Салам урматтуу көрөрман. Бүгүн ушул текст аркылуу кайрылайын. Балким азыркы бат заманда, океандай маалыматты окуп атып тажап, мен жазган текстти аягына чейин деле окубайт болушуң керек. Чындап эле ошондой болсо, мен ага капа болбой, сага ылдый жака түрдүрүп, дароо эле тасманы күйгүз деп сунуштайт элем. Ал эми калгандар менен бирге видеого арналган баяндаманы улантмакчымын.
Менин атым Азамат Токтакунов. Кесибим боюнча программист, же болбосо IT-адиси деп койсо дагы болот. Акыркы төрт жылдан бери Германия мамлекетинин, Дортмунд деген шаарында жашайм. Кичинекей кезимде, үч-төрт жыл Ат-Башы районунун, Кара-Суу (Кошой) айылдында, чоң атамдыкында жашап, жыл сайын жайында жайлоого жөнөчүбүз. Ошондуктан, кыргыз эли кантип көчүп жүрөөрүн көрүп, анча-мынча каада салттар бир аз да болсо канга сиңип калган. Эми мекен жеримен алыстап кетсем дагы, чоочун жерде жүрүп, кайгы-капага алдырбастан, кайрадан катнаштарды таап, кызыктуу долбоордордун үстүнөн иштей баштадым. Алардын бири “Көчмөн кыргыз”. Эми эмне үчүн аты мындай аталганын түшүндүңөр болуш керек. Уланталы.
Бүгүн конокто Дастан Насирдинов. Ал жигитти тааныганыма эки-үч жылдан ашып калды окшойт. Германиянын областтары – жер деп аталат. Ошондо экөөбүз бир жерден болуп калабыз. NRW (Nordrhein-Westfalen) – Түндүк Рейн-Вестфалия. Борбор шаары – Дюссельдорф. Калкынын саны – 17,6 миллион киши. Аянты боюнча 34,1 миң км2. Чыгышында Голландия жана Белгия мамлекеттери менен чектелген. Бул текстти жөн окубастан, сага кыскача пайдалуу маалымат болсун деп википедиядан окуп жазып койдум. Ал эми кайрадан Дастанга кайрылып келсек, интервью алып жатканда кайсыл жактан экенин билдим. Джалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районунун, Казарман айылынан болот экен. Кызыктуусу, чет-өлкөдө жүргөндө түндүк-түштүк деп бөлүнбөй, адаттагыдай жолукканда “Каяктан болосуң?” деп сурабай дагы каласың. Кыргызды көргөндө, бир-тууганыңды көргөндөй эле сүйүнүп. Ал экөөбүз Акак Сыргак кызынын туулган күнүндө таанышканбыз, Эссен шаарындагы, афгандардын кафесинде. Андан кийин көп өтпөй, Дастан NRWнин футбол командасын чогултуп, Берлинде өтө турчу Элчиликтин кубогуна даярдана баштадык. Биздин жерде жашаган кыргыздар, эки жумада Дортмунддан бир жолугуп, машыгып. Кийин Берлинге барып биринчи жолу Кубок дагы утуп келдик.
Быйыл дагы футбол ойнойлу деген пландар бар болчу, машыгууну улантып, командага жаңы оюнчулар дагы келген. Ошондо, чоң сценарий ойлонуп, Берлинге болгон жолубузду тартып көрсөтсөмбү дегем. Анын үстүнөн Дортмунддун футбол командасынын оюнун дагы бирге көрсөтүп. Тилеке каршы, коронавирус илдети 2020-жылдын пландарын баарын бузду. Ошондуктан, мындан дагы көпкө күтпөй, Дастан менен байланышып, Эссен шаарынан тартмай болдук. Мен жашаган шаардан алыстыгы 46,4 км – 44 минуталык жол.
Баштапкы жолугушуу Эссен шаарында жайгашкан, Гругапарктан жолуктук. Ал паркттын аянты 70 км2 (видеодо болсо, Дастан адашып 20 км2 деп айтып алган). Бул Рургебит областында эң биринчи чоң парктардын бири болуп эсептелинет. Деги эле, Германия аябагандай жашыл. Шаар, айылдардын жанында бак-дарактар көп. Бирок, чындап эле, Гругапаркка атайын барышат. Кыдырып, баарын көрсөткөнгө убакыт болгон жок, бирок жанына отуруп алып, Кажы-Кужу подкасттын жаңы чыгарылышын жаздырдык.
Андан соң, “Көчмөн кыргыз” долбоорунун кириш сөзүн тартып, кичинекей жолго тушуп алып, кийинки жерге жөнөдүк. Жолдон велосипед тебүү маданияты жөнүндө дагы сөз болду. Чындап эле, Европада аябагандай өнүккөн, жолдору көп, ар бир үйдө велосипедтер бар. Чоңу, кичинеси, аялы, эркеги, апасы, атасы, костюмчан, узун-кыска көйнөкчөн деле тээп жүрө беришет.
Шахта! Көмүр! Рургебит! XIX-XX-кылымда Германиянын индустрализация борбору. Чоңдогон ишканаларда бул жерде жашаган калк иштечү. Экологияны сактап калуу максатында, көмүр казуу иштери токтоп, эми бул жакта музей болуп калган Цольферайн (Zeche Zollverein) шахтасына бардык. Чындап эле, аябагндай чоң, күчтүү салынган шахталардын бири экен. Айлана чөйрөсүн тартып көрсөткөнгө аракет кылдык. Түшкү маал болуп калгандыктан, ичинде жайгашкан кичинекей тамак-аш жерине кирип картошкасынан дагы жедик.
Рур – бул узундугу 221,2 км болгон дарыя. Эссен шаарынын четинде ал Бальденайзее деген жеринде бир аз чоңураак болуп, бир четинен көл, бир четинен ГЭС болуп калган экен. Анын жанында Вилла Хюгель деген үй жайгашкан. Ал үйдө чоң өнөр-жайдын ээси, ойлоп табуучу Альфред Крупп деген киши жашаптыр. Кызыксаңар, орусча википедиядан кыскача өмүр баянын менен таанышсаңар болот. Биз болсо тамашалашып, Дастандын үйү ушул демиш этип, ичинен тартып чыктык дагы, Бальденайзеенин чети менен свет чыгара турчу дамбага чейин сейилдеп келдик. Эх чиркин, күн жылуу, карысы-жашы дебей кайык тээп, чоң теннис ойноп, ролик тээп, бул жашоонун кызыктуу четтерин жаныбызда болуп жатты.
Аягы конкурс менен бүттү. Мен чындап эле бул долбоорду хобби катары баштап жаткандыктан, техникалык жактан көп мүмкүнчүлүктөр болгон жок. Так ушул жерде, шамаал катуу болуп, конкурстун эрежелери жакшы угулбай калыптыр. Ошондуктан текст тапрышмасы менен сиздерге бөлүшөюн. Жакын арада эле Дюссельдорф шаарында кыргыз туугандар самса жасап башташыптыр, мен жаңы Германияга келгенде мекендин тамактарын аябагандай сагынып, бул жакта кыргызча кафе болсо, кандай сонун болмок эле деп ойлоп жүрчүмүн. Эми, кыргыздар көбөйүп, кафе ачылып калаар деген ой менен, тапшырмасы менен бөлүшөйүн. Ошол кафенин аты кандай болуш керек? Вариантыңарды албетте комментарийге жазгыла. Белеке, Бундеслигада ойногон футбол командасынын бирөөсүнүн жаңы футболкасы.