#сонун_кишилер. Массимо Виньелли

Массимо – XX кылымдагы графикалык жана өнөр жайлык дизайндын классиктеринин бири, Гелветика шрифтинин жана дизайндагы минимализмдин популяризатору. Өзүнүн элүү жылдык мансабында ал көптөгөн салмактуу иштерди аткарууга жетишкен, алардын ичинен Нью-Йорк метросунун картасы, Ford’тун логотиби, United Colors Of Benetton стили.

Мен аны Антон Реппонен’дин интервьюсунан, капыстан кездештирип калдым. Ал “Массимо Виньелли деңгээлиндеги дизайнер” деп айтып калды, башка дизайнерге болгон суктанычын билдиргенге. Ушул жерден.

Knoll эмерек компаниясы үчүн постер.Түстүү оверпринт – бөлмөлөшү, дизайнер Макса Хубердин таасири.

Мен Массимо жөнүндө маалымат издей баштап, анан 2011 жылы ал катышкан «Гельветика» аттуу тасма көргөнүмдү эстедим. Тасманы, айтмакчы, аябай сунуштайм.

OFFSET 2009 конференциясындагы лекциясында Массимо өзүнүн графикалык дизайн боюнча манифести менен бөлүшөт:

Мен графикалык дизайнды, семантикалык жактан туура, синтаксикалык жактан туруктуу жана прагматикалык жактан түшүнүктүү маалыматтык уюштуруу деп көрөм. Мага дизайн жагат, эгер ал визуалдык жактан күчтүү, интелектуалдык элеганттуу жана баарынан бийик, түбөлүктүү болсо.

Бул манифест дизайндын негизги принциптерине жарык чачат:

1. Дизайн семантикалык туура

semantically correct
Бул фразаны Массимо өтө маанилүү деп табат жана – ойлонбостон эле кыла бербей, дайыма кылып жаткан нерсеңдин чыныгы маңызын баамдоого аракет кылышың керек – деп түшүндүрөт.

2. Cинтаксистик туруктуу

sintactically consistent
Бул болсо, дизайн визуалдык жактан бирдиктүү, ал эми анын элементтери жалпы стилге жана логикага багынышы керек деген маанини билдирет.

3. Прагматикалык түшүнүктүү

pragmatically understandable
Сен дүйнөдөгү эң эле кооз нерсени жасашың мүмкүн, бирок элдер аны баалап же колдоно албаса, анда бул жөн гана убакыт коротуу.

4. Түбөлүк, убакыттын сыртында

Массимо тренд жана моданы кээ бир чөйрөлөрдө керек деп таап, ал эми дизайнга ылайык эмес деп жек көрчү. Дизайнда тренддерди ээрчүүнү, ал жоопкерчиликсиздик катары санаган жана андан оолак болууну туура көргөн.

Массимонун мансабындагы баштапкы иштеринин бири окшош чырактар болгон:

Алардын оорчун бөлүгү ак, ал эми асты кооздолгон. Массимо, буюмдагы декор менен функциясынын ортосундагы контраст дайыма аны суктандырган деп айткан. Кантип эки ушунчалык түрдүү нерсе бирге боло алат?

Vignelli Associates: Лелла Виньелли менен тандем

Массимо жөнүндө айтып жатып, аны менен 60-чы жылдардын башынан баштап, чогуу иштеген жубайы жөнүндө айтпай коюууга мүмкүн эмес: “Биз карандашты чогуу кармачубуз, эки колубуз менен”. Мындай ырааттуулук, чоң суктанууга татыктуу. Алар Vignelli Associates компаниясын түзүшкөн. Алардын биргелешкен чыгармачылык жолу боюнча Design Is Oneдокументалдык тасма тартылган. Анан дагы китеп түрүндө да тапса болот.

Массимонун эң эле артык кардары – Ню-Йорктун транспорттук системасы. Анын 70-чи жылы жазылган колдонмосун эми өзүнчө китеп түрүндө сатып алууга болот.

Graphics Standards Manual – Ню-Йорк метросунун брендкитеби.. . .
1964, миландык Пикколо жана Лирико театрларынын афишасы – ритм жана тартиптин мисалы. Бул жерде түстүк кодирование колдонулат: Пикколодо баардык орнотуулар кызыл менен жазылган, ал эми Лиррикодо болсо – кара менен.

. . .

Массимонун эң эле белгилүү иштеринин бири – метронун схемасы

Ню-Йорктун метросунун тарыхы боюнча кененирээк — бул макалада.

1972, баштапкы версияларынын бири
2012, жаңыртылган версиясы

Массимо Винеллинин цитаталары

Дизайнердин эмгектери минимализдин эстетикасы менен азыкталган. Ал өзүнүн ариптеринен кээде эле алыстаган: Akzidenz-Grotesk, Bodoni, Helvetica, Garamond жана Century Expanded. Ал ариптер жөнүндө минтип жазган:

Азыркы убактарда, ариптерди жайылтуу жанан алар менен манипуляция кылуу, өздөрүнө визуалдык кирдетүүнүн жаңы деңгээлин алып жүрүшөт. Миң арипти колдонгончо, биз бир нече гана негизгилерин колдонушубуз керек. Калгандары болсо – ыргытууга туура келет.

. . .

Жакшы дизайн – тартиптин маселеси. Ал көйгөйдүн анализинен жана баардык жеткиликтүү маалыматты чогултуудан башталат. Эгер сиз көйгөйду түшүнүп жатсаңыз, сизде анын чечими бар. Бул көбүнчө логика, бирок элес тартуу эмес.

. . .

Дизайнердин жашоосу – көрксүздүк менен күрөшүүдөгү жашоо. Дизайнер, дарыгер сыяктуу оору менен күрөшөт. Визуалдык ооруу биздин айланабызда баарык жерде, биз аны дизайндын жардамы менен даарылаганга аракет кылабыз.

. . .

Стилдер келет жана кетет. Жакшы дизайн – бул тил, стил эмес.

. . .

Убакыттан көз карандысыз дизайн жасаса болот, ал үчүн силер нерселердин сырткы келбетине эмес, анын маңызына карашыңар керек. Кабык убактылуу жана модадан көз каранды, ал эми маңыз түбөлүктүү.

. . .

Эгер силер бир нерсенин дизайнын жасай алсаңар, анда силер баардык нерсенин дизайнын жасай аласыңар.

. . .

Кардарга түшүндүрүүчү биринчи нерсе – бул жерде сиз анын каалоолорун орундатуу үчүн турбай элесиз, сиз кардардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн турасыз.

. . .

Дизайн утилитардык. Ошондуктан, дизайн искусство эмес.

. . .

Автору: Саша Окунев, /designer
Которгон: Janybek

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x