Бир чабадандык дүнүйө же болбосо заманбап көчмөн жашоо образынын ыңгайсыздыктары.

Кайсыл тарабынды караба илим менен техниканын жетишкендиги , тиричилик буюмдары жашообузду женилдетип , алтындай болгон убактыбызды маанилүү жумуштарга кетире турган учурда жашап жатканыбызга шүгүр келтиресин. Ар бир мамлекет кызматташууга кызыктар болуп, экономикалык байланыштар чынардын тамырындай чырмалышкан ааламдашуу заманы көчмөн кыргызга дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Аны менен катар көчүү ареалыбыз дагы кеңейди , сандыкты- чабаданга , ат менен төөнү учакка алмаштырып заманбап көчмөн атыгып аалам кезип жөнөдүк. Касапчыга мал кайгы кара эчкиге жан кайгы демекчи айта келсе ар нерсенин акыбалына жараша өзүнүн көйгөйлөрү бар экендиги талашсыз. Кудайым буйруп Европанын чак ортосунда жашап калганыма бир жылдан ашып калыптыр. Эркиндик , күчтүү экономика, жогорку жашоо шарттынын символу болгон Европада кадимки кыргыз кандай кыйынчылыктарга же жумшартып айтканда кандай ынгайсыздыктарга туш болоору жөнүндө кеп салайын . “Башка жерде султан болгончо өз элиңде ултан бол”- деп акылман калкыбыз бекеринен айтпаган чыгар анда эмесе сөз башынан.
Тил маселеси “Канча тил билсен ошончо дил билесин “- демекчи жогоруда айтылган заманбап көчмөн адамына канчалаган онлайн котормочулар болгону менен эне тилин гана билүү аздык кылат. Күндө колдонууга туура , келген абадай эле зарыл болгон тил маселесин биринчи орунга койгонумдун маңызы ушунда. Мекенибизде туруп чет тилин канча окуп канча үйрөнсөк да чет жакка чыгып анын жетишсиз экендигин байкайсын. Биз билбеген диалектилер , говорлор күнүмдүк турмушта колдонулуучу сөздөр деги эле койчу айта берсе сөз түгөнбөйт. Бул дегени чет тилин эч токтотпой күндө окуганга туура келет деген сөз.
Бизге бейтааныш көндүмдөр же болбосо культурный шок. Убакыт зымырап учуп, айларды кылымдар алмаштырса да, кыргызды азыркыга чейин кыргыз катары тааныткан – бул бай маданияты деп айтсам жанылышпайм. Анткени дүйнөдө эн чоң атыккан Манас эпосу кыргыздар кылымдар бою салт-санаасын , үрп-адатын сактап, муундан муунга өткөрүп, келе жаткандыгы , өзгөлөрдөн өзгөчө кылым карыткан маданияты бар экендигин айгинелейт. Ошондуктан чет мамлекетке чыккан учурда кээ бир нерселер башында өөн учурап , жагымсыз элес калтырат. Сөзүм куруу болбош үчүн немистердин чай ичип жатканда же болбосо коомдук жайда деле кол жоолук менен какырып чимкиргени төбө чачымды тик тургузган . Же болбосо коомдук транспортто кичипейил болуп, улуу жаштагы адамга орундук бошотуп бергенде мени кары деп жатасынбы дегенсип жек көрүп карагандыгы. Ушул сыяктуу маданиятыбыздын айырмаларынан келип чыккан диллемалар кездешпей койбойт.
Уюлдук байланыш – Кыргызстаныбыз дүйнө жүзүндө экономикалык көрсөткүчтөр боюнча салыштыра келгенде сап башына чыкпаса дагы уюлдук байланыш , интернеттин арзандыгы боюнча мекенибиз КМШ өлкөлөрүнөн биринчи , дүйнө жүзүндө Израилден кийинки экинчи орунда турат. Жада калса тоолорубузда дагы 4G тартып , жакынкы учурда эле 5G технологиясын ийгиликтүү сыноодон өткөрүштү. Европанын чак ортосунда туруп кээде байланыш үзүлүп, интернет үчүн көп акча төлөгөндө Мегаком, Билайн, О көздөн учат го тим эле.
“Колдо бар алтындын баркы жок” – бул сөздүн чыныгы маанисин комфорт зонасынан чыгып , Ала-Тообузду алыстан караганда гана түшүнөсүн. Көп адамдардын кыялы болгон батыш биз элестеткендей идеалду эмес, ошол эле учурда бизге байкалбаганы менен туулган жерибиздин кереметтери деле көп эле экендигин андап жетет экенсин.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x