Психолог Сейил Калдыбаева: “Балабызды шыктандыруу аркылуу онлайн окутуудагы стрессти жеңе алабыз”

Пандемия маалында балдарга кандай мамиле жасоо керек? Балдарды онлайн окутууга кантип шыктандыруу керек? Учурда жогорудагы суроолор көп ата-энелерди түйшөлтүп, ата-эне үйдүн, жумуштун, балдарынын түйшүгүн мурункуга салыштырмалуу эки эсе алып жаткан мезгили. Адистердин айтымында, бул маселе ата-эненин психологиялык абалына таасир этип, дистресске жана депрессияга жеткириши мүмкүн. Мына ушул темада психолог, тренер Сейил Калдыбаева менен маектештим.

Саламатсызбы, айтсаңыз аралыктан окутуунун ата-энеге, балага тийгизген психологиялык терс кесепеттери эмнелер?

Онлайн окутуу пандемиядан улам бизге жакында эле келгендиктен, көп адамдарга бул жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, жаңы кандайдыр бир тартипке салууга мажбурлап жатат. Ошол себептен, бул адамда стрессти чакырат. Анан ата-энелерге дагы, балдарга дагы ар кандай психологиялык терс таасирлерди тийгизүүдө. Анткени биз буга чейинки салттуу формада комфортту сезип, өзүбүздү жайлуу сезип калганбыз. Ал эми бул жаңы формат бизди дискомфорттук, ыңгайсыз аймакка чакырып жаткандыктан көптөрүбүздө нааразычылык, ички каршылык, мойнубузга алгыбыз келбестик жаралып жатат. Муну биз ата-энелер балдарыбыздан, балдар бири-биринен агрессияга алдырып ар кандай формада көрсөтүп жатат десек жаңылышпайбыз. Бул боло турчу кадимки көрүнүш. Ар бирибиз бул процесстен өтөбүз.

Бул процесстен кантип өтүш керек?

Бул жерде мен ата-энелерди көбүрөөк жоопкерчиликке чакырат элем. Анткени бала өзүнүн эмоцияларын башкарганды билбейт, өзүнүн ички диалогу менен иштегенди билбейт. Бала эмес чоң адамдар, бул нерсеге жөндөмсүзбүз. Ошондуктан, бул учурда ата-энелерди көбүрөөк жоопкерчиликке, эмпатияга, балдарга түшүнүү менен кароого, көбүрөөк чыдамдуулукка чакырат элем. Анткени онлайн окуу бизге караганда балдарга көбүрөөк оор болуп жатат. Ачууга алдырбастан балдар окуп жатканда балдарды тынчтандырып, аларга бул нерсенин жаңы нерсе экендигин, бирок мунун арты менен аны жаңы нерсеге үйрөнүп жаткандыгын, ушул жерде туруп эле чет өлкөдө окуганга азыртадан эле көнүп жатасың деген сыяктуу ар кандай стимул, мотивация берип, балдарыбызга онлайн окутуунун позитивдү тарабын ачып бергенге аракет кылышыбыз керек. Мен дагы, көптөгөн ата-энелер онлайн окутуунун негативдүү тарабын алып жатабыз. Албетте, колдон келсе офлайн окушса жакшы болмок. Бирок, азыр биз ал нерсеге таасир бере албагандыктан жок дегенде биз балдарыбызга онлайн окутуунун позитивдүү жагын ачып беришибиз керек.

Демек, балдарды үйдө окутууга шыктандырыш керек экен да?

Ооба, бизде негизи эле шыктандыруу маданияты аксайт деп айтар элем. Анткени биз табиятыбыздан эле, балдарыбыздын жакшы жактарын белгилебестен, алардын жетишпеген кемчиликтерин көрүп ошол жактарын баса белгилегенге шыктуубуз. Ал эми анын жакшы  жактарын “Ии ушундай болуш керек,”- деп кабыл алабыз. Бирок, өзгөчө ушул онлайн окуу  маалында гаджеттер менен жакшы достошуп жатканын, технологиялык сабатттулугун жогорулатып жаткандарын баса белгилеп, Азаматсың! Сен тез өздөштүрүп кеттиңдеген сыяктуу сөздөрдү айтышыбыз керек. Биринчиден, балабыз эмнени жакшы кылат, экинчиден, мүнөзүндө кандай өзгөчөлүктөр бар жана келечекте балаңардан эмнени көрөсүңөр ушул боюнча иштеш керек. Шыктандыруунун үч эле негизи бар:

1. Бала эмнени жакшы кылат?

2. Мүнөзүндө кандай өзгөчөлүктөр бар?

3. Келечекте балаңардан эмнени көрөсүңөр? Кандай адам болушун күтөсүңөр?

Мына ушул үч нерсени балдарыбызга денесине кам көрүп, тамак берген сыяктуу жан дүйнөсүнө тамактандырып турушубуз керек. Биз көп учурда сырткы тамак-аш кенен, курсагы ток, кийими бүтүн, дептерин, компьютерин алып бердим дейбиз. Бирок, көп учурда балдардын жан дүйнөсү ачка калат. Ал эми шыктандыруу жан дүйнөнү сугаруунун бирден бир түрү. Ошол себептен ата-энелерди көп учурда мурдагыдан да көбүрөөк шыктандырууга чакырат элем. Шыктандыруу бул мактоо эмес. Мактоо бул жыйынтыкка гана айтылат. Жакшы баа алса, же жакшы жыйынтык көрсөтсө болот. Ал эми шыктандыруу бул баланын аракетине карата айтабыз. Керек болсо “3” деген бааны алган баланы да шыктандырыш керек. “Эч нерсе эмес. Азыр онлайн окутуу болгондуктан сен көнө албай жатасың бул форматка. Ошондуктан, үч болуп калды. Кийинкисинде жакшы баа аласың,”-деп айтуу кажет. Же сабактарынан кыйналып жатса, “Эч кейибегин, сенин башка сабагың жакшы болуп жатат. Сен кийин ошо
л сабакты колдонуу менен жаныңды багып кете аласың. Же ошону колдонуу менен коомго пайда алып келе аласың,”-
деп айтуу керек. Балдардан универсалдуулукту талап кылып алабыз. Ар бир баланын жөндөмү ар башка экендигин унутпашыбыз керек. Балдарды шыктандыруу ушул учурдагы стресске, оор учурга балада жакшы бир ички, психологиялык  иммунитетти пайда кыла алабыз.

Учурда ата-энеге дагы жумуш менен үйдүн ортосунда чоң жүк түшүп жатат. Ата-энелер өздөрүнө кандай кам көрүш керек?

Негизи эле стрессти позитивдүү окуялар да чакырат. Ошондуктан кандай гана кырдаал болбосун ата-энелер балдарыбыз бар экендигин эске алып, балдарыбыз бизге караганда алсыз экендигин эске алышыбыз керек. Алардын астында биз жоопкер экендигибизди эске алып, өзүбүздүн менталдык саламаттыгыбызды эске ала жүргөндүгүбүз жакшы. Өзүбүздү таштап салбашыбыз керек. Эгер кайсы бир ата-эне депрессияга түшүп кеткен болсо, сөзсүз психологго кайрылышы керек. Негизи эле депрессияга түшүп кеткен адамга психолог, психиатрлар жардам бере алат. Депрессия учурунда адам өзүнө өзү жардам бере албай калат. Стресс бул кадимки абал, бул организмдин кандайдыр бир өзгөрүүлөргө жообу. Стресстин тыш көрүнүшү бул “дистресс-синдрому” деп аталат. Ошол дистресс акырындык менен депрессияга алып барат. Демек, биз стресс абалдарына туш болгондо ошонун көбүрөөк позитивдүү жагын карап, кичинекей нерсени трагедияга айландырып ийбей бардыгын өзүбүзгө ылайыкташытырып кетсек болот деп айтар элем. Биз кырдаалды өзгөртө албайбыз. Бирок, кырдаалга карата мамилебизди өзгөртө алабыз.Ошол кырдаалга өзүбүздүн мамилебиз менен, өзүбүздун ошол кырдаалды кабыл алуубуз менен өгөртө алабыз. Үй менен жумушту баланс кылып, кайсынысы маанилүү болсо ошонусун аткарган дурус. Пандемия сыяктуу учурларда адам типологиясына карата реакция берет. Стресс менен кантип күрөшүү керек? Стресс менен күрөшүү үчүн адам өзүн таанышы керек. Өзү менен иштеш керек. Ошондо гана ата-эне үй-бүлөдөгү атмосфераны сактай алат.

Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Саламатта туруңуз!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x