Aplle логотибинин мааниси боюнча ар кандай легендалуу тарыхтар айтылып келет. Мисалы: информатиканын негиздөөчүсү Алан Тьюрингдин тиштелген алма колунда калып көз жумуусу, Адам менен Еванын алгачкы күнөөсү. Ошентсе да, дизайнер Роб Яновтун иштеп чыккан логотибтин рационалдуу түшүндүрмөсү бар.
Logo Design Love: Apple логотиби сиз ойлоп тапкан эң жакшы нерсеби?
Роб Янов: – Ооба, бул эмгегиме эч нерсе тең келе албайт.
Сиз Жобстон эмне үчүн компанияны Apple деп атаганын сурадыңыз беле?
– Чындыгында, жок. Стив Джобс Түндүк Калифорнияда ранчодо алма багын өстүрчү, көп убакыт жалаң мөмө жемиштер менен тамактанып, алманы идеалдуу тамак деп эсептечү. Компанияны атоодо Стивтин бир канча идеяларынын тизмесинин сап башында Aplle турган. Документтерге кол коёрдо Стив жана Возняк негиздөөчүлөр Apple’ден артык идеяны таба алышкан эмес. Apple Records тарабынан арыздануу коркунучуна карабай Aplle’ды тандашкан.
Эмне үчүн алма тиштелген?
– Алманын тиштелген тарыхы ар кандай легенда болуп айтылып жүрөт. Мен алманын силуетин туздум, аны башка тоголок момолордон айырмалоо учун бардыгы жасап жургондой тиштеп койдум. Жылдар отуп алманын бутун эместигинин ар кандай табышмактуу тарыхын уга баштадым. Моюнга алуу керек менин логикалык тушундурмомо караганда алар адамдардын коп кызыгуусун арттырар эле. Бренд Aplle адамдарга суйуктуу колдонмолору менен эле эмес табышмактуу тарыхы бар эмблемасы менен да жагымдуу.
Логотиптин бет ачарын Жобс кандай кабыл алды?
– Джобс логотиптин презентациясын жылмайуу менен кабыл алды. Оз идеямды коп тушундуруу талап кылынбады. Экообузго тен идея жагып турду.
Сиз логотип Apple мониторлорунун толук түсүн көрсөтүү үчүн түстүү тилкелерден турат деп айттыңыз. Көрүүчүлөр аны кандай кабыл алышты?
– Компьютердин мониторун чагылдырган логотиптеги ар турдуу ондор Aplle нин конкуренттеринен эн негизги озгочолугу эле жана дагы бир функциясы ошол мезгилдеги (1977ж) эсептоочу машиналарга карата негативтуу ассоциацияны позитивтуу маанайга оодаруу болгон. Менин эн негизги тапшырмам компьютерди бут уй було мучолору колдонушуна туртку беруу эле. Бул функцияны аткарууда логотиптеги ар кандай ондор оз ордун тапкан.
Сиздин оюңузча, анын логотиби компаниянын ийгилигине кандай салым кошту?
– Компаниянын ийгилиги Стив Джобстун адамдарга техникалык жактан эмне керек экенин алдын ала билгендигинде болчу. Ото жогорку сапаттагы стандарттады жарата алды ага кошумча продуктылардын озгочо дизайны да коп мааниге ээ эле. Ошондуктан ийгиликте логотип ото чон роль ойноду деп айта албайм. Адамдар Aplleнин логотибин жактырышат себеби компаниянын колдонмолорун , техникасын жактырышат. Эгер логотип жакпаса аны автомобилдеринин арткы айнегине чапташпаса керек эле.
Жакшы логотиптин маңызы эмнеде?
– Логотиптин жонокойлугу негизги озгочолугу. Фирмалык белги жонокой болбосо аны эстеп калышпайт. Логотипти колдонуучулардын коп корушу да анын ийгиликтуу болушун шарттайт. Aplleнин эмблемасы компаниянын колдонмолорунун ар бир экранынын бурчуна жайгашуусу дуйного таанымал сурот болуусун шарттады.
Которгон: Aiia
Түздөгөн: Жаныбек Мукаш