I. Жер алдындагы күмбөз….
1129-жылы Карахандар каганатын Каракытайлар басып алып Батыш Ляо династиясын түптөшөт. Баласагынды өздөрүнүн ордосу кылышат. Бир кылымга жакын убакыт дооран сүргөн Каракытайлардан калган эстеликтер да Кочкор өрөөнүндө жок эмес, эл ичинде “желе дөбө”, “калмак коргон” деп аталып жүргөн каракытайларга таандык болуусу ыктымал коргондор бар.
2017-жылы Кочкор өрөөнүнөн дал ошол Каракытайларга мүнөздүү болгон жер алдына күмбөз салып сөөк коюлган күмбөз табылып казуу иштери жүргүзүлгөн. Алгач казуу башталганда архитектуралык түзүлүшүнө карап археологдор күмбөздү карахандар доооруна таандык деп болжолдошкон, андан ары жүргүзүлгөн археологдордун изилдөөлөрү Көк-Таш күмбөзү Каракытайларга таандык экенин далилдеди. Бул табылганын уникалдуулугу анын Кыргызстандын аймагында табылган башка мавзолей, күмбөздөрдөн айырмаланып жер астына курулгандыгында. Себеби жер астына күмбөз салып, анын ичин жасалгалап, буюм-тайымдары менен сөөк көмүлгөн Көк-Таш сыяктуу күмбөз кыргыз жергесинде өтө сейрек учурайт. Ушундан улам, дегеле Кыргыз жеринде буга чейин жер алдына курулган күмбөз табылганбы жана кайсы жерден табылган деген суроо туулат.
II. Кескен-Таш… Каракытайлардын күмбөздөрү…
Тарыхый маалыматтарды карай турган болсок жер алдына курулган күмбөздөрдүн тобу 1891-жылы сентябрда кайрадан эле Кочкор өрөөнүндө ботаник, археолог Алексей Михайлович Фетисов тарабынан Кескен-Ташта табылган. Бул турасында Фетисов өзүнүн «Ысык-Көл, Токмок жана Верненский ойоздорундагы байыркы көрүстөндөрдөгү казуулар» деген кол жазма эмгегинде баяндайт. Табылган күмбөздөрдүн айрымдарын жергиликтүүлөр казып баштагандыктан Фетисов казылып тоноло элегин гана казып көрөт, жер алдындагы курулмалар жайгашкан жерлер тосмолор менен курчалган. Фетисов изилдеген күмбөздүн жер үстүндөгү тосмосунун узуну 19,57 м, туурасы 9,94 метр болуп, жер алдындагы жасат коргондун батыш тарабында жайгашкан. Жер алдындагы жасат тегерек формада чийки кыш менен курулуп, үстү кумпа түрүндө туюкталган. Ички диаметри 2.33 м, бийиктиги 3.42 метр келген курулманын эшиги чыгыш тарабынан чыгарылып, төрүндө күл сактай турган сандык жайгашкан. Сандыктын узундугу 1 м, туурасы 0,53 м, бийиктиги 0,45 м болуп бышкан кыштан тургузулган. Күмбөздун таманы жана дубалдары алебастр менен шыбалган. [1] Ошондой эле Фетисов күмбөздү казууда анын ичине күл коюу үчүн бир нече жолу ачылганы белгилүү болгонун, эң алгач күл сандыкчага салынып, күмбөздүн эшиги кирпич менен бүтөлүп, ага кирүүчү жол чоң таштар менен толтурулуп үстү жер менен жер кылынып тегизделгенин, ал эми кийин ичине күл коюда , күлдү жазы карапа идиштерге салып төбөсүнөн түшүрүшкөнүн белгилеп, бирок канча күл салынган идиш табылганын ачыктаган эмес. Ушундай эле карапа идиштерге күл салып тобу менен (4-6 күл салынган идиш чогуу көмүлгөн) көмүлгөн, жөнөкөй таш корум күмбөздөр Каракытайлар жашаган аймактардан табылганын, негизинен Каракытайларга жерге берүүнүн эки түрү: 1) жөнөкөй чуңкур мүрзөлөр, таш корумдар; 1) жер астына курулган күмбөздөр мүнөздүү экенин, биринчи түрү калктын карапайым катмарына таандык болсо ал эми экинчи түрдөгү мүрзөлөр аксөөктөргө, бийлик кызматкерлерине, бай кишилерге таандык болгонун археолог А. Л. Ивлиев өзүнүн “Кидандардын сөөк коюсу” деген макаласында белгилейт[2].
Сүрөт: https://www.khanacademy.org/humanities/art-asia/imperial-china/liao-dynasty/a/murals-in-two-liao-dynasty-tombs
Жогорудагы археологиялык табылгалар Кочкор өрөөнүнүн аймагында Каракытайлардын аксөөк кишилери, бийлик кызмткерлери жашаганын ырастайт. Жана Көк Таш күмбөзүнүн каракытайлардын жогорку мансаптагы кишилерине таандык экендиги буга далил. Мындан улам, эгерде Баласагын шаары Буранада болгон болсо жана аны Каракытайлар ордо кылып турса, көзү өткөн атактуу кишисин эмнеге күнчүлүк жол жүрүп Кочкорго алып келип коюшту? Кудайдын азабын жебей эле Буранага жакын аймака жерлеп коюшпайт беле? Демек бул дагы Баласагын Кочкор өрөөнүндө экенин айгинелейт жана Баласагынды ордо шаары кылган Каракытайлар өздөрүнүн атактуу башчыларын шаарга жакын аймакка жер алдына күмбөз салып, түбөлүк жайын камдап, өзгөчө аздектеп көмгөндүгүнөн кабар берет..
III. Тарандын учтары…
Кочкор шаар чалдыбарынын аймагы Союз маалында буздурулуп айдоо жерге айландырылгандыктан ушу күнгө чейин айдалып айыл-чарба багытындагы айдоо жер катары пайдаланып келүүдө. Жылыга жазгы себүү, күзгү жыйым-терим маалында трактор менен айдалып, соко жүргөн соң көптөгөн артефактылар жер үстүнө чыгып калууда. Мындай тарыхый артефактыларды талаадан терип чогултуп өз демилгеси менен ачкан музейге топтоп экспонат кылып, тарыхый мурастарды коргоп калуу максатында Кум-Дөбө айыл тургуну Коңурбаев Кайырбек агай албан иштерди жасап келет.
Артефакт, табылгалардын арасынан баса белгилей кетчү табылгалар бул сепил дубалдарын, дарбазаларын бузууга арналган тарандын учтарынын табылышы. Тарандын учтарынын табылышы шаар катуу камалоого кабылганынан кабар берет. Тарыхый малыматтарда 1210-жылы Каракытайлар менен Хорезм шах Муканбет, Мевернахр султаны Осмондор Таласта салгылашып, эки тарап тең эбегейсиз жоготууга учурашып, акыр аягында эки кол тең артка чегинет. Кара кытайлар жолундагы айыл-кыштактарды талап-тоноп жүрүп олтурушуп баш калаасы Баласагынга келишкенде жергиликтүү мусулман эл Хорезм шах Каракытайлардын артынан кууп келээр деген ойдо болушуп шаар капкасын ачпай, каршылык кылышат. Каракытайлар Баласагынды 16 күн камалап, өздөрүнүн колү толук топтолуп келгенде, шаар капкасын бузуп киришип, шаарды үч күн -үч түн тоноп, 47 миң тургунун кырып салышат. Бул маалыматты Ата-Малик Жувейни өзүнүн “Тарихи жакангуша”[3] деген эмгегинде жазып калтырган. Бул малыматтар жана табылган таран учтары Кочкор шаар чалдыбары Баласагын шаары болгон деген божмолду бышыктайт.
Таран.
Сүрөттөр Коңурбаев Кайырбек агайга таандык
IV. Шаарлардын аянты эмнеден кабар берет?
Эми шаарлардын өлчөмдөрүнө токтололу, 1940-жылы келип Кочкордогу шаар чалдыбарын үстүрт изилдеген А.Н Бернштамдын өлчөөсү бонча Кочкор шаар чалдыбарынын узундугу 870 м туурасы 400 м.[4]
- Кочкор шаар чалдыбары 870 м × 400 м (Бернштамдыкы боюнча, 1941)
- Ак Бешим шаар чалдыбары 760 м × 520 м (спутниктен алынган түштүк жана чыгыш дубалдарынын өлчөмдөрү)
- Бурана шаар чалдыбары 570 м × 520 м (Горячеваныкы боюнча, 1985)[5]
- Кошой-Коргон 250 м × 280 м (Бернштам, 1952) [6]
- Шырдакбектин чеби 120 м × 120 м, чептин түштүк дубалынан 60 м аралыкта жайгашкан Төрткүл 50 м × 50 м, Төрткүлдүн түштүк тарабында 100 метрдей созулуп үйлөрдүн урандылары жайгашкан. (Бернштам,1952)[6]
Жогорудагы шаарлардын өлчөмдөрү көрсөткөндөй Кочкор шаар чалдыбары башка шаар, коргон, сепилдерге салыштырмалуу ээлеген аянты боюнча чоң. Ак-Бешим, Бурана ж,б шаар чалдыбарларынан айырмаланып Кочкор шаар чалдыбарында бышкан кыштан салынган курулуштар көп. Мындай чоң ордо шаарды учурунда келген Бернштам ж.б изилдөөчүлөр эмне үчүн терең изилдешпеген? Буга эмне себеп болгон?
Биринчиден ал мезгилдерде Кочкор өрөөнүнүн талааларын атчан киши боюндай калың чий басып турган. Бул калың чийлерден шаар урандылары анчейин бакала берген эмес, жана чий баскан талааларды үстүртөн гана изилдеп кете беришкен.
1891-жылы 7-сентябрда Чүйдөн Шамшынын белин ашып Кочкорго келген археолог А. М Фетисов эки жумадай өрөөндөгү көрүстөндөрдү изилдеген, өз эмгегинде 11-сентябрдын кечинде Ортоктун Тоосунун тумшугунан өрөөндүн ортосун карай жол жүрүп Чекилдекке келгени, Чекилдекке конуп, эртеси 12-сентябрда 20 км аралыктагы Кескен-Ташка сапар алганын баяндайт[1]. Кочкор шаар чалдыбары менен Чекилдектин ортосу 3,5-4 км, өрөөндү аралап байыркы коргондорду изилдеген Фетисовдун эмгегинде шаар чалдыбары жөнүндө эч кандай маалымат учурабайт. Бул да болсо калың өскөн бийик чийлердин себебинен болсо керек деп ойлойбуз, Фетисов болсо тоо этектерине жакын чий өспөгөн жерлердеги көрүстөндөрдү изилдегени байкалат.
Ал эми Бернштам Кочкор өрөөнүнө кыска гана убакыт токтоп, анын башкы максаттарынын бири болгон Сак-усун коргондорун изилдөө менен гана чектелген. Бернштам –
“ биздин экспедициянын Кочкор өрөөнүндө , Каракол суусунун сол жээгинде, Кочкор-Ата мазарынан 4 км алыстыкта жайгашкан чоң шаар урандыларына туш болгонубуз да бекеринен эместир.”
– деп шаарды кокусунан эле көрүп калгандай таризде жазат, жана
“бул жердеги изилденген шаардын дубалдарынын узундугу 870 х 400 метр, цитадели жок, дубалдары урандыга айланган жакшыраак сакталып калгандары батыш жана түндүк тарапкы дубалдар, үстүнкү катмарында карахандарга таандык карапанын сыныктары табылды”[4]
– деп учкай гана малымат берет. Мындан башка Кочкор шаар чалдыбары туурасында эч маалымат кездешпейт. Махмуд Кашкаринин сөздүгүндөгү Кочңар -Башы шаарын Бернштам Шырдакбетин чеби болуусу мүмкүн деп эсептеген.[6]
Экинчиден 19-20 кылымдарда Кыргыз жеринин аймагындагы шаар чалдыбарларын, байыркы конуштарды изилдеген орус изилдөөчү, тарыхчы археологдору дагы көбүнэсе Чүй өрөөнүндөгү шаар чалдыбарын тереңирээк изилдешкен. Буга себеп ал кезде Чүй, Токмок ойоз болуп борбор болгондугуна байланыштуу болсо керек, андыктан борборго жакын, жетүүгө жолу жеңил шаар чалдыбарларын изилдөө менен гана чектелишип, ал эми алыскы аймактардагы шаар чалдыбарларын кыйгап өтүшүп же үстүрт гана изилдешкен. Бул тенденция бүгүнкү күндө да уланып, тарыхчы-археологдор боборго жакын болгон Бурана, Ак-Бешим шаар чалдыбарларын кайра-кайра эле изилдөө менен алек болушууда. Мындан улам алыскы аймактардагы тарыхый эстеликтерге, шаар чалдыбарлага болгон илимий изилдөө, казуу иштери өтө эле солгун, дээрлик жокко эсе.
V. Талаштан тактык жаралат..
Кочкор шаар чалдыбарынан бышкан кыштан салынган имараттардын ордулары, кыш бышырган жайлар, темир эритүүчү устаканалардын издери табылып жатса эмне үчүн археологдор, тарыхчылар алигүнгө чейин алгылыктуу казуу-изилдөө иштерин жүргүзбөй келишет? Эмне үчүн тарыхчылар коомчулугу тийешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып казуу иштерине каражат бөлдүрүнүн, дегеле мамалекет-коомчулуктун көңүлүн буруп, тарыхый мурасты коргоо-сактоо чараларын, элибиздин тарыхына албан ачылыш, жаңылык киргизе турган Кочкор шаар чалдыбарын казуу иштерин колго алышпайт? Жана тарыхчылар, археологдор Кочкордогу шаар калдыгын изилдебестен туруп эле Ак-Бешим, Бурана шаар чалдыбарынан табылган азыноолак артефактыларды бетине кармап алышып, – “Суяб Ак-бешимде, Баласагын Буранада деген пикирди карманабыз, ушундай ойдобуз, ушундай ойлойбуз” – дегендери канчалык негиздүү болот?. Себеп дегенде Кочкор өрөөнүндөгү шаар чалдыбарынын маданий катмары Ак-Бкшим, Буранага салыштырмалуу өтө бай жана кеңири аймакты камтыйт, карапанын, бышкан кыштардын сыныктары жүздөгөн гектар аймактарда чачылып жатат, Кочкордогу шаар калдыгын толук казып изилдеп бүтмөйүн Баласагын, Суяб шаарларын жайгашкан ордун так кесе мына ушул жерде деп айтууга болбойт. Себеби Ак-Бешимдин Суяб экенин, Бурананын Баласагын экенин жокко чыгара турган тарыхый аргумент далилидер, тарыхый карталар, жана жаңы жагдайлар арбын. Бул талаш-тартыш суроолорго чекит коюнун бир гана жолу Кочкор өрөөнүндөгү шаар чалдыбарын ар тараптуу изилдөө, керек болсо казуу -изилдөө иштерине чет өлкөлөрдөн археологдорду, археология жаатындагы эксперт изилдөөчүлөрдү, окумуштуу тарыхчыларды тартып калыс, көзкарандысыз казуу-изилдөө иштерин жүргүзүү бирден бир жолу жана учур талабы.
___________________________________________
Шилтемелер:
1. Фетисов А.М. Раскопки древних могил в Иссык-Кульском и Токмакском уездах. Архивные материалы по археологии Кыргызстана. Бишкек: Илим, 2012. 6-27 б
2. А.Л. Ивлев. Погребения киданей. // Цитируется по изд.: Центральная Азия и соседние территории в средние века. Сборник научных трудов. Новосибирск, 1990, с. 42-63.
3. Ата-Мелик Джувейни. Чингисхан. История Завоевателя Мира. Магистр-Пресс. 2004
4. А.Н.Бернштам. Археологический очерк северной Киргизии Фрунзе, 1941. C 82
5. Массон М. Е, Горячева В. Д. Бурана. Фрунзе — 1985г. Стр. 23.
6. Бернштам А.Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М., Л., 1952 100-104 бб.