Жакшы ЭНЕ болуу максатында, жаңы өсүп келе жаткан баламда кандай өнүгүүлөр болуп жатканын жана боло турганын билүү үчүн CACHE level 3 (жаңы төрөлгөндөн баштап жети жашка чейинки балдардын окуутучусу же тарбиячысы) курсун алдым. Окуу процессинде мени таң калтырган жаңы термин менен тааныштым. Ал дислекция болчу. Дислексия менен жабыркаган балдарга тамгаларды айырмалап эстеп калуу, сүйлөмдөрду окуу жана жазуу процессин өздөштүрүү башка балдарга садыштырмалуу кыйла кыйынчылыкка турат.
Кээ бир туугандарымдын же мектепте кээ бир окуучулар окуу процессин башка балдардай бат өздөштүрө албай, нечен жолу “көк мээ”, “башы иштебейт” деген, баланын өздүгүн талкалоочу сөздөрдү угушуна көп жолу күбө болгом. Азыр окуп, билип, ошол балдардын тагдырына боорум ооруйт. Билинбей, көрүлбөй калган дагы канча тагдырлар бар…! Балким ал балдарда дислексия менен же башка бир себеп менен окуу процессин өздөштүрө албагандыр… Балким алардын да тагдырында “Звёдочка на земле” фильминдеги агайдай АДАМга жолукса, балким азыркы коомубузда жаратман, илимпоз жана эң башкысы өзүн жашоодо тапкан адамдардын саны көбүрөөк болор беле…