Легалдуу жана легитимдүү

Келиңиз урматтуу окурманым, биргеликте өсөлү, өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Сапаттуу, сабаттуу, легитимдүү иштерибиз менен дүйнө элинин жүрөгүнөн орун табалы, азганакай өмүрдөн Алланын алдына жүзүбүз жарык баралы.

🤔 Легалдуу жана легитимдүү

📌 Салам урматтуу окурманым. АйТи тармагына аралашып келе жатканыма туура 3 жыл болуптур. Бул арада көп нерсе билдим, көп нерсе үйрөндүм, ошол эле учурда, дагы көп нерсени билишим керек экенин дагы да жакшылап түшүндүм. Жакын арада эле дагы бир сонун нерсени билдим, жана ошону жашообузга алып киришибиз керек экенин сездим.

📌 2020-жылы карантин айларында окуп баштагам. Туура май айларында Жылдыз Академиде окуубуз башталган.

📌 1 жылдай убактым окуу менен өттү. Кийинки жылдан тартып анча-мынча иштеп, бир аз болсо да АйТи тармагынын даамын татып, тыйынын таап курсак тое баштады. Өз билгенибизди курс кылып, башкаларга үйрөтүп, команда топтой баштадык.

📌 3-жылга киргенден тартып аздан болсо да командабыз менен программалык камсыздоо (разработка) кыла баштадык.

Ушундай болуп алдыга жыла баштаганда, адам деген ушундай экен, дагы да өскүсү келет экен, дагы да башкаларга пайдалуу болгусу келет экен. Ишибиз, компаниябыз чоңойсо, командабыз чоңойсо, дагы көптөгөн программаларды иштеп чыксак, дагы коптогон колдонмолорду элибиздин керегине жаратсак деп ойлонбой койбойт экенсиң. Айрымдары ушуга дагы шүгүр дейли, курсак ток, кайгы жок ушинтип кете берели дейт, мен андай дей албайм.

📌 Иштерибиз сапаттуу жана сабаттуу болушу үчүн эмне кылышыбыз керек деп көп ойлонуп, кесиптештерибизди дагы көп ойлондура баштадым. Курстардын катышуучуларына чейин эмне кылсак дагы жакшы болот, эмне кылсак сапаттуу болот деп сурай баштадым.

Мына ушул учурда кызык нерсе болду. Көп адам окуталы, көп реклама берели, белгилүү адамдарга реклама кылдыралы деген сунуштар келип баштады.

📌 Анан мен суроо салдым, көп адам окутуу легалдуу ишпи?

Албетте легалдуу иш, бирок ушундай кылган ишибиз канчалык легитимдүү деген суроо пайда болду. Адам өзүм пайда тапсам болду деп эле, легалдуу болсо эле болду деп иштей берүүсү эптеп курсак тойсо болду дегенге эле окшоп калдыбы дейм да. Бир келген өмүрдө, аркабызда жакшынакай бир ишибиз калбаса, легалдуу иштерибиз, легитимдүү болуп, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таппаса, анда акча тапканыңдын деле, анчалык адамды окутканыңдын деле кимге кандай пайдасы бар.

📌 Алгач аз адам менен сапаттуу иш жүргүзөлү, ал аз адам, бир күн келип 100 миңдеген адамга сапаттуу кызмат көрсөтө турган, бүт дүйнөгө пайдалуу иштерди кыла турган эң мыкты эр азаматтар болсо деп ойлойм.

📌Келиңиз урматтуу окурманым, биргеликте өсөлү, өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Сапаттуу, сабаттуу, легитимдүү иштерибиз менен дүйнө элинин жүрөгүнөн орун табалы, азганакай өмүрдөн Алланын алдына жүзүбүз жарык баралы.

Бүгүн менин туулган күнүм

✍️Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 18-май, 2023-жыл.

  • 2

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x