КИТЕП ОКУУНУН ПАЙДАСЫ!!!

📚Ой жүгүртүүнү жогорулатат.

Биз канчалык көбүрөк китеп окуган сайын, «эмне деген идеяны бергиси келген» деп ойлонуп , ой жүгүртүүбүз өнүгө баштайт.

📚Стресстен арылууга жардам берет.

Жатаар алдында окуп жатсаңыз, психика калыбына келип, тынчтанып калат.

📚Сөз байлыгын көбөйтөт.

Ар түрдүү жанрдагы китептерди окуу менен сөз байлыгын көбөйтүп, билимдүү боло аласыз.

📚Өзүнө ишенген адам болууга жардам берет.

Адамдар менен сүйлөшүп жатканда түрдүү темаларда сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берип, өзүңүздү эркин алып жүрөсүз.

📚 Чыгармачыл адам боло аласыз .

Китептерден көп идеяларды алып, жашоодо аларды ишке ашырса болот.

📚Уйкуну жакшыртат .

Уктаар алдыда дайыма окуп жүрсөңүз , организм көнүгүп , окуп баштаганда эле уйкуга даярданып , тынч эс аласыз.

📚Эске тутуу менен логиканы жакшыртат.

Китеп окуганда чыгарманы түшүнүш үчүн ,көп нерсени эске тутуп , логиканы иштетиш керек.

📚Көңүл койгонду үйрөтөт.

Китеп окуганда башка нерселерге алаксыбай , чыгарманын маанисин түшүнүү үчүн көңүл бөлүш керек.Бул да жашоодо керек сапаттардан. (текст интернеттен алынды)

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи