Лондондун белгилүү туманында кээде кыялдагыдай сейилдеп, бир жерге чайга киргиң келет. Бирок туман түтүн жана өндүрүштүк токсиндер менен аралашканда үрөйдү учурган өтө зыяндуу ышка айланат. Лондондун ышы кылымдар бою адам өмүрүнө коркунуч туудуруп келген. Катаал ыш бир канча күндүн ичинде миңдеген адамды өлтүрүшү мүмкүн. Бирок бул жөнүндө 1952-жылдагы 5 күндүк 12 000 адамдын өмүрүн алган ышка чейин эч ким ойлонгон эмес.
Аны «Лондондун улуу ышы» деп атап коюшкан. Ал айлана-чөйрөнүн булгануусу канчалык коркунучтуу экенин көзгө сайып көрсөтүп кетти. Туман бул жер кыртышында пайда болгон зыяны жокбулут. Туман жүрүп жаткан учурда көрүү мүмкүнчүлүгү анча жакшы болбойт. Ал губка сыяктуу, абада эмне болсо өзүнө сиңирип алат. 1200-жылдарда Лондондуктар жыгачтын ордуна көмүр жагып баштаган. Көмүр күйгөндө көө, түтүн жана күкүрт диоксиди менен ис сыяктуу токсиндерди пайда кылып, өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келет. Күкүрт диоксиди бул – күкүрттүн атому менен кычкылтектин эки атомунун бирикмеси. Ал суу менен реакция болгондо күкүрт кислотасын пайда кылып, ички органдарды жабыркатат. Ис болсо көмүртек менен кычкылтектин атомунан пайда болот. Ал гемоглобинге кошулганда кычкылтектин денеге тарашына тоскоол болот.
Лондондо көмүр жагып баштагандан баштап, түтүн, токсиндер туман менен аралашып, жыл өткөн сайын карарып, тыгыздыгы артып бараткан. Башында адамдар тумандын жагымсыз жытына арызданышканы менен санитардык кризис болгон эмес. Ал 1200-жылдар эле. Албетте жыгач отундан көмүр жакшы болгон. Ошондуктан элдер шаарды каптаган кара, сасык булуттарга кайыл болушкан. 1700-жылдардагы өнөр жай революциясынын келиши менен коркунучтар башталган. Көмүрдү үйдө гана эмес, шаардагы чоң-чоң фабрикаларды иштетүү үчүн колдоно башташкан. Чыккан көө менен түтүн туманды ого бетер карарткан. Бул көнүмүш адатка айланып, жада калса, физик Гарольд Антуан де Вое «смог» терминин ойлоп тапкан.
Өзгөчө түтүн баскан күндөрү шаардын борборун кара туман чулгап, жада калса күндүзү да жакындан эч нерсе көрүнбөй калган. Көө өпкөнү сезгентип, бронхит оорусу көбөйгөн. Абадагы түтүн жана токсиндердин көбөйүүсү тумчугуу пристубуна алып келген. 1873-1892-жылдардагы ыш миңден ашык адамдын жана мал-жандыктардын өмүрүн алган. Андан мурун канча адам өпкөсүнө ыш толуп каза болду бизге белгисиз. Көмүр Лондондун өнүгүүсүнө жол ачкандыгы үчүн эч ким муну токтотууга аракет кылган эмес. Анан «Улуу ыш» башталган.
1952-жылы 5-декабрда жылдагыдай эле Лондонду туман каптап, булганган аба менен аралашкан. Бул жолу каардуу аба ырайы тумандын тарашына жолтоо болгон. Коркунучтуу, калың кара ыш Лондонду 5 күн бою каптап турган. Ал ушунчалык калың болгондукан, аба жол каттамдары жабылып, бардык коомдук транспорт токтотулган. Адамдар сахна менен экрандагы көрүнүштөрдү көрө албай калгандыктан кино-театрлар жабылган. Бул 1952-жылы болгон, андан бери көп деле убакыт өткөн жок. Туман тараганча, ошол беш күндүн ичинде 4000 дей адам каза болгон. Көпчүлүгү дем алганда өпкөсү ышка толуп, тумчугушкан. Күкүрт диоксиди менен ыштагы буунун ортосунда реакция жүрүп, беш күн бою шаар тургундары күкүрт кислотасы менен дем алышкан. Бул түтүн менен кошулуп, ден-соолукка оор сокку болуп, кийинки айда 8000 адамдын өмүрүн алган. Натыйжада, ар бир миңинчи лондондук «улуу смогдун» кесепетинен көз жумган. Кийинчерээк өлүмдүн көбөйүшү грипп эпидемиясын пайда кылгандыгы тууралуу айтышкан. Окумуштуулар бардык себептерди иликтешкен, бирок ыштын кесепети барынан чоң болгон.
Төрт жылдан кийин парламент «Таза аба тууралуу мыйзамды» кабыл алган. Ал мыйзамда шаардын ичинде башка жылытуучу каражаттар каралган. Бул жана башка мыйзамдар Лондондо ышка байланыштуу көйгөйлөрдөн арылууга жардам берген. Бирок, бүгүнкү күндө дагы абанын булгануусу адам өмүрлөрүн кыскартып, Британиядагы миңдеген мезгилсиз өлүмдөргө кыйгач таасирин тийгизип келет. Ыштын кесепеттерине карабастан өндүрүшчүлөр мыйзамга баш ийгенче бир топ убакыт өткөн. 1960-жылдары Нью-Йоркто 16 миллион адамдын өмүрүнө кесепетин тийгизген ыш каптоолору болуп өткөн. Болжол менен ошол эле учурда кара ышка аралашкан жамгыр Бостонду каптаган.
Акыры бул көйгөйгө дүйнө жүзү боюнча бийлик башындагылар көңүл бөлүшкөн. 1970-жылдары абаны булгоо боюнча мыйзамдар олуттуу каралып, автомобиль компаниялары сапаттуу, эффективдүү кыймылдаткыч чыгарууга, заводдор таштандыларды
азайтууга мажбурланган. Таза абаны ууга айлантуу эч качан жакшы жосун эмес.
Оригинал тасма «Туман, который убил 12000 человек» (https://youtu.be/yXAI6fnnfyU) орус тилинен которулду. Тасманы кыргызчалаган топ: Mahabat Sadyrbek, Жанара Кайыпбекова, Janybek Mukashov, Токтакунов Азамат, Тариэл Чатырбаев.
Аталган ыктыярчылар мындай экологиялык катастрофанын кесепетин түшүндүрүү менен, Бишкек каласындагы ышка өз убагында чара көрүлүүсүн максат кылат. Тасма «Биринчи радио» менен дагы бөлүшүлдү.