Таң агарып, айлана жымжырт салкын жел тоонун боорунда уктап жаткан Бегимкулдун бетинен сылап өттү. Колдору тарамыш, арыкчырай орто бойлуу, маңдайы жарык болгон 16жаштагы бала, кичинесинен үй-бүлөдө улуусу болуп, көптөгөн жүктү мойнуна алып жүргөн үчүн сергектик адатка айланган. Анын көздөрү шак ачылып, жараткандын берген ырыскысына ыраазы болуп, ордунан туруп дөнсөнү көздөй жөнөдү. Бегимкул, Кетмен-Төбө базарына катардагы улуу адамдар менен мал айдап ашууну ашып, жолдо бир күн түнөп, базарга барып малды сатып, кайра кирешесине базардан ини карындаштарына кап менен буудай азыктарын жана керектүү буюм-тайымдарын сатып алып келип үй-бүлөсүн камсыз кылчу. Берки катардагы улуу адамдар ойгонгончо, бираз сейилдеп келейин деп дөнсөгө чыкты, жолдон аппак эшек минген, үстүндө ак чепкен кийген, сакалы аппак төшүнө чейин болгон, башында бакай калпак кийип чоң атаны көрө салып салам айтты. Чоң ата алик алып жолун улады. Адамдар кыймалга келип калды, байкелрди ойготуп биз дагы жолду улайлы деп уктап жаткан жерге барып, байкелрди ойготуп элдер жол жүрө баштады туруңуздар мынакей деп ак сакалды караса көздөн кайып болгондой жолдо эч караан көрүнбөйт. Өз көзүнө ишенбей ошол замат үн катты, ошондо арасынан улууларак байке:
– Балам сени Кыдыр чалган экен, салам айтып кол алышып калдынбы – деп сурады.
-Салам айтып калдым, ак сакал алик алды, бирок дөңдөн ылдый түшүп кол алышканы жетишпей калдым деди Бегимкул.
Анда баягы жолду баштап бара жаткан улуу байке, балам сенин ишин оңолот жашооңду бакубат жана маңыздуу жашайсың деген сөздөрдү таятам эстеп алып жээнинин башынан сылап башынан өткөн кеткенди эстеди. Чынында маңыздуу жана бактылуу жашап өткөн экен, анын атын толук жашаган аймактын баары таанып, бир гана жакшы кептерди таятам жөнүндө элдер айтып эскерет, анткени ал адам бир гана өзүнүн жашоосун ойлобостон элдин камын ойлогон адам болгону үчүн Кыдыр чалган экен. Жеке жашоосунда 10баланы тарбиялап, өстүрүп чоңойтуп эл башкарып көптөгөн небере-чөбөрөлүү болуп жана жээндерин жыпар жыттын жыттап бактылуу өмүр кечирди. Кыдыр Чалуу, бул жөнөкөй адамга кездешпейт экен, мисалы атагы дүйнөгө таанылган Чынгыз Айтматовду дагы, бала-чагында Кыдыр чалган учуру катталган.