Маалымат заманыбы же маалымат таштандысыбы?

фото

🚰 Бир учурда маалымат табуу өтө кыйын эле. Башка жактарда билбейм, айрыкча биздин Нарында эч кандай маалымат табылбайт болчу. Биздин мугалимдер сабакта тапшырма бергенде ушул боюнча “китепканадан эмне тапсаңар жазып келгиле, болбосо шарты барлар Бишкекке барып, Ленин атындагы китепканадан жазып келсеңер болот, болбосо кыйнамай жок” деп абдан түшүнүү менен мамиле кылышат эле.

🪞Элестетип жатасыздарбы? Азыр кандай? Балким күлкүңүз да келип жатса керек…

🛋 Азыр болсо, маалымат деген ушунчалык көп. Берилген тапшырмага кайсы маалымат туура келерин да билбейсиң.

🛒 Дал ушул макаланы жазып жатканда, бүгүнкү кездин издөө боюнча эң көп колдонулган Гугл сайтына “how many books in the world 2020” деп издегенимде

🎁 69 секунданын ичинде 9 миллиардга жакын маалыматты таап чыгып берип салды.

🧮 Эми элестетип көрүңүз, мен бул маалыматтын анык экенин такташым үчүн, ошол 8730000000 маалыматтын бардыгын ачып, окуп чыгып, анан туура маалыматты бере алышым мүмкүн нерсеби?

🔓 Албетте жок, демек, мындай учурда, биз эмне кылышыбыз керек? Болгону туура маалымат издөөнү, туура издөөнү гана өздөштүрүп алуу жетиштүү.
Эми, келиңиз, жакшылап ойлонуп көрөлү, ушул маалыматын бардыгы дүйнөдө азыркы учурда канча китеп бар экени боюнча жазылганбы? Ушул 9 миллиард маалымат ушул суроого жооп береби?

🔰 Жок, айрымдары жөн гана китеп деген сөз менен байланышы болгону үчүн чыкты. Бул суроого, так жооп катары, 2010-жылы гана так жооп айтылган экен, ошону эң туура көрүп, эң жогоруга чыгарды, дагы бир аз аракет кылсак дагы бир аз кийин жарыяланган маалыматтарды табышыбыз мүмкүн.

✅ Бүгүн маалымат өтө көп, интернеттен каалаган маалыматты тапса болот. Бирок, туура маалыматты табуу, туура нерселер менен жашоо абдан татаал.
Мунун ичине социалдык тармактарды, маалымат издөө үчүн колдонулган флатформаларды да туура колдонуу керек болуп калат.

♻️ Гуглдан сиз кандай маалыматты издесеңиз, Йутубдан кандай видеолорду издесеңиз, алар сизди эстеп калышат да, эмки киргениңизде, сиз издебесеңиз деле, жогору жакка ошондой маалыматтарды сизге көрсөтүп коюшат. Инстаграмда, фейсбукта, Тик-Токто сиз кандай видеолорду канча мүнөт көрдүңүз, канча секунда көрдүңүз, кайсы видеону кайра кайтып келип көрдүңүз, кайсы маалыматка лайк бастыңыз, мына ушунун баарын сиз каалабасаңыз деле алар эсептеп жатышат.

✅ Ооба, демек, ушунчалык маалымат көп болуп турган заманда, маалыматтын таштандысында калып, өзүңүздү жок кылып ала электе, интернетти жана соц тармактарды туура пайдаланууну сунуш кылабыз.

✅ Өзүңүздүн тармак боюнча гана маалымат издеңиз, соц тармактарда жөн эле лайк баса бербеңиз, чын эле сизге жактыбы, жагып эле калбастан, сизге пайда бердиби же жөн эле көңүлүңүздү көтөргөнү менен, бул маалыматтын сизге пайдасы жокпу. Бул нерселерди жакшы анализ кылыңыз. Шашпаңыз, ойлонуңуз анан лайк басыңыз же бөлүшүңүз.

⚠️ Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев, Токмок шаары, 30-январь, 2022-жыл.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x