Гүлүмкан Исаева
* * *
Өзүмдөн качып жүрсөм, кабар сурап:
– кайдасың, тартынчаагым?!- деп коёсуз.
Жүрөгүм жүдөп кетти сүйүүдөн да,
Бардыгы болбойт окшойт ойдогунун.
Көңүлгө көө жугары ырас белем,
Түгөнүп калды менде ошол жомок.
Сүйүүдөн бир дөбөгө күлү үйүлбөй,
Кимдердин оту өчпөдү коломтодо.
Тагдырга шылтап коюп жашай берет,
Таалайын кармай албай учургандар
тапшырат баарын, баарын убакытка…
Таң калып бүтпөгөнүм – ушул аалам!
Түшүнүп бүтө элекмин өзүмдү да…
* * *
Жүрөгүңө жүгөн салып койдубу
Бул турмуштун агынан көп карасы?
Бир үмүттүн элесине кол сунуп
Сени күттү,
узак күттү кара кыз.
Келет дешкен күтүүлөрдүн артынан,
Күтүү деле тилек, Теңир, кабыл кыл!
Баасы болбойт,
беделиби? Бар чыгар,
Бакыт дешкен мага сенин атыңды…
* * *
Буюрган болсо эле болот дейт,
Болгондой ар иштин кезеги.
Сен ишен, үмүткө, бакытка,
Сүйүүгө ишенбе, бөбөгүм!..
Түшүңө гүл кирсин, жаз кирсин,
Көктөмдү көктөмдөй сезе бил!
Бийик бол, бекерчи сезимге,
Жүрөктү алдырба, бөбөгүм!
… Суутпа көңүлдүн көксөөсүн,
Деңиздей чайпалба, төгүлбө!.
Ачуудан айтылган сөзүм да,
Сүйүү бар! Сүй! Сүйүл, бөбөгүм!
* * *
Көздөн оолак, көмүскө
Бир жеринде көңүлдүн,
Аздек тутуп ар качан,
Аярлаган сезимсиз.
Каныңызда мырзалык,
Жаныңызда башка жар.
Ага таандык бакытсыз,
мага бакыт эмессиз.
Кереметпи Кудайдан,
Белегиби жаштыктын.
Жүрөгүмдү сиз менен,
Жоктогон бейм ашыктык.
Көңүлүмдүн төрүндө,
Аздектелген сезимсиз.
Кайра келсек өмүргө,
качандыр бир Сиз болуп,
кайра сүйүү кезиксин.
Депрессия
Көп болду көңүлүм калганы,
Келбеген күндөрдү күтүүдөн.
Ырдатат дешчү эле сүйүүнү,
Ыйлаткан сүйүү да сүйүүбү?
ал күндөр түшүмө кирбесин,
Кечтери көктөмдүү, жомоктуу.
Бир караан жөнү жок чарчатты.
Бир сүйүү жолумду жоготту.
…. Алаксып баратам жашоого.
Баш тарттым.
Ой келди жүгүрбөйм.
Тынчымды албасын бир киши,
Тынчымды албасын сүйүү да.
* * *
Көңүлү көктөмгө түспөлдөш,
Жол алган бийиктен бийикке.
Эч качан, эч кимге ийилбей,
Ийилсе ийилген сүйүүгө,
Жаштыгым, мен сага суктанам!
Тилеги өзүндөй сезимтал,
Кагылып, жыгылып көнө элек,
(Кагылып, жыгылып көнгөндөр,
Кадамың санашат көп ирет)
Канатың сынбасын, жаштыгым!