9 евролук билет

Эшегине жараша тушагы деген сыңары ар бир мамлекеттин денгээлине жараша өзүнүнүн көйгөйү болот тура. Июнь айынан тарта Германияда болуп жаткан энергетикалык кризистин таасирин жумшартуу үчүн жалпы өлкө ичинде коомдук транспортто жүрү акысы 9€ болуп калды. Салыштыруу үчүн буга чейин 25 мүнөттүк шаар аралык поездге 1 жолу түшү акысы 12€ болчу. Бул дегени коомдук транспортто жүрүү дээрлик бекер эле болуп калды дегенди түшүндүрөт. Жол кире өтө арзан болгондугуна байланыштуу коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны кескин түрдө өстү. Мурда отургучтарды 40-60 % толсо азыр 90-100% пайыз кадыресе көрүнүш болуп калды. Бирок ошол учурда деле ал кыргызча айтканда кычаган маалда же болбосо “час пик” учурунда. Ал эми бизде мамлекет тарабынан эч кандай колдоо болбогону аз келгенсип бул көрүнүш кудайдын куттуу күнү кайталанаарын. Маршруткалардын ичи жык-жыйма болуп толгондугуна байланыштуу окуучу кездерде мектепке баратып керектүү аялдамадан түшө албай калып 1 чакырымдай жөө кечигип келген сыяктуу көрүнүштөрдү көрбөгөн немис эли “ О майн Гот дас ист рихтихь катастрофа “- дешип нааразычылыктарын ачык эле көрсөтүшүүдө!
02.06.2022
Дипхольц Германия

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x