Кыргызстанда акыркы убактарда менталдык арифметканы окуткан окуу борборлору көбөйгөн. Бирок алардын ичинен суурулуп чыгып өздөрүн эл аралык аренада көрсөткөндөр аз. Ошондой сапаттуу билим берип, балдардын жөндөмүн ачкан окуу борборлорунун бири “Интеллект” окуу борбору. Аталган окуу борбордун окуучусу 12 жаштагы Нурболот Исматиллаев өзгөчө жөндөмү менен жакында эле Орусиядагы “Таң калычтуу адамдар” көрсөтүүсүндө калыстарды таң калтырды. Мына ушунун баары Жакшылык Матанов жана анын командасынын эмгеги. Кыргызстанды билим менен дүйнөгө таанытууну максат кылган Жакшылык Матанов менен маектештик.
– “Интеллект” окуу борборун кантип ачып калдыңыз эле?
– Негизинен “Интеллект” окуу борбору 2016-жылы түптөлгөн. Андан бери төрт жыл аралыгында максималдуу деңгээлде өз сапатыбызды көрсөткөнгө аракет кылдык. Алгачкы эки жыл биз эч кандай олимпиадаларга, теле шоулорго чыгарбай балдарга сапаттуу билим берүүгө басым жасадык. “Бизден эмнеге өзүңөрдү жарнама кылбайсыңар, аз эле балдарды окутуп жата бересиңер” деп айтып калышчу. Мен “Тез күйгөн нерсе тез өчөт. Биз жарнама менен эмес, өзүбүздүн жыйынтыгыбыз менен жарнамалайбыз” деп айтчумун. Жалпылап айтканда “Кембриж”, “Оксфорд” аттуу мектептердин тарыхы жүз жылдап барат. Эмне үчүн биздин Кыргызстанда ошолорго окшогон абройлуу мектептер болбосун. Ага мүмкүнчүлүк бар. Биздин мугалимдердин, окуучулардын ага акылы, эрки, мүмкүнчүлүгү да жетет. Биздин куру пиар менен бала чогултуп, эки жылдан кийин жабылып калуу деген максатыбыз болгон эмес. Биздин максатыбыз буйруса жүз жылдык. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса, бул алгачкы эле кадамдар. Биздин ийгиликтер бул ийгиликтердин башталышы. Кылар иштер, ийгиликтер али алдыда. Биздин максат – Кыргызстанды дүйнөгө билим менен таанытуу. Азыр Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныткан жокпуз. Бул кичинекей эле нерсе болду. Негизги максатыбыз – Кыргызстанды “Интеллект” деген мектеби бар деген ат менен дүйнөгө таанытуу. Албетте, буга эмгек, убакыт жана аракет керек.
– Буга чейинки ийгиликтериңиздер менен бөлүшө кетсеңиз?
– Өткөн жылы Арсен Рахымбеков “Калкулятор бала”, Галкиндин берүүсүнө барган Альбина Орозакунова, “Central Asia Got Talent” таймашында финалга чыккан биздин команда “Интеллект”, андан кийин эле кечээ жакында Нурболот Исматиллаев деген биздин окуучу чыкты. Бул теле-шоу программалар. Ал эми эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырып келебиз. 2018-жылы Германияда өткөн дүйнөлүк олимпиадада эң кичинекей биздин Арсен Рахымбеков деген балабыз катышкан. Бул олимпиадага бир гана балдар эмес, чоңдор да катышкан. Арсен топ-10го кирип, 8-орунду багындырган. Ал эми андан кийинки 9-10-орундарды Улуу Британия, Кытай, Франция деген өлкөлөрдөн барган катышуучулар алган. Ошол жерде Кыргызстанды тааныган өлкөлөр болгон. Биздин “Интеллект” командасы олимпиадаларда өзүн көрсөтүп, башка өлкөнүн командаларын сестентип, таасирлентип калды. Мен ишенем, биздин жаркын келечек мына ушундай балдардын колунда. Болгону аларга туура багыт беришибиз керек.
– Сиздердин окуу борбордун Кыргызстандагы башка окуу борборлордон айырмасы эмне?
– Биринчиден, биз өзүбүздүн окуу методикабызды иштеп чыкканбыз. Методикабыз кыргыз балдардын психологиясына, жөндөмүнө жараша иштелип чыккан. Программаны эч кандай Орусия, Япония, Кытайдан сатып алган жокпуз. Негизи дүйнөлүк менталдык арифметиканын методикасы бири-бирине окшош. Биздики бир аз башкачараак. Ошондуктан балдарга жакшы таасир этти окшойт. Экинчиден, биздин балдар кандай гана олимпиада же конкурс болбосун, аркабызда алты миллион элибиз бар. Кыргызстанды дүйнөгө таанытышыбыз керек. Желегин ылдый түшүрүп албашыбыз керек деген мекенчилдик сезим менен чыгышат. Жеке мен утулуп калсам атам-апам урушат эмес, жоопкерчилик чоңураак. Бир гана өздөрү үчүн окуп, ийгиликке жетейин эмес, өлкө үчүн окуу деген принцип менен окушат. Башкача үмүт, максат менен окугандыктан ийгиликке жетишип жатышат.
– “Айыл Camp” лагерин да сиз негиздеген экенсиз…
– “Айыл кемп” этно лагерин жайында уюштуруп турабыз. Үч жыл болду. Ар бир сезондо 300-400дөй бала барып
эс алып келет. Негизи шаарда өскөн орусча, англисче сүйлөгөн балдар барышат. Негизги максат – балдардын кыргыз тилине, үрп-адатына, каада-салтына, кыргыз элине, мекенине болгон сүйүүнүн уругун таштоо. Үч жыл аралыгында “Менин балам такыр кыргызча сүйлөй албайт”,- деген ата-энелердин балдары кыргызча ырдап, кыргызча сүйлөп, кыргыз тилге болгон сүйүүлөрү ойгонду. Лагерде балдарды мажбурлап эмес, болгону аларга мекенди сүйүүнүн уругун эле таштап коёбуз. Ал урук бара-бара өзү чоңоёт. Биз кыйнап эч нерсеге жетишпейбиз. Биз сүйдүрүп көп нерсеге жетишебиз.
Андан сырткары лагерде бадырак куурушуп, боорсок жасап, устукан тартуу, койдун кандай союлганы көрсөтүлөт. Балдар кыргыз экенине сыймыктанып кетишет. Бул улуттук идеология. Аны мамлекетке жүктөп коюп, карап отуруу туура эмес. Тамырыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Биздин улуу муундар бизге көрсөтүп жаткандыктан, биз дагы өзүбүздөн кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Кантип? Мына ушундай жолдор менен. Азыркы Z мууну 5–6-класстагы балдар такыр башка муун. Ой-жүгүртүүлөрү, маалыматты кабыл алуулары башка. Аларды да бирөө тарбиялашы керек деген максатта бул долбоор ишке кирген.
– Сиздин пикириңиз боюнча креативдүү, балдардын жөндөмүн ача турган билим берүү кандай болушу керек?
– Билимдүү коомдон эки түрдүү адамдар чыгат. Анын бирөөсү мамлекетине, элине пайдасы тийбеши, а экинчисиники тийиши мүмкүн. Кыргыздын билимдүүлөрү толтура. Көбү чет өлкөдө жүрүшөт. Жеке кара курсактын айынан жүргөндөр бар. Эми бул айла жоктун айынан болуп жатат. Аларды патриот эмес деп айта албайм. Экинчи түрү мамлекеттин өнүгүшүнө түздөн-түз салым кошкон адамдар. Мисалга алсак, таштанды карап жүргөн селсаякты көргөн апасы баласына “Кара балам, эгер билимдүү болсоң мобул селсаяктай болбой, жакшы жерде иштеп, жакшы маяна аласың дейт. Ошол эле селсаякты көргөн башка бир эне “Кара балам, эгер билимдүү болсоң ушундай селсаяктар өлкөбүздө болбойт, аларга жумуш ордун түзүп бересиң”,- деп айтат экен. Бир эле окуяда эң башка таалим-тарбия, эки башка көз караш чагылдырылып жатат. Биз балдарга ушундай мүмкүнчүлүктү, мамлекетке болгон жоопкерчилигин сездиртип чоңойтушубуз керек.
Багытыбыз, идеологиябыз ушундай болгондо гана кандай кыйынчылык болбосун, өлкөнү алдыга сүйрөп кете алат. Мисалы, мен деле Түркияда окудум. Ал жакта калып, Европага чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок бир эле максатым мамлекеттин эртеңи болду. Келечегибиз ойлондурду. “Башка жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол” деген принципти кармандым. Балдарым өнүккөн өлкөдө жашашын кааладым. Биз ишти баштаганда баарын нөлдөн баштадык. Оор күндөр болду. Кыйналдык. Бирок аракет кылдык. Аракет кылганга Кыргызстанда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанга салым кошом деген адамга жолдор толтура.
– Бир маегиңизде “Бала деген чоң бизнес” деп айткан жайыңыз бар…
– Ар бир ата-эне баласынын ийгиликтүү болушун каалайт. Кыргызда жакшы сөз бар “Төрөлгөнүнө эмес, турганына сүйүн” дейт. Эгер балаңа жакшы инвестиция кылып, ага билим берип, ыймандуу кылып, мамлекетти сүйгөн, элге кызмат кылган, ата-энесине, бир туугандарына күйүмдүү, мындайча айтканда “адам” кылып чоңойто алсаң, ал сенин жашооңдогу бизнесиңди бутка тургуза алдың деген сөз. Баланы интеллектуалдык, руханий, материалдык, моралдык жактан келиштирип чоңойтсо бизнестин туу чокусуна чыккандык. Эгер баланы материалдык жагы менен гана камсыздап чоңойтуп, башка жагынан аксатып, жарды кылсаң кайра ордуна келгис чоң чыгымга учураганың. Ата-эне карыганда башына түшкөн мүшкүл болгон балдар бар. Бул менимче, жашоодон банкрот болуу. Кайра экинчи жолу мүмкүнчүлүк берилбейт.
– Сиздин оюңуз боюнча азыркы ата-энелер эмнеден аксап жатышат?
– Бүгүнкү ата-энелер укуктарын билишет, милдеттерин билишпейт. Ата-энелик милдетти окуп, билип алышса жакшы болмок. Эгер милдетти билсең укук өзүнөн-өзү калыптанат. Ар бир ата
-эне милдетти ар башкача кабыл алат. Азыркы учурда айрым ата-энелер фанаттык деңгээлдеги тарбияга өтүп кетишкен. Такыр эле динчил, батышчыл, орусчул, улутчул болуп алган. Менимче, бул туура эмес. Биз бир гана кыргыз болуп, бардык жактан жетилген балдарды тарбиялашыбыз керек. Бардык нерсе чеги менен болушу керек.
–Сиздердин окуу борбордо дагы эмнелер үйрөтүлөт?
– Бизде эң негизгиси менталдык арифметика үйрөтүлөт. Мындан тышкары, эске тутум. Биз эске тутум боюнча Дүйнөлүк Асоссициясынын өкүлү болгонбуз. Аны Тони Бьюзен деген британ 1989-жылы түзгөн. Алар ар бир мамлекетти эле кабыл ала бербейт. Биз үч жыл жүрүп мүчөсү болдук. Быйылкы жылдан баштап эске тутум боюнча дүйнөлүк олимпиадаларга катышып баштайбыз. 12 жаштан 70 жашка чейин окутуп жатабыз. Андан тышкары, спорт стекингди да үйрөтөбүз. Америкадан келген. Азыр Борбор Азияда да абдан популярдуу. Дүйнөнүн 46-мамлекети болуп катталганбыз. Бул дүйнөлүк интеллектуалдык спорт. Мээге абдан жардам берет. Көбү стаканды тизип коёт дешет. Жок, буга абдан чоң концентрация керек. Азыркы учурда балдарды телефондон алыстатуу үчүн жаңы методика керек. Мына ушул методиканын бири ушул спорт стекинг.
– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Кийинки жылы “Интеллект” деген мектепти ачканы турабыз. Ошол мектеп Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан, “Кембриж”, “Оксфорд” сыяктуу мектептей болот деген үмүттөмүн.
– Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ийгиликтериңиздер арта берсин!