Марк Цукерберг 2030-жылга чейин коюлган ой-максаттары жөнүндө

Марк Цукерберг байкебиз 2030-жылга чейин коюлган максаттарын жана жакынкы он жылдыкта эмнелер болорy жөнүндө айтып берди.

Баары жакшы көргөн Facebook компаниясынын негиздөөчүсү бир чоң макала чыгарды. Салт боюнча жыл сайын максат коюдан баш тартып, анын оордуна дүйнө жүзүндөгү жана өзүнүн жашоосун 2030-жылга чейин кантип өзгөртөөрүн жазды. Түшүнгөнүмдү жана кызыктуу ойлорду ылдый жактан окуй аласыздар.

Цукербергдин сөздөрүндө так маалыматтар анча деле көп эмес, бирок жалпы айтылгандар кызыктуу.

Муун алмашат.

Цукерберг Facebook’ту жаңы чыгарып жаткан убакыттагы жаш муундардын сөзүн эч ким укпайт деп ишенип, ошондуктан аларга өзүлөрүнүн оюн бөлүшүү үчүн платформа жазап берген. Эми болсо дүйнө жүзүндөгү көп кишилерде өз үнү бар, бирок, тилекке каршы, ал мүмкүнчүлүктөр бийликте, муун алмашканга жардам берген жок.

Бирок 2030-жылга чейин өзгөрүү болуш керек, анткени жылдан жылга бийликтин көбү миллениалдарга өтө баштайт. Facebook’тун негиздөөчүсү кайрымдуулук фондунун жардамы менен аларга жардам берүүгө ниеттенет: жеке окуу, жаш ишкерлер, окумуштуулар жана лидерлерге каражат бөлүп берет.

Жаңы социалдык платформа.

Адамдар бири-бирине жакын экен деген сезимдерин кайрадан алып келиш үчүн, алар чакан уюмдарга биригишет деп божомолдойт. Интернет дүйнө жүзүндөгү ар бир адам менен байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзүп, андан соң кайсыл жерде жашабагын, мамилелерди түзгөнгө жардам берген. Аны менен кошо жакындарыңды сагынуу маселелерин жаратты. Келечектеги он жылдын ичинде социалдык инфраструктура эми алмашат, ошол жакындарды бириктирүү үчүн. Цукербергдин ою боюнча, бул инновацияларды киргизиш үчүн эң толкундура турган тарап:

«Мен кичинекей шаарда жашаган кезде, өзүмдү пайдалуумун деп сезген оңой жолдор табылчу. Эми айланаңда миллиарддаган адамдардын арасында өзүңдүн баалуулугуңду табуу оор болуп калды.»

Мүмкүнчүлүктөр борбордук эмес болот.

Facebook мындан дагы көп жеке ишкерлерге жардам көрсөтөт – азыркы кезде мекеменин платформасы 140 млн ишкерлерге өзүлөрүнө кардарларды табуу үчүн жардам берип жатат. Келечектеги он жылдыкта Цукерберг жаңы коммерциалык жана төлөй турган инструменттерди жазаганга аракет кылат, алар жеке кичинекей ишкерлерге, жаңы технологияларга жол ачат. Мисалга алсак, ар бир колдонуучу өзү жаcаган нерселерди Instagram’дан сатып, кардарлар менен Messenger аркылуу сүйлөшүп, алыс жакка WhatsApp аркылуу акча жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«Күчтүү экономиканы ийкиликтүү адамдар түзүшөт. Ал эми ага жетишүү жолдорунун бири – бул чакан ишканаларга технологиялык компания болуп өсүшүнө эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү керек.»

Жаңы технологиялык платформа пайда болот.

90-жылдары жаңы технологиялык платформалapдaн болуп компьютер, 2000-жылдары интернет, 10-жылдары смартфон пайда болго. Алардын күчтүү жактары өз убагында адамга табыгый жана түшүнүктүү болгон. Келе жаткан он жылдыкта смартфон эң керектүү гаджет бойдон калат, бирок аны менен кошо дагы жаңысы пайда болот. Мисалы, реалдуулук толуктоо көз айнектep. Цукербергдин ою боюнча, AR жана VR жаңы технологиялары азыркы коомдун көптөгөн талаптaрын жaнa маселелерин чечет.

«Бүгүнкү күндө жумуш издөөнүн максатында көптөгөн кишилар башка шаарларга көчүп кетүүнү каалап жатышат, бирок ал жерлерде батирлeрдин аз экенин билишпейт. Oшондуктан үйлөрдүн баалары аябагандай өсүүдө, а бирок сапаты азайып жатат. Эми элестеткиле, силер каалаган жерде жашасаңар болот дагы, каалаган жумушуңарды каалаган жерде ала аласыңар.»

Башкаруунун жаңы формасы пайда болот.

Facebook’тун чоңу, интернет санарип башкаруу – бул жакынкы он жылда эң чоң суроолордун бири деп эсептейт. Facebook сыяктуу чоң платформалар ар дайым ачык айтуу жана коопсуздуктун, закон жана жеке менчик, ачык жана жабык данныйлардын ортосунда компромис издөөдө. Бул суроодо туура жооп табыла элек, бирок баарынан мурда элдин реакциясына көңүл буруш керек. Бирок жеке компаниялар жалгыз эле жоопторду кабыл албашы керек. Мисалы мамлекет цифровой коомун башкаруу жана добуш берүү үчүн закондорду даярдаш керек. Биргелешип, аларга өздөрүн өзү башкаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериш керек

– деп бөлүштү.

Текстти которгон: Азамат Токтакунов, каталарын оңдоп берген Гүлбарчын Жаныбек кызы үчүн чоң рахмат!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x