“Айтматов жөнөкөй адам эле”

10-июнь улуу жазуучу Ч. Айтматовдун көзү өткөнүнө он эки жыл болду. Ал арабызда жок. Бирок, залкар жазуучу өлбөс-өчпөс чыгармалары менен адабият ааламында, кыргыз рухунда жана анын чыгармаларынан руханий гүлазык жана руханий тирек тапкан ар бир окурмандын жүрөгүндө жашай бермекчи.  

Бул эскерүүдө жазуучу менен 28 жыл чогуу жүргөн, анын ишенимин алган Улуттук Илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси, академик, айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев менен баарлаштым.

Залкар жазуучу менен узак убакыт чогуу жүрдүңүз. Бир маегиңизде “Айтматов мага өзүнө ишенгендей ишенчү” деген экенсиз…

Ч. Айтматов менен 28 жыл бирге болгон экенмин. Ал киши алыста, жакында жүрсө дагы биздин мамилебиз үзүлүп калган жок. Албетте, ал кыраакы киши болгон. Бардык эле адамдарды өзүнүн жанына алып жүрө албайт. Ал киши өзү да менин мүнөзүмдү, ички жан дүйнөмдү байкаса керек. Агайды башкалардай жүдөткөн жокмун. Көп кыргыздын жигиттери, же кыздары жолукканда өзүнүн бир көйгөйлөрүн айтып, анан ошого жардам сурап, анан кандайдыр бир кызматка пайдаланайын деп жүрүшкөндөрүн көп көрдүм. Ал кишиге кандайдыр бир маселе менен кайрылсам, анда өзүмдү ошон үчүн жүргөндөй олдоксон сезгендей болмокмун. Үй-бүлөлүк катышта да байланышып жүрдүк. Уулумдун атын Чыңгыз агай Элтуран деп койгон. Бир жолу уулум катуу ооруп калганда гана  аргасыздан агайга кайрылдым. Агай, мен сизден эч нерсе сурабайм, баламдын гана жанын аман алып калыңыз деп кайрылгам. Ал киши врачтарга чалды. Врачтарды билесиңер да карабай коюшат. Ошол сөздө турдум. Агай көп жерде сынап көрдү. Мен ушак айтпайм. Бирөөнү жамандабайм. Агай ошолордун баарын көрдү окшойт. Анан менин эмгекчил экенимди өтө баалады окшойт. Биринчи жолу 1990-жылы Ата-Бейит ачылып, атасына аш берип жатканда сүйлөгөн сөзүндө “өзүмө ишенгендей ишенем” деп айткан. Экинчи жолу Люксембургда жүргөндө “Сага өзүмө ишенгендей ишенем” деп кат жазып жиберген экен.

А. Акматалиев жана Ч. Айтматов. Париж

Дүйнөлүк жазуучулар Шекспирден Достоевскийге чейин адамдагы адамдыкты издешкен. Айтматовдун идеалдуу адамынын образы кандай эле?

Айтматовдун каармандарын биз көнүп калган оң жана терс  каармандар деп бөлө албайбыз. Адам болгондон кийин адамда жакшы да, жаман да сапаттар болот. Ал турмуштук тагдыр. Ал тагдырды ар бир адам ар кандай көтөрө алат. Айтматовдун кайсы чыгармасын албайлы өтө терс болуп кеткен образдар жок. Болсо да, ал дагы “коомдун продуктусу” да. Аларды да көрсөтүш керек. Жөнөкөй эле Ысмайылды алсак, аны качкын деп башка идеологиялык планда карап алганбыз. Эгерде ага философиялык жактан тереңден үңүлсөк, Ысмайыл согушка барса бирөөнү өлтүрмөк да. Колуна курал алмак. Экинчиден, өзү жарык дүйнөгө келип, согушта өлүп калгысы келбейт. Үй-бүлөсү, ата-энеси үчүн жашагысы келет. Мен Айтматовдун эрдиги ушул “Бетме-бет” чыгармасынан башталган деп айтар элем. Анткени ошол учурда согуш жаңыдан бүтүп, кайгы-капа кете элек учурда көп үй-бүлөлөр өзүнүн атасынан, балдарынан ажырап отурган чакта Айтматов качкын деп Ысмайылды көрсөтүп жатат. Ал учурда совет адабиятында бул теманы чагылдыруу кыйын болчу. Баатырларды даңктап- даңазалоо болчу. Башкы каарманга ошондой адамды сүрөттөгөнү жасалма эмес, адамдык тагдырды сүрөттөө.  Ошон үчүн Айтматовдун чыгармаларында адам, адамдык касиеттер бар. Ошол эле терс образдарда да адамдык касиетти көрүүгө болот. Айбандарда да адамдардан жогору турган сапаттар бар экендиги айтылып жатпайбы.

Залкар кайсы дүйнөлүк жазуучулар менен тилектеш болгон?

Айтматов өтө көп окуган адам болгон. Ал чыгышты дагы, батышты дагы окуган. Албетте, орус классикалык жазуучуларын да окуган. Өзгөчө Латын Америка адабиятынын чыгармаларын көп окуган. Анан ар бир окуганда аларды жөн эле окубай, аларга анализ берген. Окумуштуу, адабиятчы катары сөздөрүндө, докладдарында, макалаларында адабият тенденциясына саресеп салган. Өзгөчө адабиятчылар “Кылым карытар бир күн” романы чыккандан тартып эле Габриель Гарсиа Маркестин “Жүз жылдык жалгыздык” чыгармасына салыштырып изилдешип жатышат. Мен дагы “Габриель Гарсиа Маркес жана Ч. Айтматов” деген макала жазгам. Бул экөөнүн туулган жылы да, басып өткөн жолу да бир. Экөө тең турмуштук оор кырдаалды, азаптарды баштарынан өткөргөн. Экөө тең биринчи ыр жазайын деп ойлонгон. Анан журналистика тармагында да өздөрүн сынаган. Киного да киришкен. Калыптануу процесстери бир болгон. Анан албетте, чыгармаларында дагы адамзат көйгөйлөрүн койгондору, адамды ачып берүүдөгү психологизм, драматизм, конфликт, табигый жана окшоштук жалпылыктар адамзат болгондон кийин болот да. Экөөнүн чогуу түшкөн сүрөттөрү да бар.

Ч. Айтматов жана колумбиялык жазуучу Г. Маркес 

Ч. Айтматов жаштар, келечек муун тууралуу эмнелерди айтчу эле?

Ал жаштардын китеп окубай калганына аябай кейичү. Мен бир ирет гезитке “Айтматов окурмандарды китеп окууга кайтарып келди” деп интервью бердим эле. Айтматовдун 90 жылдыгына карата дагы эл жапа тырмак чыгармаларын окушту. Кыргызстандын бардык жерлеринде китеп окууга болгон дилгирлик, умтулуу болду. Кинону көрүп койгон башка, чыгарманы окуган башка. Жакшы тартылган тасма бар, жаман тартылганы да бар.  Айрым образдарды кино аркылуу элестетип калдык. Бирок кино көп учурда окуяны аттап кетет. Көп окуяларды бириктире албайт, синтездей албайт. Кээ бир окуяларды башкача трактовка кылып коет. Айтматовдун чыгармаларына тартылган кинолордун көпчүлүгү ийине жеткен эмес. Мурунку Түркия тарткан  Түркан Шорай менен Кадир Инаныр ойногон тасма эң сонун тартылган. Көргөн адам ыйлайт. Чыгарманы мимика, жесттер, көз караштар менен дагы да тереңдеткен. Орусия “Чыңгызхандын ак булутун”, Казакстан “Гүлсаратты” тартыптыр. Ачык эле жаккан жок деп айттым. Жаштарга окуш керектигин айтар элем. Кинону бир көрөсүң, кетет. А чыгарманы ар кайсы жашта окуй берсең, улам башка кырынан ачыла берет.

Жазуучунун чыгармаларынан биз социалдык реализмди, романтизмди, экзистенциализмди көрөбүз. Чыңгыз Айтматов натурасында ким эле?

Алгачкы чыгармасын албетте, романтикалык планда жазган. Ошол эле “Жамийла”, “Кызыл жоолук жалжалым”. Романтика болбосо болбойт да. Ички дүйнө, кыял, чабыт пафос менен жазылган чыгармалар. Анан албетте, кийинки “Саманчынын жолу” катаал реализмде турат. Айтматов соцреализмдин рамкасында жазды. Бирок андан чыгып кете алган жок. Ошол эле соцреализмдин мүмкүнчүлүгүн кеңейткен. Мындайча айтканда рамканы дагы да тереңдеткен. Айтматовдун чыгармаларынын баалуулугу идеяны подтекст аркылуу бергени. Көп нерселер тексттин артында турат. Мисалы мага Гүлсарат деген жакпайт. “Жаныбарым, Гүлсарым” кандай сонун. Түрктөр “Чынжырыңды үз, Гүлсары” деп которушту. Бул атта эркиндикти, көз карандысыздыкты самоо жатат. Чыгарманын өзөгү да ушул эмеспи. Соцреализмдин принцибинде трагедия оптимисттик трагедия болушу керек. Бир короо малды сактап калыш үчүн чабан өзүнүн жанын берген. Айтматов адам тагдырын трагедия коштоп жүрөт деген. Ар бир каарманда ички трагедия бар экендигин көрсөтө билген. Соцреалист болгон.

Айтматовду жазуучу, гуманист, философ деп келебиз.  Сиз 28 жыл жанында жүрдүм дедиңиз. Жазуучуну жакындан таанып калдыңыз…

Генийдин бир өзгөчөлүгү бул жөнөкөйлүк эмеспи. Жөнөкөйлүк менен генийлик биригип, жуурулушуп турса, ошондо гана адамдын ажары ачылат. Тарыхта мен гениймин деп адамдык сапатты тааныбай калгандар да болгон. Адамда адамдык сапат жана башат болушу керек. Айтматов да азап-тозокту башынан өткөргөн. Жашоосунда атак-даңкы менен катар көйгөйлөрү да көп болгон. Ал ошону көтөрө билген. Көтөрө билгени, анын көрөңгөсүнүн тереңдигине, касиетине байланыштуу. Жөнөкөй инсан болчу. Ага чоңсунбу, кичинесиңби, бийиксиңби, карапайым адамсыңбы баары бир тең болгон. Каармандары жөнөкөй адамдар болгон. Адамды баалай билген адам болгон. Кичинекей бала болсо да, ал менен сүйлөшкөн. Асыл сапаттарынын бири, бирөөнү жамандачу эмес. Бирөөнү ушактачу эмес. Бирөөгө кызыгып сурачу эмес. Үйүнө барсаң убактысын бөлүп, чайын берип жөнөтчү. Жада калса кетерде эшикке чыгып, дарбазага чейин узатып, машинаң барбы, жокпу деп санаа тартып турчу. Жашоодо жөнөкөй жашап жаткан адам болчу.

Уулу Э. Айтматов менен 
Уулу Э. Айтматов менен 

Дүйнөлүк адабияттан кимдерди окучу эле?

Орус адабиятынан Горькийди, Пушкинди, Достоевскийди, Толстойду, Тургеневди өзүнүн макалаларында жазган, айткан, аларга анализ берген. Дүйнөлүк адабиятта Хемингуэй, Шекспир, Томас Манн сыяктуу жазуучуларды айтчу.  Анан албетте, таасир маселеси күн сыяктуу. Таасир темасын күнгө салыштырсак, кимден кантип таасир тийип жаткандыгы белгисиз болуп калат. Мына ошолордун баарын окуп, өзүнө сиңирип, калыптандырган. Сөөмөй менен сайып, мобул устаты болгон деп айта албайбыз. Ауэзовду менин окутуучум деп айтчу. Бардык нерседе устат болушу керек да. Жогоруда айтылгандардын бары эле Айтматовдун устаттары болгон.

Жазуучу кантип эс алчу эле?

Бассейнге барып сууга түшкөндү абдан жакшы көрчү. Чыгармаларынын көбүн көл тарапка барып жазды. Кээде тоого барып эс алчу. Жакшы мезгил болуп турганда “Аэропорт жакта бак өсүп калыптыр.  Алма, же өрүк гүлү гүлдөп калыптыр. Жүрчү барып келели” деп калчу. Барып бир-эки саат ошонун айланасында жүрүп келчүбүз. Ал кезде фотоаппаратты билчү деле эмес экенбиз. Түшүп койсок болмок экен.

"Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан учур 
“Ак кеме” тасмасы тартылып жаткан учур 

Айтматов өзүн эмненин алдында жоопкер сезчү? Мекен, адамзат, тагдыр?

Ал үчөөнүн тең алдында өзүн жоопкер сезчү. Анын Ата Мекенди, Ата Конушту  өтө жогору баалаганы маектеринде, чыгармаларында да чагылдырылат. Чыгармаларында мекенге болгон сүйүүсүн каармандары аркылуу сүрөттөйт. Алсак “Жамийла” повестинде Сейит аркылуу көрөбүз. Мен бул туурасында “Ата Конуш, Ата Журт жана Айтматов” деген макаламда жазгам. Экинчиден, Айтматов адамзат турмушунда тынчтыкты каалачу. Мисалы “Саманчынын жолу” чыгармасында “күн сен айтчы экинчи ирет согуш болбосун десе, күн “жок сен адамсың сен айткын” деп жатпайбы. Мына ошол милдетти Айтматов айтып келген. Айтып келатат. Хиросимадагы, Нагасакидеги жардыруулардан трагедия болгондугун, жарыша куралдануу болбош керектигинен улам 1986-жылы Ысык -Көл форумун да уюштурбадыбы. Анан албетте, тагдырдын астында жооптуу болгон.

Түшүңүзгө киреби?

Каза болгондон кийин түшүмө аябай кирип жүрдү. Түшүмдө кыйналып жаткан суроолорума жооп иретинде аян берип жүрдү. Ата Бейитке жума сайын барчумун. Бир ирет убакыт таппай бара албай жүргөндө түшүмө кирип жатпайбы. “Сени билим атам, сен ошол ишти бүтүр, анан шашпай келесиң” дегендей. Ошол сөзүн карманып, азыр Манастын 20 вариантын чыгардым. Уюштуруп, элди үндөдүм. Каражат таптым. Издедим. Эгер ошондой нерсе болбосо, мен андай жоопкерчиликти ала-албайт элем деп ойлойм. Кээде кирет.

Айтматовдун идеяларын кантип уланта алабыз?

Айтматовдун идеяларын системалуу түрдө улантышыбыз керек. Буга бир эле Айтматовду жакшы көргөндөр, окугандар гана тийиштүү эмес. Бийликтен баштап жөнөкөй окурмандарга чейин ошол идеяларды алып жүрүшү керек. Мен ойлойм мааракелер менен гана бүтүп калбашы керек. Түбөлүктүү болушу керек. Ал идея ар бир адамдын жүрөгүндө жашашы керек.

Маегиңизге чоң ырахмат, саламатта туруңуз!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x