Мен Бишкектин дизайн чөйрөсүндө кандай кыйынчылыктарды көрүп жатам?

1) Рыноктун катышуучуларынын арасындагы атаандаштыктын жетишсиздиги – кээде керектүү материалдарды, буюмдарды Алматыдан же Москвадан сатып алуу ыңгайлуураак.

2) Дизайн-долбоорлордун рыноктогу колдонуучулардын продукция тандоосунан ачык көз карандылыгы – ошондуктан көбүнчө учурда дизайнерлерге кардар каалаган нерсени эмес, эмне бар болсо, ошону гана тандоо туура келет. Мисалга,  жашырылган рельс системасы бар купе-эшиктерди табуу кыйын, башка өзгөчө материалдар жөнүндө айтпай эле коёлу. Эгер обойлор, плитка, паркет, ламинат жана башка жасалгалоочу материалдар жөнүндө айтсак, анда абал өзгөчө: көптөгөн кызыктуу түрлөрүн заказ кылып, күтүш керек, бул кардарларга жана куруучуларга дайыма эле ыңгайлуу эмес.

3) Дилерлер менен дизайнерлердин ортосундагы жабык баарлашуу системасы. Белгилүү бир дизайнерлердин тизмеси бар, аларга убак-убагы менен келээрки жолугушуулар, конкурстар жана презентациялар жөнүндө маалыматтар жөнөтүлүп турат. Бул тизмелерге техникалык жактан түшүү аябай оор деп ойлобойм, бирок, баардык ушундай маалыматтар жеткиликтүүрөк болсо жакшы болмок.

4) Анан, менин оюмча убак өтүп, өзгөрөт деп ишенген жана мен үчүн эң чоң жетишсиздик – бул дизайнерлер бири бири менен баарлаша алган белгилүү бир аянттын, бирикменин жоктугу. Биздин шаарда аябай активдүү велосипедчилердин, ишкерлердин, фотосүрөтчүлөрдүн, музыкант жана артисттердин, заманбап сүрөтчүлөрдүн, спортчулардын, журналисттердин коомчулуктары бар, жана ошондой эле мен билбеген, көптөгөн башка топтордуку болушу толук ыктымал. Бирок, архитектуралык дизайнды алсак, азырынча баардыгы жеке таанышуулар, соц. тармактарда жергиликтүү маселелерди талкуулоо менен гана чектелет. Жеке мен үчүн, биргелешкен долбоорлор, кызматташтык, ачык талкуулар жана жолугушуулар жетишпейт.

Өз сөзүмдү жыйынтыктап жатып, баары ушунчалык жаман жана иштөө абдан кыйын деп айта албайм. Кээде ушундай чектөөлөр, жаңы жана уникалдуу нерселерди жаратуу менен, долбоорлор үчүн стандарттуу эмес, кызыктуу чечимдерди табууда капысынан жардам берет.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x