1. Англис тили эл аралык тилдердин бири болуп эсептелинет!
Дүйнөдө ар бир бешинчи адам англис тилинде окуп жана аны түшүнө алат. Англис тили 400 миллиондон ашык адамдын эне тили болсо, 50дөн ашык өлкөнүн расмий тили болуп эсептелинет. Дүйнөдөгү чоң семинарлар жана жыйындар англис тилинде уюштурулат, жана дүйнөлүк расмий тил болуп эсептелет.
2. Дүйнөнү дүңгүрөткөн дүйнөлүк адабий чыгармалардын көпчүлүгү англис тилинде жазылган.
Мисалга ала кетсек: Джоан Ролингдин Гарри Поттер жыйнак китептерин, Стивен Кингдин дүйнөгө таанымал фантастика чыгармаларын андан тышкары адабий чыгармалардын аталары болгон Чарльз Диккенс, Джейн Остен жана Генри Джеймстин китептерин эне тилинде окуп чыгарманын өзөгүн талдап рахат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол. Ошондуктан англис тилди үйрөнүүгө чамдан!
3. Англис тили бул билим булактарынын ачкычы. Дүйнөнүн мен деген окуу жайлары жана билим тармагы баардыгы англис тилинде окутулат. Андан тышкары бардык маалымат биздин күндө интернет айдыңдарында жайгашкан. Жөнөкөй эле көптөгөн веб баракчаларды англис тилинде түзүлөт, анан зарылчылыгы болсо башка тилдерге которулат, кээ бир учурларда которбой дагы коюшат, англис тили стандарт тили болгон үчүн. Англис тилин өздөштүрүп алып, сен дагы ушул англис тилдүү жарандар сыяктуу мүмкүнчүлүккө ээ бол!
4. Дүйнөнүн поп-культурасынын борбору (маданий тармак, кино, ыр, бий) Америка Кошмо Штаттары болуп эсептелинет. Биз билген дүйнө тасмалары, ырчы бийчилер жана ошондой эле шоу тармагы англис тилинде баарлашышат. Аябай жаккан ырларды түшүнүп жана сүйүктүү актёрлордун нукура тилде сүйлөгөнүн түшүнүү үчүн англис тили керек болот. Англис тилди өздөштүрүү менен дүйнөнүн чыгармачыл жашоосу менен түз байланышта бол!
5. Англис тили – өздөштүрүүгө оңой тилдердин катарын толуктайт. Грамматикалык сүйлөмдөрдүн түзүлүшү жөнөкөй жана логикалык структураланган тил болуп эсептелинет. Ошондуктан тилди дүйнөнүн элдери тез убакыттын ичинде үйрөнүп алууда, эгер алардын колунан келсе сенин дагы колунан келет!
Эгер бүгүнкү күнгө чейин англис тилин үйрөнүүгө шылтоо кылып жүргөн болсоң жогорудагы себептерди эстеп шыктан, жана достуруңду шыктандыр себеби англис тилин биргеликте үйрөнүү шаңдуу жана көңүлдүү болот! Дагы кандай себептер бар? Мен жазбай калган себептер болсо төмөндө пикир калтыр! Эгер пост пайдалуу болсо башкалар менен бөлүшкүлө.