Профессор Сельчук Ширин: “Аралыктан окутуу- жакыр үй-бүлөлөр үчүн чоң кемчилик болууда”

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстандын 80% калкын аялуу катмар түзөт. Билим берүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп жатканын айтууда. Мындай үй-бүлөлөрдүн баарын кыска убакыт ичинде камсыздоо албетте, мүмкүн эмес. Татаал шартта балдарына онлайн окутууну камсыздай албаган үй-бүлөлөрдү ким түшүнөт?

АКШдагы Нью-Йорк университетинин профессору, билим берүүнүн адиси Сельчук Ширин “Пандемия учурундагы билим берүүдө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдө компьютер, телевизор, интернеттин жетишсиздигинен улам, бул үй-бүлөлөр жеткиликтүү билим ала албай калышууда,”– деди.

Билим берүү тармагында 24 жылдык тажрыйбасы бар түркиялык профессор, доктор Ширин пандемия маалында билим берүү кандай болушу керектиги, ата-энелер балдарына үй шартында билим алууга кандай шарттарды түзүп бериши зарылдыгы боюнча жергиликтүү медиа каражаттарына маек берген. Маек түрк тилинен кыргыз кыртышына ылайыкталып которулду.

Сиздин пикириңиз боюнча балдар пандемиядан кандай таасирленди? Сиз бул учурда эмне менен алектендиңиз?

Пандемия башталганда мен Нью-Йоркто болчумун. Кыйын учурду башыбыздан өткөрдүк. Балдар үчүн дагы, мен үчүн дагы кыйын кезең болду. Пандемия маалында жетилген балдарга “Пандемия мууну” деп айтсам болчудай. Ошондуктан, бүткүл дүйнөдө миллиардаган балдар мектепке барбай, достору менен жолугушпай ата-энеси менен үйдө камалып отурган абалда. Бул пандемия алардын жашоолоруна терең из калтырат. Бул из жалгыз гана коомдук процесстерге, же адамдын психологиялык абалына таасир эткен жок. Бул пандемия билим берүү, медицина жана жумушка орношуу маселелеринде да көйгөй бар экендигин көрсөттү.

МЕКТЕПТЕР АЧЫЛЫШЫ ЗАРЫЛ

Мындан кийин эмне болот?

Карантин учурунда бардар үй-бүлөлөр менен жакыр жашаган үй-бүлөлөрдөгү ажырым даана байкалды десек болот. Ушул эки топтун ичинде, бардык тармактардагыдай эле, пандемия мезгилинде билим берүү жаатында олуттуу айырмачылыктар байкалды. Биринчи топ мектептер жабык болсо дагы, үйдөн үйрөнүүнү улантышты жана улантууда. Экинчи топ үчүн мектеп — бул бирден-бир билим берүү чөйрөсү. Дистанттык билим берүү биринчи топ үчүн артыкчылык, ал эми экинчи топ үчүн кемчилик. Ушул себептен бай үй-бүлөлөрдүн балдары дистанциялык билим берүүдө үйдөгү бардык ресурстарды колдонуу менен окууну уланта алышат, бирок жакыр балдар мектептер жабык турганда окуудан кур калышат. Эгер байкуш балдардын телевизору болсо, анда компьютери жок, же интернет жетишсиз.  Бирөөсү болсо, башкасы жок. Ушул себептен, мен пандемия учурунда экинчи топ үчүн мектептердин ачылышын колдоор элем.

Мектептер узак убакыт ачылбаса ата-энелерге эмнелерди сунуштайт элеңиз?

Ата-энелерге айткан биринчи кеңешим — стресске даярдануу жана стресстен арылуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү. Бул жагынан алганда чыгармачыл чечим катары «Пандемия аралдары» деп атай турган колдоо тобун түзсө болорун сунуштайм. Жубайларынан, үй-бүлөлөрүнөн, мектептерден же башка жерлерден бирдей процесстерди башынан өткөргөн тең курактуу балдары бар үй-бүлөлөрдүн чогулуп, карантиндик эрежелер боюнча бири-бири менен жолугушуусу, сүйлөшүүлөрү жана пикир алмашуусу, балдар үчүн дагы, ата-энелери үчүн дагы абдан пайдалуу болот. Экинчиден, адатта, үйдө жаңы тартип орнотушубуз керек. Балдар үйдө мектептин атмосферасын жашагандыгын, бардык үй-бүлө мүчөлөрүн байланыштырган тартипти эске алуу менен, уйку, тамак-аш жана экрандын иштөө убактысын кайра карап чыгуу керек. Үчүнчү сунушум — ушул тапта кошумча балдар менен убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалануу. Мен убакытты сапаттуу пайдалануу жөнүндө айтып жатам. Бул мезгилде балдар менен жаңы оюндарды, жаңы иш-чараларды жана жаңы долбоорлорду баштоо керек. “Балам, оку! деп айтуу жетишсиз. Мисалы, алардын кыялдарын сураңыз. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, балдардын зеригиши нормалдуу нерсе. Бул алар үчүн жакшы нерсе экендигин унутпаңыз. Алардын башында дайыма чабан болуунун кажети жок. Алар тажап кетишсин. Зерикпеген бала чыгармачыл болушу мүмкүн эмес.

“Балам, оку!деп айтуу жетишсиз.

Билим берүүдө кандай реформалар болушу керек?

Эгерде сиз коомдо адилеттүүлүктү орнотпосоңуз, адамдарга бирдей мүмкүнчү
лүктөрдү түзүп бере албасаңыз, каалаганыңызча жакшы балдарды даярдап бериңиз. Бирок, эгер сиз ошол жакшы жетилген адамдарды колдоно албасаңыз, анда билим берүү пайдасыз. Ушул себептен, мен тарбиячы катары айтар элем, ушул кылымда Кыргызстан (Түркия) балдарын жакшы билимге ээ кылгысы келсе, адилеттик менен эркиндиктин келечеги кепилдениши керек. Билим берүү жаатында жасала турган биринчи кадам ар бир адамдын катышуусу менен илимий алкакта, маалыматтар менен жасалышы керек. Маалыматка негизделген түзөтүү сөзсүз керек. Менин экинчи түзөтүү сунушум, албетте, мектепке чейинки билим берүү. Саясий эрк маанилүү. Чечилбеген көйгөйлөр жок. Болгону аны аткарууга эрк жана каалоо керек.

МЭЭБИЗДИН 90% МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ КУРАКТА ӨНҮГӨТ

Көп жылдан бери мектепке чейинки курактын маанисин баса белгилеп келесиз. Мунун себеби эмнеде?

Балдардын өнүгүүсү жөнүндө биз билген ар бир жаңы маалымат мектеп учурунда окууну баштоого кеч болуп калгандыгын көрсөтүп келет. Мээбиздин 90 % мектепке чейин өнүгөт. Биздин эмоционалдык ден-соолугубуздун негизи болгон тиркеме ушул убакта өнүгөт. Эгерде ушул кооптуу мезгилде жашы жете электерге керектүү колдоо көрсөтпөсөк, кийинки жылдарда жасай турган ишибиз тегирменге суу ташуудан турат.

Мен бир нече жылдан бери катуу кыйкырып келем: ар бир облуска университет ачуунун ордуна, ар бир конушка, ар бир айылга сапаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин ач.

Мына ошондуктан, дүйнөдө университеттин аягы жакындап келе жатканы айтылып жүрөт. Көпчүлүк жогорку өнүккөн аймактарда ​​3 жашынан баштап милдеттүү түрдө билим ала башташты.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x