Кош бол, прокрастинация: Иштерин дайыма кийинкиге калтыргандар үчүн 5 суроо

Балким, сиз жөн гана баштоодон коркуп жатасыз?

© ROBSON HATSUKA / UNSPLASH

Прокрастинация мүнөттөрүндө(же саатарында?) өзүңүздүн жүрүм турумуңузду байкап көрүңүзчү. Бул өзүңүздү жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эмне үчүн маанилүү ишиңизди токтотуп, кийинкиге калтырып жатасыз? Эмне үчүн дайыма долбоордун бет ачарын даярдоону каалап жатып, кичинекей жана маанисиз тапшырмалар менен алек болуп жатасыз? Кээде өндүрүмдүүлүккө жетүү үчүн өзүңүзгө туура суроолорду берүү жетиштүү. Кайсыл суроолор экенин — Thrive Globalда башкаруу кеңешчи жана йога мугалими Джес­си­ка Джеш айтып берет


Бул иш мени зериктирип жатабы?

Кээде жөн гана сиз кылып жаткан нерсеге канчалык деңгээлде кызыктар экениңизди текшерүү жетиштүү. Эгер сиз зеригип жатсаңыз, аныктаңыз, бул маселе канчалык деңгээлде маанилүү. Эгер ал сизге жакпай жатса, бирок аны кылыш керек болсо, аны чечүүгө мамилени өзгөртүүгө аракет кылып көрүңүзчү.

Мисалы:

  • Тапшырманын сизге жаккан учурларын белгилеңиз;
  • процессти оюндаштырыңыз – тапшырманын ар бир “деңгээлинин” аткарылышы үчүн сыйлыктарды киргизиңиз;
  • долбоорду / тапшырманы кичинекей бөлүктөргө бөлүңүз.

Эгер сиз бул тапшырманы аткаруунун кажети жок экендигин түшүнсөңүз, андан арылууга аракет кылыңыз. Жетекчиге тапшырманын көйгөйү эмнеде экендигин, аны эмне үчүн аягына чыгаруунун кереги жок экендигин жана күч-кубатыңызды башка маанилүү иштерге кантип багыттоо керектигин так түшүндүрүп бериңиз.

Мен башка нерселер менен алектенип жатамбы?

Айрым учурларда биз үчүн анчалык деле маанилүү эместей көрүнгөн нерселерден улам биз өз милдеттерибизге көңүл бурбайбыз. Чындыгында, биз көбүнчө бизге жагымдуу же кызыктуу болбогон нерсени белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырабыз – көбүнчө мөөнөт бүткөнчө. Бардык тапшырмаларды алдын-ала бөлүштүрүп, жашооңузду жөнөкөйлөтүп, түн ичинде чоң долбоорду бүтүрүп салсаңыз болот.

Мен бул ишке жетиштүү көңүл буруп жатамбы?

Кээде биз тапшырманы бүтүрбөй туруп эле создуктура баштайбыз. Баштоо – процесстин жөнөкөй, бирок сөзсүз болгон бөлүгү. Түшүнгөнгө аракет кылыңыз – чын эле бир нерсе кылганы аракет кылып көрдүңүз беле же баштоодон коркуп жатасыз, анткени баары татаал сезилип жатабы? Экинчи учурда, план түзүп, чоң тапшырманы көптөгөн кичинелерге бөлүштүрүңүз.

Убактылуу блокторду колдонуп көрүңүз – мисалы, Помодоро техникасы. Таймерди 20 же 30 мүнөткө коюп, эч нерсеге алаксыбастан, тапшырманы аткарыңыз. Эгер ушул убакыт аралыгында таптакыр башка нерсеге өтүп кетип жатсаңыз, таймерди беш-он мүнөткө коюңуз. Буга чейин, ноутбуктагы эскертмелерди өчүрүп, ашыкча өтмөктөрдү жабыңыз. Айрым сайттарга кирүүгө тыюу салган колдонмолорду дагы байкап көрсөңүз болот.

Мен узак убакыт мурун тыныгуу алдымбы?

Эгер бир нече саат катары менен иштесеңиз, эс албасаңыз, бир маалда алагды боло баштайсыз. Чарчаганда биздин өндүрүмдүүлүк кескин төмөндөйт – бул кадимки реакция. Үзгүлтүксүз тыныгууларга көнүп калганга аракет кылыңыз жана ар бир адамга дем алыш керек экендигин унутпаңыз.

Бул ишти эмне үчүн аткарып жатканымды түшүнүп жатамбы?

Максатты көрбөсөк жана эмне үчүн бул ишти аткарышыбыз керектигин түшүнбөсөк, анда бардык мотивацияны жоготуп коюу оңой. Токтоп, ойлонуп, долбоорду бүтүрүүнүн орчундуу себептерин жазыңыз – андан кийин процесстин эң кыйын бөлүктөрүн дагы аткаруу оңой болот.

Булак: ЦЕХ / Которгон: Контентчи котормочулар тобу

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x