Пландоону – биз үй-бүлөлүк бюджетти, эс алууну, жумуш тапшырмаларын, азык-түлүк сатып алууда ж.б. учурларда көп колдонобуз. Бирок карьерага келгенде көбүбүз агым менен жүрүп, конкреттүү пландарды түзбөйбүз. Башка жагынан карасакчы?
Карьера планы – бул эки сыйкырдуу сөз, алар бизди көздөгөн максатыбызга оңой жана дээрлик оорутпай жетелейт. Ал эми кийин балким кыялыбыздагы өлкөдөгу чоң компаниянын бирин башкарып атып, мунун баары алдын ала пландалган деп ишенимдүү айта алабыз.
Карьера планы деген эмне?
Карьера планы — бул биздин максатка жетүү жолун аныктоочу белгиленген кадамдар: кызматтан көтөрүлүү / эмгек акыны көтөрүү, тармакты / иш ордун өзгөртүү. Жүрөгүңүз каалаган нерсени алмаштыра аласыз.
Максаттын өзүнөн баштап, андан кийин планга өтүү маанилүү.
Максатты кантип тапса болот?
Максатты SMART технологиясын колдонуу менен жазып алса мүмкүн:
Specific (Өзгөчө) – жетишүүнү каалаган конкреттүү натыйжаны жазыш керек.
Measurable (Ченемдүү) – максатка жетүү деп эмне экенин түшүнүү керек жана кайсы учурда сиз ага жеткениңизди түшүнөсүз.
Achievable (Жетүүгө болот) – максат реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болушу керек.
Relevant (Тиешелүү) – сизге чындап баалуулук алып келе турган жана муктаждыктарыңызды канааттандыра турган максат коюңуз.
Time bound (Убакыт чектелген) – ар бир максаттын, ага жетүү үчүн талыкпай иштей турган убакыт алкагы/ченеми болушу керек.
Таблица түзүңүз (Notion колдонсонуз болот)
Максат түзүлүп, жазылгандан кийин ага кантип жетүүгө болот дегенге өтсөңүз болот. Сизге эки вариантты сунуштайбыз:
1. Жөндөмдөрдүн планы
Бул сиздин азыркы абалыңызды, рыноктун муктаждыктарын жана эмнени жаңыртышыңыз/үйрөнүү керек экенин талдоодо планы.
2. Этаптар планы
Бул жерде сиз эмнени, качан жана эмне үчүн кыла турганыңызды тилкелерде майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп бересиз. Бул карьерасын жаңыдан баштап жаткандар же өз ишмердүүлүгүн өзгөртүүнү көптөн бери кыялданып жүргөндөр үчүн идеалдуу.
Ал эми план жазуу жарым иш экенин эсте болсун. Натыйжалуулугун жана актуалдуулугун көзөмөлдөөнү унутпаңыз! Мүмкүн, аны ишке ашыруу процессинде сизде кандайдыр бир этаптарга карата шектенүү же нааразычылык пайда болот. Андан кийин планды оңдоо керек болот. Мындан тышкары, дүйнө өзгөрмө жана башаламан. Бизнес процесстери өзгөрүшү мүмкүн. Бирок сиз кийим тигип улам ондоп жатканыңызды элестетиңиз. Натыйжада, сиз так көлөмдө костюмга ээ болосуз.
Артка кайтпай жолуңузду уланта бериниз, ийгиликке мээнет менен албетте жетесиз!