Кыргыз тилиндеги пайдалуу 6 сайт

Интернет айдыңында ар кандай багыттагы миңдеген сайттар кездешет. Кыргыз тилдүү колдонуучулар бул жагынан да жолдуу. Бул макаладан кыргыз тилиндеги пайдалуу сайттар жөнүндө биле аласыз.

Bizdin.kg

Бул сайт китепкөй колдонуучулардын сүйүктүү сайты болуп калары шексиз. Мында жүздөгөн адабий китептерди, окуу куралдарын көчүрүп алууга мүмкүн. Ошондой эле, кыргызча аудиокитептерди угууга болот. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычынан” тарта, Мартин Идендин “Джек Лондонуна” чейинки кыргыз, жана дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрүнүн мыкты чыгармаларын кыргыз тилинде окуп, уга аласыз. Ал эми видео бөлүмүнөн айрым мыкты тасмаларды, кызыктуу видеолорду, предметтер боюнча видеосабактарды таба аласыз.

Сайттын интерфейси жөнөкөй, түшүнүктүү. 3 тилде (кыргызча, орусча, англисче) жеткиликтүү.

Orfo.kg

Кыргызча текст жазууда көп ката кетиресизби? Анда бул сайт сиз үчүн. Сайттын орфография бөлүмүн бассаңыз, текст тешерүүчү жана сөз текшерүүчү эки түзүм ачылат. Керектүүсүн тандап алып, белгилүү бир сөздү же бүтүндөй текстти жазып, “текшерүү” баскычын бассаңыз, заматта каталарын көрсөтүп берет. Андан тышкары, бул сайтта кыргыз тилинин эрежелерин таба аласыз. Сайттын “Морфология” бөлүмү сиз жазган сөзгө морфологиялык талдоо жасап берсе, “Медиатека” бөлүмүндө тилге байланыштуу ар кыл кызыктуу материалдар, колдонмолор, сөздүктөр топтолгон.

Сайт жөнөкөй, түшүнүктүү, адашпайсыз. Эки тилде (кыргызча, орусча) жеткиликтүү.

Ilimelim.kg

Окуучулар, студенттер, мугалимдер, окутуучулар жана билимин тереңдетип, өзүн өнүктүрүүдөн тажабаган колдонуучулар үчүн табылгыс сайт. Мында мыкты окутуучулар видео сабактарды өтүшөт. Адам укуктарын, экономиканын негиздерин, психологияны, англис тилин, информатиканы, кинорежиссураны жана башка багыттагы кызыктуу сабактарды эч кандай китеп, кагазсыз, чалкалап жатып алып эле үйрөнө берсеңиз болот.

El-sozduk.kg

Google Котормочунун “иши” купулуңузга толбой же күмөн жаратып жатса, el-sozduk.kg сайты сизге сөзсүз жагат. Бул онлайн котормочу сөздөрдү же сөз айкаштарды кыргызча, орусча, англисче жана түрк тилдерине өз ара которот. Котормонун бир эмес, бир канча вариантын (мисалы, К.Юдахиндин, Э.Асановдун ж.б. сөздүктөрүндөгү варианттарды) көрсөтөт. Андан тышкары, маанисин чечмелеп, ошол сөз катышкан сүйлөмдөрдү, фразеологизмдерди сунуштайт. Мындай артыкчылыкка ээ болунун себеби, онлайн котормочу өзүнө ар кыл багыттагы 36 сөздүктү камтыйт. Андан тышкары, “Сүйлөшмө” бөлүмүндө кыргызча-орусча-англисче сүйлөшмө да бар.

Ruhesh.kg

Адабият сүйүүчүлөрү бул сайттан чыкпай калары бышык. Дүйнөлүк адабияттын жана кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн аңгемелери, ырлары байма-бай жарыяланып турат. “Рубрикалар” бөлүмүнөн сиз прозадан сатирага чейин, поэзиядан тамсилдерге чейинки бардык адабий жанрлар боюнча мыкты табылгалар менен тааныша аласыз. Балдар үчүн дүйнө элдеринин мыкты жомоктору да которулуп, жарыяланган, ар кыл темадагы маектер, макалалар да ушул сайтта. Улуттук адабиятты байытуу, жаш авторлорду, акындарды колдоо максатында түрдүү адабий таймаштар өткөрүлүп турат. Сиз да жазуучулук же акындык дараметиңизди сынап, катыша аласыз.

Kontentchi.com

Өзүңүздү блогер катары сынап, жазмакерлик жөндөмүңүздү профессионалдык деңгээлде жакшырткыңыз келсе же башкалар менен бөлүшкүңүз келген кызыктуу билимиңиз болсо, kontentchi.com сиз үчүн эң сонун аянтча. Кызыктуу макалаларды окуу менен чектелбей, өзүңүз да автор боло аласыз. Жазуудан эринсеңиз, үнүңүздү жаздырып, подкаст даярдап, бөлүшсөңүз да болот.

Макаланын пайдасы тийсе, пикир калтырып, достор менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Көрүшкөнчө!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    1 Комментарий
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии
    Админ эмес
    2 лет назад

    kyrgyz-audio.com – кыргызча ырлардын топтому.

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    1
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x