Markdown тили жана аны колдонуу

Контентчи платформасын жайгаштырган системада текстти форматташ үчүн Markdown деп аталган тилди колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.

Биз аны Белгилөө деп атап алабыз.

Анын өзгөчөлүгү сиз каалагандай форматты көп убакыт өткөрбөй, дароо белгилеп алуу мүмкүнчүлүгү.

Белгилөөнү колдонуу үчүн редактордун түбүнөн ? сүрөтчөсүн табыңыз. Ал жогорку белгилөөчү айкалыштарды камтыйт. Ал жактан өзүңүзгө керек форматты кандай колдонсо болоорун биле аласыз.

Азыр болсо, сизди кээ бир негиздери менен тааныштырып чыгалы. Сиз булардын баарын өзүңүздүн текстиңерди ачып, текшерип көрсөңөр болот.

Текстти форматтоо

Эң эле көп колдонгон форматтар албетте, Семиз текст, кыйгач текст, жана Гипершилтемелер. Булар көбүнчө документтердин негизги бөлүгүн түзөт. Сиз бул белгилерди редактордон кое аласыз жана ошондой эле баскычтоптун жайылмаларындагы айкалыштарды колдонсоңуз болот. Мисалы:

  • CMD/Ctrl + B Толук кылыш үчүн
  • CMD/Ctrl + I Кыйгач кылыш үчүн
  • CMD/Ctrl + K Шилтеме үчүн
  • CMD/Ctrl + H Аталыш үчүн (h2/h3/h4/ көлөмдөрүн алыш үчүн, бир нече жолу басыңыз)

Болгону бир-эки ашыкча символду кошуу менен, сиз кооз, калыптанган окуяны жаратуунун алдындасыз.

Сүрөттөрдү коюуу

Сүрөттөрдүкү болсо, шилтемелердики сыяктуу эле, болгону эң башында илеп белгиси турат, ал эми шилтеме болсо сүрөттүкү:

![Image description](/path/to/image.jpg)

Computer

Тизмелерди түзүү

Тизмелерди түзүү үчүн болгону бир нече символду колдоносуз. Саналган тизмелерге, сандарды жазып чыгыңасыз. Башка тизмелерге болсо * , - же + сыяктуу белгилерди колдонуңуз. Мисалы:

  1. Идишке жумурткаларды чак
  2. Аларды аралаштыр
  3. Омлет жаса

же болбосо

  • Сүт сатып алууну унутпа
  • Мышыкка тамак бер
  • Кийинки окуяңа идея тап

Бул тизме редактордо мындайча көрүнөт: - Сүт сатып алууну унутпа

Тырмакчаларды кошуу

Эгер сиз бир кесим үзүндүнү өзгөчө белгилеп кеткиңиз келсе, сиз тексттин башында бул белгини колдоно аласыз: >. Бул текстти цитатага айлантат.

Убакыттан көз карандысыз дизайн жасаса болот, ал үчүн силер нерселердин сырткы келбетине эмес, анын маңызына карашыңар керек. Кабык убактылуу жана модадан көз каранды, ал эми маңыз түбөлүктүү.

Дизайнер Массимо Виньелли жөнүндө макаладан үзүндү

Бөлүү

Эгер сиз текст үзүндүлөрүн жазып жатып, бөлүш керек болсо, горинзонталдуу линия сизге жардам берет. Ал үчүн жаңы сапта --- белгисин колдонуңуз. Андан мындай линия чыга келет:


Биз көргөзгөн мисалдар көпчүлүк талаптарды аткарат, эгер мындан да көп билгиңер келсе Жогорку белгилөө ыкмалары менен таанышыңыз – же болбосо Контентти уюштуруу таксономиясы жөнүндө окуп чыгыңыз.

  • 2

    Бөлүш

    Лента Донат
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x