Кантип үйдүн ички жасалгасын табигыйыраак кылса болот?

Дизайн долбоорлордо жалдоочу каалаган биринчи нерсе – бул жашоо/иштөө үчүн комфорттуу чөйрөнү, ыңгайлуу жай, ар түрдүү жашоо тиричилиги үчүн баланска келтирилген зоналарды жана ошондой эле, долбоорго уникалдуулук берген кызыктуу фишкаларды алуу. Анан дагы жайында ашыкча тийген күндөн коргонуу же болбосо тыштагы унаалардын чаңы, шуулдаган кошуналар ж.б тышкы чөйрөгө байланыштуу каалоолору да кездешет. Бул суроолордун баары менен дизайнерлер жана архитекторлор ар бир долбоордо түздөн-түз иш алып барышат.

Бирок, мен бүгүн дизайн кантип жеке адамдын эле эмес, жалпы коомдун(кире бериштин масштабында болобу же үйдүн, райондун, жада калса шаардын) жашаган жерин сапаттуу жакшырта алаары жөнүндө ой жүгүрткүм келди.

1) Жарык чыгаруучу диод менен жарыктандыруу жана А+ класстагы тиричилик техникасы

Элестетсеңер, биз баарыбыз күйүүчү диод чырактарына, шамчырактарга жана энергия үнөмдөөчү жабдууларга өттүк дейли – өзгөчө кыш мезгилиндеги, көптөгөн райондор туруктуу чыңалуусу менен кыйынчылыктарга кездешкен учурда, канча мегаватт электрэнергиясын сарптап кала алабыз!  

Белгилеп кетчү нерсе – күйүүчү диод чырактары(Led деп белгилүү), танымал пикирлерге карабастан, дайым эле муздак түстөргө ээ эмес. Алардын нейтралдуу ак жана жылуу түстүүлөрү дагы бар.

2) Жашыл фасаддар

Мүмкүн, көбүңөр имараттардын фасаддарын жашыл көшөгөдөй, кооз кылып чөптөр жаап алгандарын көрсөңөр керек. Анын тышкы кооздугунан тышкары пайдасы – бул жок дегенде тышкы чаңдан кошумча коргоп, жайкы мезгилде имаратты салкындатуусу, мындай салкындатуу салкындатуучу жабдууларга кетчү энергочгымдарды азайтат. Ошондой эле, албетте, кычкылтек өндүрүүсү.

3) Мусорду кайра иштетүү жана өзүнчө сорттоо

– мен жарым жыл мурун билген кызыктуу тема. Мында, баардык тамак-аш калдыктары башка калдыктардан өзүнчө сорттолот, бирок таштанды кутучаларына жиберилбей, өсүмдүктөргө жана жерге пайдалуу азык болот. Натыйжасындагы компост сонун жер семирткич боло алат, ошондой эле жер кыртышынын кургашына жол бербейт жана сугаруу үчүн зарыл болгон суу көлөмүн азайтат. Менин оюмча бул жеке үй ээлерине гана эмес, бакчасында дарактары же башка өсүмдүктөрү бар жашыл зоналуу квартира ээлерине дагы пайдалуу боло алат.

4) Кайра иштетилип чыккан материалдардан эмерек жана жасалгалоо буюмдары

– менимче, бул жерде баардыгы түшүнүктүү, эң негизгиси сиздин буюмдарыңыз автошинадан жасалган аккууга окшош болбосун.    

5) Кран чорголору

Ванна бөлмөлөрүндөгү заманбап, аэратор түрүңдөгү чорголор сууну керектөөнү кыйла кыскарта алат. Бул бүтүндөй айлана чөйрөгө туура таасирин тийгизет.

6) Гипсокартон шыптары

Мен баардык кардарларга, ремонт үчүн гипсокортон шыптарын колдонууну сунуштайм. Жок эле дегенде, алардын эстетикалык көрүнүшү үчүн. Керме шыптарга карганда, алар желим сыяктуу көрүнбөйт, монтаждан кийин жагымсыз жыттарды чыгарбайт, өрт чыкса ууланбайт жана жакшы чирийт/кайра иштетилип чыгат.

7) Сактоо системасын кылдат пландаштыруу

Өзүмдүн жеке тажрыйбама таянсам, көбүнчө элдердин шкафтарындагы мейкиндик толугу менен колдонулбайт. Текчелердеги буюмдар белгилүү гана деңгээлге жетет, бирок бийиктигин толук ээлебейт. Сапаттуу жабдуулар, атайын кутулар, рейлингдер жана илгичтер системасы, баалуу чарчы аянттарды бошотуп, шкафтын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө жардам берет жана эмерек өндүрүү үчүн сарпталуучу материалдардын санын дагы оптималдаштырат.

8) Баардык керексиз нерселерди таратуу

Бизге кээ бир буюмдарыбыз менен ажырашуу кыйын – биз аларды колонбойбуз, бирок ошентсе да алар турак жай аянтын ээлеп, чаң чогултушат жана убак-убагы менен көңүл бурууну талап кылышат. Эң сонуну, адамдардын, мүмкүн башка адамдарга керегирээк нерселери менен бөлүшүүгө даярдыгы. Өзүңүздүн керексиз буюмдарыңызды, эмеректи, идиш-аякты, китептерди таратуу менен – сиз алардын оордуна өзүңүздүн мейкиндигиңизди жаңы, сизге гана керектүү предметтер менен курчоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле адамдардын чоң ыраазычылыгын аласыз.        

Мен эки жыл мурун мага өзүнүн эски, жаңы жылдык балатысын берген кызды аябай жылуу сезимдерим менен эстейм. Жылдагы бир күн үчүн жаңысын алууну таптакыр каалаган эмесмин. Анан бир нече убакыт өткөндөн кийин, мен дагы кереги жок нерселерди бере баштагам.

Жыйынтыктап айткым келген нерсе: мен кишилерди ашыкча аскет болуп жана минималдуу талаптар менен жашоого чакырбайм. Бирок, эгер биз келечек муундары үчүн, биздин планетаны сактап калгыбыз
келсе, жоопкерчиликтүү болууну, мен өтө маанилүү деп эсептейм.

Баарыңарга жакшылык!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x