Фрэнк Геринин жашоо принциптери

Фрэнк Оуэн Гери – азыркы замандын эң кары (87 жаш) жана таасирлүү архитекторлорунун бири,  Притцкер премиясынын лауреаты (1989), шаарлардын жашоосун өзгөрткөн Бильбао сыяктуу бир нече культтук имараттардын автору.

Мен деконструктивист эмесмин! Бул термин мени чынында эле ачууландырат.

Мен дагы деле билбейм, компьютерди кантип колдушту, бирөөгө эле ыргыта албасам.

Биздин дүйнөдө бүгүнкү күндө курулуп жаткан жана долбоорлошуп жаткан баардык нерсенин 98% бул чыныгы бок. Ал жакта эч кандай дизайнердик маңыз, эч кандай адамзатына же дагы бир нерсеге сый жок. Бул болгону үрөй учурган имараттар – болду ушуну менен. Чынында, кээде адамдардын тобу өзгөчө бир нерсе жасайт. Бирок, бул жетишсиз. Биз өзүбүздүн ишибизге берилгенбиз жана мен жумуш тилемчилик кылбайм… Мен архитектураны искусство катары сыйлаган клиенттер менен иштейм. (Испаниялык Овьедодогу пресс-конференцияда, октябрь, 2014 жыл; кийин сөздөрү үчүн кечирим сураган).

Мен үчүн ар бир күнбул жаңы иш. Мен ар бир долбоорума, бул менин жашоомдогу жаңы эле кыла турган, биринчи долбоордой, туруксуздук сезими менен киришем, мен тынчсыздана баштайм, мен жөн гана жылып, иштей баштайм. Бирок мен, кайда баратканым жөнүндө бышык эмесмин – эгер багытымды билген болсом, мен эч нерсе кыла албайт элем.

Баардыгы финалга даярданып калган учурда, мен баштоого дал өзү даярмын. Бул менин жашоомдун баяны болуп саналат.

Эмнеге элдер архитекторду жалдап алып, анан ага эмне кылыш керек экенин көргөзө башташканын түшүнбөйм.

Мен ар бир тапшырмага скульптуралык объект, мейкиндик идиши, жарык жана абанын мейкиндиги, контекстке жооп, сезимдер менен рухтун дал келиши катары киришем. Бул контейнерге, бул скульптурага, өзүнүн муктаждыктарын элдештирүү үчүн, колдонуучу өзүнүн багажын, өзүнүн программасын алып келет жана аны менен өз ара аракеттешет. Эгер ал кыла албаса муну, анда мен муну ишке ашырган жокмун.

Чындыгында мен, эреже катары, артист Константин Бранкузинин [абстракттык скульптура стилинин негиздөчүлөрүнүн бири] позициясынан ойлоном. Ал, көптөгөн архитекторлорго караганда, менин чыгармачылыгыма чоң таасир тийгизген. Кимдир бирөө жада калса, менин Нью-Йорктогу бийик имаратым [BeekmanTower] Бранскузинин скультурасындай көрүнөт деп салыштырыптыр. Ал эми архитектура дүйнөсүнөн мен эки кишини атап кетет элем – Алвара Аалто – мен аябай сыйлаган киши, – жана, албетте, Филип Джонсон.

Beekman Tower, Ф. Гери
Скульптура «Чексиз колонна», К. Бранкузи

Мен эски идеяларды кайра жасай албайм. Жаңы нерсеге жетүүнүн жалгыз жолу – бул алдыга умтулуу жана артка көз чаптырбоо. Силер өткөндөн сабак алсаңар болот, бирок ошол эле учурда силер өткөн менен жашабашыңар керек.

Менин сүрөттөрүмдөгү эркиндик менин архитектурамда элес алат.

Мен жана мага иштеген кишилер үчүн, биз кылган баардык нерселерде, кайсы бир мааниде финалдык продукттун өзү азыраак, ал эми финалдык продукка жетүү алда канча көбүрөөк, анткени долбоорду жазаш үчүн биз өзүбүздүн баардык убактыбызды жумшайбыз. Ушинтип, биз баарыбыз өзүбүздү бактылуу деп эсептегенибизден тышкары(анкени биз маанилүү кардарлар жана ири консультанттар менен иштейбиз), бизди баарынан мурда жаратуу процесси өзү толкундантат. Бирок биздин бул өзгөчөлүгүбүздү баары эле биле бербейт, анкени биздин жумушубуздун бул тарабын көрүү мүмкүңчүлүгүнө эч качан ээ болушкан эмес. Анан эң эле чоң ката – бул биз эч качан функциясы же бюджет жөнүндө ойлонбойбуз, же биз түрүлгөн кагаздын тегерегинде отурабыз, ал эми биз үчүн бүт жумушту компьютер жасайт, же кийин журналдардын бетине түшүү максатында, биз болгону укмуш көрүнүштөрдү курууга басым кылабыз деген божомолдорду түртүү.

Мен муну жеке аракет
деп эсептейм
. Мен улуулук маниясы менен жапа чекпейм жана бүткүл дүйнөнү багындырып алуу жөнүндө ойлонбойм. Баарынан мурда, ийгилик мен өзүмдүн багытымды карманган үчүн келди. Мен бирөөнүн карамагына ойногом, ошол эле учурда дайыма артка кайткам жана жеке көз карашымды сактагам. Мен атайын  жайылткам ушул жеке колжазмамды – же муну кантип атагыңар келип турат? Билбейм, кандай таасир калтырганымды; бирок жеке канааттануу менде жетиштүү болду.

Мен жай архитектормун. Мага долбоорду жасаганга көп убакыт берилген. Анан мен өзүмдүн курулуш идеяларымды абага жана жерге, чачып салат деген аңгеме чындыктан өтө алыс.

Мен үчүн эркин байланыш, ассоциация манилүү. Бирок ал жоопкерчилик сезиминен, пропорциялар сезиминен – адамдык пропорциялар, коомчулуктагы мамилелердин маанилүүлүгүнөн жана башка… анын ичинде долбоордун бюджети, кардардын капчыгы, анын каалоолорунан… өсүп чыгышы керек. Буларга карабастан, архитектордо чыгармачылык үчүн мейкиндик калат жана мен ойлойм, биз долбоорго чулганган, таасир тийгизген жана басым жасаган баардык нерселерди изилдешибиз керек. Мунун баары болсо интуициядан, жана мен атагандай үйрөтүлгөн, окутулган интуициядан кетет. Долбоорго киришүүдөн мурда, сен көп убакыт бою баардык нюанстарды изилдейсиң. Бирок ошол эле учурда, сен чөйрөңдө эмнени көрүп атасың, дүйнөлүк жана маданий окуяларды кантип түшүнөсүң, ошол дагы таасирин тийгизет. Бул чындыгында чоң картина.

Архитектура көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин жаралат. Сен жаш болуп, жолуңдун башында турсаң – сен бир нерселерди куруп жана аларды татып көрүшүң керек. Сен курганды үйрөрүшүң керек. Жана бул өтө оор. Көптөгөн кишилер мунун баарын билүү жөнүндө такыр кам санашпайт. Алар туура курганды үйрөнө элек жатып, түз эле өзүнүн чыгармачылыгын теориялаштырууга аттанышат. Куруу – бул озүнчө дисциплина. Курулуш индустриясы өзүнүн механизмамдерине ээ. Сен аларды башкаруу үчүн, аларды жатташың керек. Анткени сен үч өлчөмдүү объекттерди жасайсың.

Архитектура – бул, албетте, искусство. Анан, архитектура искусствосунун практиги болгондор, алар татыктуу архитекторлор деп аталышат.

Балыктын образы эволюциядан өткөн менин чыгармачылыгымда. Мен көптөгөн наброскаларды жана картиналарды жасагам жана акырындан балыктар башкача айтканда мен өзүмдүн курулуштарымда жете албаган кемтиксиздиктин символу жана образы болуп калды… Балык адамдарды миллиондогон жылдар курчап келет, ал табигаттын жаны болуп саналат, кыймылдуу жана узак созулган формага ээ. Ал жандуу жана ойдон чыгарылган эмес. Ачыгын айтканда, балыктын формасы биринчи башыма келгенде, мен ойлогон да эмесмин, ал менин чыгармачылгымда борбордук болуп калат экенин.

Мен Бильбаого кайтып келгенди жакшы көрөм. Менин баардык имараттарым азыр менин үй бүлөмдүн бир бөлүгү болуп саналышат.

Фрэнка Геринин жашоо жана чыгармачылык хронологиясы, тандалган постройкалары:

1929 – Торонтодо төрөлгөн, Польшалык иммигранттардын үй бүлөсүндө.

1946 – Лос-Анджелеске жашаганы көчүп кеткен.

1954 – Чыгыш Калифорния Университетинин бакалавр деңгээлин алган.

1957 – Гарвард университетинде магистром болгон.

1962 – Өзүнүң жеке архитектуралык бюросун ачкан.

1978 – Лойоланын Юридикалык мектебин долбоорлоштурган. Лос-Анджелесте, АКШ.

1984 – Калифорниянын Аэрокосмикалык музейи жасалган.

1989 – Престиждүү Притцкеров премиясынын лауреаты болгон.

1991 – «Дүрбү-үй» – Chiat/Day реклама агенттигинин имаратын курган.  Венецияда, АКШ.

1992 –  Япониянын Императордук премиясын алган.

1992 – «Сүзгөн балык» скульптурасын ойлоп тапкан. Барселона Олимпиада айылында.

1994 – Прагадагы «Бийлеген үй» долбоорун ишт
еп чыккан, соавтору – Владо Милунич.

1997– Гуггенхайм музейи Бильбаодо ачылат.

2000 – Музыка музейи Сиэтлде салынган.

2003 – Уолт Дисней атындагы Концертнтик зал ачылган. Лос-Анджелесте.

2004 – Хоккейдин чоң фанаты болуп туруп, Гери хокей боюнча Дүйнө кубогунун дизайнын ойлоп тапкан. Трофей коомчулук тарабынан сынга алынган. Toronto Sun: «БУЛ эмне?» деген аталышы менен чыккан.

2005 – Гери архитекторлор арасында биринчи болуп, «Симпсондор» сериалында өзүн өзү үн коштогон.

2011– Beekman Tower (же «Нью-Йорк-бай-Гери») имаратынын курулушу аяктаган. Нью-Йоркто.

2014 – Парижде Louis Vuitton Фондунун музейи ачылган.

Макала Berlogos Архитектуралык интернет-журналына даярдалган
Которгон Жаныбек Мукаш.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x