тарткандардын катарын көбөйттү. Ал дайыма эл деп сүйлөй баштады ушундай чогулуштарда… Эл деп тили менен айтчу, дили өзүм дечү. Өзүм бай болсом, өзүм чоң болсом, өзүм, өзүм, өзүм… дечү. Аял да өзгөрдү. Ал да жоготту аруулугун… Жүзүн кабат-кабат бырыш, көзүн муң басты. Түгөнбөгөн түйшүктөр, көр оокат майыштырды. Эми алар кезинде кырчын талдай жаш, кылычтай өткүр, курч, чынчыл жигит жана аруу кыз көмүлгөн эки бейит, эки сөлөкөт. Тирүүлүгүн билгизип эми көздөрү гана жылтырайт. Эки тирүү өлүк. Силер бу экөөнү мен айткандан кийин байкап атасыңар, силерге эчтеке эмес. Ал эми бул экөөнү мурдатан билген болсоңор, аларды жоктоп ыйлагыңар келер эле, мага окшоп…
Ошол киши
…Ошол киши жалаң көйнөкчөн. Жылаңбаш. Ошол киши отуздан небак оогон. Башкалар жамгырдан качып жүгүрүп баратышат, там түбүнө, тал түбүнө корголой калып атышат. Ошол киши эч шашпайт. Өтүп баратат. Ошол боюнча өтүп баратат. Талдын жанынан өттү, мончонун жанынан өттү, машинанын жанынан өттү. Өтүп кетти. Ошол киши өтүп кеткен талдуу, теректүү, там-таштуу, жамгырлуу көчө таптакыр ээн, таптакыр кызыксыз калды. Ошондо үшүп кеткенимди сездим. Ошондо мен да ошол кишидей жалгыз экенимди сездим. Бирок ошол кишинин бараткан жагы бар. Ал баратат. Кайда баратса да баратат. Бараткан киши үшүбөйт. Мен үшүп кеттим…
Март, 1994
Тоодо жашасам
…Тоодо жашасам. Бир кичинекей үйүм болсо. Жанында булак агып жатса. Токойлор болсо. Ошолор менен сүйлөшсөм. Тумандарды кечсем. Бир чайтулгам, бир чайдоосум болсо. Булактан суу апкелсем, бетимди жуусам. Шамалды тыңшасам. Шаңшыган бүркүттү уксам. Көрсөм, айланып учканын аскалардын башында. Чырагданымдын майы түгөнсө, айды жарык кылсам. Ай жок болсо, жылдыздардан алсам жарыкты. Алар да жок болсо, көзүмдү жарык кылсам. Эч кимди күтпөсөм, жол карабасам. Жол да болбосо ал жакка бара турган. Эч ким билбесе кайда экеними. Туман менен булуттардай жок болуп кетсем, жок болор күн жеткенде. Тарап кетсем туман менен булуттардай, эч кимди түйшүккө салбай, эч кимге кайгы-муң, санаа болбой…
1997
Унчукпаган бирөөгө
…Мен сага айтып жатам. Ким экениңи билбейм. Доссуңбу, же жатсыңбы? Ким экениңи билбей сага айтып жатам. Мындан кийин телефон чалба. Түн дебей, күн дебей телефон тыңшаган күндөр небак өткөн. Сагынган, саргайган, күткөн, сүйгөн күндөр алыста. Чарчап, терезеден тийген айды карап жатам. Бузба ушул тынчтыгымды. Сындырба жымжырт дүйнөмдү.
1997
Чопо чоор
Үкү сымалданып жасалган кымындай чопо чоор бир нече жылдардан бери кооздук катары үйдө турчу. Бир сүрөтчүнүн белеги эле. Ошол чоорго кичинекей небере уулум жан киргизди. Ойноп кармап отуруп, кокусунан эле оозуна кармап бир керемет кайрыкты созду. Бир илеп бир дем менен чыгып, бир заматта токтогон бул кайрык жай согуп турган жүрөгүмдү бир булкуп алды. Капырай, тырмактай баланын ичинде ушунча куса, күйүт болобу! Жок, балада кайдагы күйүт дейсиң! Сөз менен айтып жеткире албаган бул куса, бул муң балким, ошол чопо чоордун өзүндө чыгар. Чопону ийлеп атып, балким сүрөтчү ошол учурда өзүн кыйнаган куса менен күйүттү кошо ийлегендир, ким билет…
1997