Notion — бул эмне, аны кантип колдонуу керек?

Notion бул башкаларга салыштырмалуу жаңы кызмат (сервис) ноталарды жана тексттик документтерди, иштер тизмелерин, маалымат базаларын, электрондук жадыбалдарды, канбан такталарын, билим базаларын, долбоорлорду башкаруу жана кызматташуу үчүн кызмат.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул сиздин электрондук дептериңиз.

Баса, Notion — “ноушн” деп окулат )) “нотион” эмес.

Notionда эмне кылса болот?

Notion’ду канчалык көп колдонсоңуз, ошончолук ар кандай функцияларды жана опцияларды табасыз.

Жеке колдонуу

Notion’дун жеке колдонуу чөйрөсү абдан чоң. Сиз аны жазууларды жүргүзүү, аткарыла турган иштердин тизмесин түзүү, жеке күндөлүк же адат трекер жүргүзүү, үй жумуштарын уюштуруу же жыл үчүн максаттардын тизмесин сактоо кызматы катары колдоно аласыз.

Билим базасы

Жеке сизге ыңгайлуу болгон фильтр жана навигациялар менен өзүңүздүн кичинекей википедияңызды түзүңуз. Сиз аны өзүңүз үчүн долбоорлоп, кесиптештериңиз менен бөлүшө аласыз, жада калса коомдук доменге кое аласыз (бул дээрлик онлайн курс болуп калат). ******

Бул сөздөр азыр сизге түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок бир айдан кийин сиз түшүнөсүз.

Толук маалыматты интернет желесинен издесеңиз ар түркүн маалымат табасыз. Сиз азыр жаңыдан IT дүйнөсүнө кирип баратасыз, интернеттен издегенди үйрөнүнүз, сизге чон жардамы тиет!

  • 23 Comments
    1. Эн жакшы колдонмо, ар дайым жанында жанан эскертме катары жакгы экен. Мен мисалы базарга барып кээде ала турган кээ бир нерселерди унутур калам. Уйронуп алсак ынгайлуу кызмат болгудай

    2. Кун сайын технология онугуудо, Чырак долбоорунун уюштуруучуларына чон рахмат, аяладр кыздар учун ушундай мумкунчулук.
      Билимдуу эне -жаркын келечек

    3. «Чырак» долбооруна жана уюштуруучуларына чоң рахмат.
      Билгенден билбегенибиз көп экен, андыктан замандын агымы менен өнүгүүнү карай умтула берели.
      # Ишиңиздерге ийгилик!

    4. Мен ноушенге катталганымда озум учун дегенди эмес команда учун дегенди басып алыпмын. Ошону озум учунго кантип котором. Же команда учун деген страница менен уйроно берсем болобу?

    5. Чырак долбоорунун уюштуруучуларына ото чон ыраазылыгымды билдирем, мына почта ачуу б а эле канча суроолорго жооп беришти, нервдерине рахмаааат, (железный экен )Ушунча Адамдар, Аялдар ,кыз келиндер алкыштап атшат ,ойлойм мындай жылуу коменттер да чон мотивация болот деп

    Добавить комментарий

    Контентчи

    © 2026 Контентчи