Өндүрүштү автоматизациялоо эң перспективдүү иш тармактарынын бири деп эсептелинет. Инженердик кесипке кызыккандардын көңүлдөрүн бул тармакка бургум келет.
Азыркы заманда, көптөгөн заводдор күнү-түнү тынбай иштешет. Ал эми андай үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздаган атайын котроллерлер болот. Контроллерлер адамдын оордуна 100дөгөн мотор, клапандарды контролдоп турат. Ошол эле контроллердин ичинде болуп жаткандарды заводдогу операторлор монитордон көрүп, керек болсо параметрлерди (температура, басым, агым ж.б.) өзгөртө алат. Ушундай системаларды чыгарган көптөгөн өндүрүүчүлөр бар, мисалы: Siemens, Honeywell, Emerson, Yokogawa ж.б.
Инженерлер мисал үчүн Siemens’тин PCS7 деген продукту менен контроллерди программалап, конфигурациялашат. Инженердик окууну аяктап мындай кызыктуу жумушту нөлдөн үйрөнүш үчүн, болжол менен 3-ай убакыт керек.
Мындай жумуштун кызыкчылыгы, бир программанын кыймылдаткычтарды(мотор, клапандар) туура иштетип, процессти жүргүзүүсүндө.