18-апрелде Kyrgyz Network академиялык уюмунун кезектеги 4-конференциясы болуп өттү.

Сиздер менен “Илим жана билим өнүгүүнүн башаты” аттуу
уюмдун атынан Канжарбек Алдашов жазган отчет менен бөлүшүп, андан соң “Заманбап front end технологиялары – иштөө ыкмасын ылайыкташтыруу” презентациядан кызыктуу Mindmap графика менен бөлүшөм.

18-апрелде Kyrgyz Network академиялык уюмунун кезектеги 4-конференциясы болуп өттү. Бул ирет кырдаалга байланыштуу конференция онлайн форматында болду.Бул жыйын 5 докладдан туруп жана кесипкөйлөр ортосундагы талкуулоо кызуу өттү.

Алгачкы болуп Дортмунд шаарынын Förderschule Dortmund (Georgschule) мугалими Бүбүйна Чолпонкулова онлайн  конференцияны ачып берди. Ал “Кыргызстандагы орто мектептерде альтернативдик педагогика муктаждыгы барбы?” аталышта теманы ачып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Экинчи болуп Берлин шаарындагы International Security and Development Center жана Leibniz Institute of Vegetable and Ornamental Crops (IGZ) уюмдарынын илимий кызматкери Дамир Эсеналиев, өз баяндамасында “Кыргызстандагы турмуш кандай өзгөрдү? – 10 жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары” темасы боюнча көрүүчүлөргө кенен айтып берди.

Кийинки болуп, Бүнде шаарынын Gerresheimer Medical Systems ишканасынын инженери Канат Ишенбек “Инженердик-техникалык кесиптердин Германиядагы перспективалары жана жумуш издөөдө сунуштар” аттуу темасында толук маалымат берип, көрүүчүлөрдү кызыктырды.

Ал эми тыныгуудан кийин Кассель шаарындагы  Kassel университетинин Solar und Anlagentechnik факультетинин илимий кызматкери Жаныбек Орозалиев сүйлөдү. Ал баяндамасында “Кыргызстанда күндүн энергиясын колдонуу жана жабдуу” темасы боюнча айтып берди.

Андан соң Дортмунд шаарынын тургуну жеке ишкер, программист Азамат Токтакунов “Заманбап front end технологиялары – иштөө ыкмасын ылайыкташтыруу” темасы боюнча өз темасын кенен ачты.

Акырында кесипкөйлөр ортосунда ар тармактар боюнча талкуу жүрдү. Анын алкагында Германиянын медицина тармагында  иштеген, хирург Жанат Бектуров, кесиби боюнча өз ойун айтты.

Бул онлайн конференциянын көркүн ачып берген биздин кесипкөй ага-эжелерибизге чоң ыраазычылык айтабыз! Албетте, ар тараптан колдогон биздин мекендеш ага-ини, эже-карындаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

Каалоочулар үчүн баардык презентацияларды YouTube каналынан кайталап көрсөңүздөр болот: Kyrgyz Network академиялык уюму.

Баарыңыздарга аманчылык жана ийгилик каалап,
Kyrgyz  Network академиялык уюму.

Заманбап front end технологиялары

Оригинал форматта бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыздар болот: http://kg-de.eu/mindmap-frontend.jpg

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x