Кыргызча жазыш үчүн шрифттерди кайдан сатып/жүктөп алса болот? 3 сайт.

Кээде кызыктуу дизайн ойлоп, аны ишке ашыраарда сүйкүмдүү, кооз арип тандай албай куурайсың. Тандап тапсаң, дээрлик баардык учурда эле биздин легендарлуу ӨҮҢ тамгаларын колдобой калат.

Ошондуктан, мүмкүн мага окшоп, жүдөп жаткан адамдарга, бул көйгөйдөн чыгуу үчүн, керек болчу ресурстарды шилтеп берейин деп чечтим.

1. Артемий Лебедевдин студиясы

Бул сөгүнчөк аксакал көп жакшы нерселерди кылат. Эгер көңүл бурсаңар, анын студиясында кыргыз тилин колдогон шрифттер да жарыяланган. Каалаган шрифтти бул сайттан сатып алсаңар болот:

Шрифты
Раздел, в котором показываются, тестируются, примеряются, объясняются и продаются все созданные нами шрифты

2. Fontspring

Арип сатып алчу мыкты жер, деп бул сайттын өзү айтат. Төмөнкү шилтемеде кыргыз кириллицасын колдогон ариптер жыйналган. Ариптерди лицензиясы менен 2000 сомдон жогору баада сатып алсаңар болот. Мен айта кетчү нерсе, ариптердин кээ бир дизайндары бекер:

Fontspring Fonts That Support Kyrgyz (Cyrillic)
Browse the worry-free, app fonts, web fonts and desktop fonts that support the language: Kyrgyz (Cyrillic)

3. Fontspace

Бул сайтта дизайнерлер үчүн 100 пайыз бекер шрифттер жайгашкан. Шилтеменин баяндамасы боюнча кыргыз тилин колдогон 328 арип бар.

Fonts for Kyrgyz (Cyrillic)
View 328 fonts that support the Kyrgyz language written in Kyrgyz script.

Ушундай. Эгер булардан башка дагы ресурстарды билсеңер, төмөн жакка билдирип коюңуздар. Бирок, андан да мыктысы өзүңүз ойлоп тапкан дизайн болмок. Эгер билбесеңиз, арип дизайны жөнүндө бул жерде жазылган(англисче).

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи