Ой жеткен жерге, кол жеткирген мүмкүнчүлүк – онлайн байланыш

Онлайн, оффлайн – мезгил ыргагы менен келген жаңы терминдер. Оффлайн – биз турмушта көнүп калган салттуу көрүнүш. Ал эми онлайн жаңыча жашоо жолдорун көрсөтүүдө. Учурда онлайн, биздин жашообуздан кенен орун алды. Эң жөнөкөй мисал, электр энегиясына төлөө, уюлдук телефонго бирдик салуу, чет жактан товар алуу, сатууда таргет кетирүү ж. б. у. с. төлөмдөрдү үйдөн отуруп ишке ашыра алабыз. Андан тышкары билим алуу, иш багытында дагы актуалдуу орунду ээлей баштады. «Корона» илдетинин келиши бул байшланыштын кучак жайышына өбөлгө түздү десек болот. Адегенде окуучуларга, студенттерге онлайн түрдө окуу бир топ көйгөй жараткан. Албетте, мындайга коомчулуктун даяр эместигинен жана ден-соолукка зыян келтирээрин айтып ата-энелер кооптонушкандыгынан. Бирок башка жагынан алып карасак мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелип үйүнөн чыга албагандар аралыктан окуп иштегенге, каалаган жерден билим алууга, керек болгон учурда ар тараптын адистеринен кеп-кеңеш алууга, дагы башка чоң мүмкүнчүлүктөрдүн жаралып жатканы ырас. Интернет мурда көңүл ачуу жана мааламат алуу куралы болсо, эми каражат табуу булагына айланган.

Учурдун талабына жараша агым менен…

Бул нерсеге мен өзүм да күбө болдум. Үйдө отуруп онлайн курстарды окуп, IT тармагынан да билим алып жатам. Учурдун жана келечектин актуалдуу кесиптеринин бири болгон IT боюнча билим алууга, ал гана эмес тажрыйба топтоого, жаңы чөйрө табууга мүмкүнчүлук түзүп берди. Канчалаган долбоорлор, иштер аралыктан байланышуу аркылуу максатына жетээрине күмөнүм жок. Аралык мурдагыдай тоскоолдук жарата албай калгандай сезилет. Барган сайын IT тармагын онлайн түрдө окутуп жаткан курстар көбөйүп баратат. Алардын ичинен мен окуган «Жылдыз Академиясы» уюштурган IT боюнча билим берүүдө спонсорлор жана менторлор дүйнөнүн ар кайсы тарабынан биригишип, канчалаган кыргызстандык жана башка өлкөлөрдө жашап, иштеп жүргөн мекендештерибизге кол сунуу менен жол ачты. Окуу процесси менен бирге дүйнөнүн ар тарабындагы бир топ мекендештерди бир максатта биригип, иш алып баруусуна өбөлгө түздү. Ошол аракеттердин бири, борборубуз Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында тез аранын ичинде мыкты деңгээлде уюштуруулган, IT CLASSIC A кайрымдуулук концертине күбө болдук. Жана бул долбоорлор иштерин дагы уланып жатышат.

Өнүгүү мүмкүнчүлүгү колуңузда.

Каалаган жериңде жашап, дүйнөнүн ар тарабынан билим алып, жумушка орношуп ойдогудай каражат табуу, оюңда жашап жүргөн кыялдарды ишке ашыруу эми жомок эмес, чыныгы турмуштук көрүнүш. Техниканын өнүгүүсү ылдам темп менен өсүп жаткан заманда онлайн мүкүнчүлүгүн туура колдонуп, өз пайдасына жаратуу ар бир замандашыбыздын колунда экени талашсыз.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x