Жапон өнөр-жай дизайнери: Наото Фукасава

Наото Фукасаванын минималисттик өнөр-жай дизайндары Apple, Hitachi жана Toshiba гиганттары үчүн эргүү булагы болуп саналат. Наото супер аскеттик жашоо маданиятынын жактоочусу. Заманбап дизайнга тийгизген таасири боюнча Фукасава Дитер Рамстан кем калышпайт. Эмне үчүн ал Кыргызстанда популярдуу эмес, табышмак.

Наотонун долбоорлору катуу эстетикага, аскеттик формаларга, минималисттик сулуулукка жана жапон дзен философиясынын негизги эрежесине негизделген: чыныгы байлык өтө жөнөкөйлүктө.

Бул макалада сиз:

  • Наотонун кыскача биографиясын окуйсуз
  • буюмдарды түзүү жана сатуу үчүн 5 эрежени үйрөнөсүз
  • Фукасаванын белгилүү долбоорлорун көрөсүз
  • дизайнерге электр жарыгы жана суусу жок тоо кепеси эмне үчүн керек экендигин билесиз
промышленный дизайн
designboom интервьюсунан Наотонун портрети

Биография

Наото 1956-жылы Япониянын Яманаши префектурасында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө Фукасава кесиптер жөнүндө китепти барактап жатып, өнөр жай дизайнеринин аныктамасына туш болгон. Ал жактан: дизайнер объекттер аркылуу адамдарды бактылуу кылат, – деп окуйт. Бул аныктама Наотого жагып, келечектеги дизайнер өз өмүрүн бул кесипке арнаса болот деп чечкен.

1980-жылы Наото Тама (англ. Tama) искусство университетинин искусство жана 3D дизайн факультетин бүтүргөн.

Фукасава өзүнүн карьерасын жапондук көп тармактуу Seiko гиганты үчүн сааттарды жасоо менен баштаган. 1989-жылы Наото Сан-Франциского көчүп барып, ал жерде ID 2 деген чакан стартапта иштей баштайт. Наото 15 кесиптеши менен бирге атын IDEO деп өзгөртүп, компанияны эң ири эл аралык өнөр жай дизайн агенттигине айланткан.

1996-жылы дизайнер Токиого кайтып келип, IDEO филиалын негиздеген. 5 жылдан кийин, ал өзүнүн Naoto Fukasawa Design аттуу биринчи бюросун ачкан. Бир жылдан кийин ал тиричилик буюмдарын чыгарган ±0 брендин негиздейт. Ошол эле учурда Фукасава MUJIде техникалык арт-директор болуп иштей баштайт.

Азыр Наото бир эле учурда 4 компанияны жетектейт, көзөмөлдөйт же консультация кылат: IDEO, Naoto Fukasawa Design, ±0 жана MUJI. Кошумча, ал Without Thought (кырг. ой жок) чыгармачыл устаканасын жетектейт, Япониянын биринчи дизайн музейинин теңдиректору жана Токионун эки университетинде лекцияларды окуйт.

Кантип түзүп, сатып жана сыймыктанса болот: Фукасаванын 5 эрежеси

Продукцияны жаратуудан мурун Наото өзүнүн тоодогу алачыкына барат. Үйдө электр жарыгы да, суу да жок болгондуктан дизайнер бир нече күндү аскеттик чөйрөдө өткөрөт. Бул учурда ал азыркы адамга чындап эле өзү жасай турган нерсе керекпи деп ойлойт. Эгер ал керек деп ойлосо, аны мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүнү чечет.

Кападан кайтып келгенден кийин, Наото беш эрежени жетекчиликке алып, продукцияны иштеп чыгууну баштайт.

«Ойсуздук» концепциясы

промышленный дизайн
промышленный дизайн
промышленный дизайн
промышленный дизайн

Эгер адам, мисалы, плеерди кантип иштей турганын же диванды кантип төшөө керектигин түшүнүүгө убакыт коротууга аргасыз болсо, бул жаман дизайн. Буюмду кантип колдонуу керек экенин түшүнүү эссиз болушу керек. Наото бул идеяны “Ойсуздук” деп атаган.

Предмет аз сандагы функцияларды аткарганда түшүнүктүү болуп калат. Мисалы, Наото принтерди, сканерди жана көчүрмөнү бириктирбөөнү сунуштайт – интерфейс өтө татаал болот. Аларды өзүнчө долбоорлоо жакшы.

Бул принциптин негизги идеясы калем жазганда адамды алаксытпагандай, же ичип жатканда стакан адамды алаксытпагандай объекттер да адамдарды алаксытпашы керек.

Сүрөттө: ±0 үчүн тостер жана күрүч бышыруучу

Тактильдүү брендинг концепциясы

промышленный дизайн
промышленный дизайн

Адам предметтерди карап эле тим болбостон, аларга тийет. Эгерде телефондун корпусу алюминий сыяктуу көрүнсө, бирок чындыгында ал пластик болсо, бул сатып алуучуну алдагандык. Тактильдик кабылдоо предметтин маңызын бериши керек.

Проблеманын глобалдуу мүнөзүн түшүнгөн Фукасава дизайнерлер жана маркетологдор үчүн конференцияларга бара баштады. Ал жакта тактилдик бренддөө идеясы жөнүндө сөз кылат.

Бул түшүнүк Наото иштеп чыккан ширенин таңгагында эң сонун сүрөттөлгөн. Бул жерде эч кандай арзан “реквизит” жок. Ар бир майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыккан: кулпунай ширесинин таңгагында жалтырак “терисинде” бүртүкчөлөрү, бананында кара тактар, ал эми киви пакетинде түкчөлөрү бар.

Технология болсо, анда эң алдыңкысы

промышленный дизайн
промышленный дизайн

Наото, мисалы, уюлдук телефонду иштеп чыгууну колго алса, анда жогорку технологияга басым жасайт. Дизайнер дайым тапшырма коёт: буюмду сүрөттөп жатканда “эң” деген сөздү жок дегенде бир жолу колдонуш керек: эң ичке, эң кичинекей, эң ылдам. Эгерде техника бул суроо-талапка жооп бербесе, ал заманбап адамды кызыктырбайт

Фукасава техника – бул жашоону ыңгайлуураак кылган кызмат экенин белгилейт. Ал келечекте адамдын көңүлүн алаксытпаш үчүн аны көздөн жашыруу керек. Идеалдуу мисал “акылдуу үй” системасынын кээ бир элементтери: жарыктарды автоматтык түрдө күйгүзүү, сутканын убактысына жараша температуранын өзгөрүшү, белгилүү бир убакытка программаланган пол жылытуу.

Сүрөттө: Hitachi үчүн лифт HF-1

Эгерде эмерек болсо, анда кылымдарга

промышленный дизайн
промышленный дизайн

Дизайнердин эмеректерге болгон негизги талаптары: бышыктыгы, жөнөкөйлүгү жана функционалдуулугу. Наото белгилегендей, акыркы убакта дизайнда автордук өзүн-өзү көрсөтүү өтө көп болуп жатат, ал эми Фукасаванын эмгектери, нерселердин затынын чагылдырылган маңызы. Дизайнер минимализмдин жана жогорку сапаттын аркасында буюм бир нече муунга жетет жана тажатпайт деп ишенет.

Сүрөттө: Plank үчүн отургучтар жана Linen узун отургуч

“Кош вау” концепциясы

промышленный дизайн

“Буюмдарды узак убакыт бою кардарлар колдонгондон кийин алардын тажрыйбасына анализ жасаганда, мен өзүмдүн дизайным менен сыймыктанам”

Фукасава дизайнерлерди кош вау идеясын карманууга үндөйт. Продукцияны сатып алардан мурун биринчи “вау” сатып алуучудан чыгышы керек. Фукасава үчүн маанилүүрөөк болгон экинчи «вау» мындан ары оңой эмес. Ал адам буюмду колдонгондон жана баалагандан кийин чыгышы керек.

Наото кошумчалайт: “Мен буюмдарды көп убакыт колдонгондон кийинки кардарлардын тажрыйбасын талдап чыкканда, мен өзүмдүн долбоорлорум менен сыймыктанам.”

Сүрөттө: ±0 үчүн кап

Наото Фукасаванын 5 эрежеси Дитер Рамстын долбоорлоо принциптерин кайра карап чыгууга жана аларга жапондук Зен философия идеяларын кошууга негизделген.

Фукасаванын белгилүү долбоорлору

MUJI үчүн CD ойноткуч, 1999

Ойноткуч дубалдагы вентиляторду окшоштурат. Анын капкагы жок, ошондуктан диск көзгө көрүнүп айланат. Электр шнуру өчүргүч катары да иштейт: ойноткучту күйгүзүү үчүн жөн гана шнурду тартыш керек.

Infobar телефонунун концепти, 2003

промышленный дизайн
infobar 2003
промышленный дизайн
infobar 2007

2003-жылы базарды бүктөлмө телефондор каптап кеткен. Фукасава анын аппараты элдин арасынан өзгөчөлөнүшүн каалаган. Ошентип, ал жылмакай ташка окшош моделди жараткан. Наото телефонду байланыш каражаты катары гана эмес, анын ээсинин өзгөчөлүгү катары да ойлоп тапкан.

Ошондон бери дизайнер 4 Infobar моделин чыгарды.

B&B Italia үчүн Х Стеллаждары, 2005

промышленный дизайн
промышленный дизайн

Китеп текчесин дубалдын жанына коюуга же ага илип коюуга, ошондой эле аны менен мейкиндикти бөлүүгө болот. Мындан тышкары, дизайн ар кандай формада жана өлчөмдөрдө болуп, аны универсалдуу кылат.

B&B Italia үчүн Vertigo комплекти, 2007

промышленный дизайн
промышленный дизайн

Подностор менен табактардын комплекти Наотонун негизги дизайн принциптерин чагылдырат: минимализм, компакттуулук, адаттан тыш, эң негизгиси, колуңузда кармоо жагымдуу.

B&B Italia үчүн Papilio креслолору, 2008

промышленный дизайн

Papilio (papilio – кырг. көпөлөк) креслолордун коллекциясын түзүп жатып, Наото акыркы эргономикалык изилдөөлөрдү изилдеген. Дизайнер Papilio креслосунда өзүңүздү ыңгайлуу, бейпил жана коопсуз сезе турганыңызды белгилейт: кошумча пуфик буттарыңызды колдоп турат, ал эми отургучтун “канаттары” ийиниңизди кучактап тургандай.

Коллекция 20 түстө сатылат. Сиз ошондой эле материалды тандай аласыз: булгаары же заказга каалаган кездеме.

Алачык, 2015

промышленный дизайн
промышленный дизайн

Наото шаардын ызы-чуусунан обочолонуу үчүн жыгач алачыктын дизайнын жасаган. Эмеректердин ичинен бир гана аскеттик керебет, стол жана отургучтар бар. Алачыктын фасады терезеси да, каалгасы да. Тунук дубал визуалдык түрдө компакттуу мейкиндикти кеңейтет жана аны табигый жарык менен камсыз кылат.

Көбүрөөк продукт сүрөттөрү

промышленный дизайн
±0 үчүн кол чатыр
промышленный дизайн
Issey Miyake үчүн сааттар
промышленный дизайн
Issey Miyake үчүн сааттар
промышленный дизайн
±0 үчүн сааттар
промышленный дизайн
±0 үчүн сааттар
промышленный дизайн
Artemide үчүн стол чырагы
промышленный дизайн
Artemide Торшер
промышленный дизайн
Aboutwater үчүн кран жана душ
промышленный дизайн
±0 үчүн Калькулятор
промышленный дизайн
±0 үчүн тиш жуугуч

Кызыктуу фактылар

— Наото дизайнер Акилле Кастильони менен художник Сико Мунакатага суктанат, джаз угат, жапондордун салттуу философиясын окуйт жана өзүнүн эмгектеринин арасынан баарынан көп CD-плеери менен сыймыктанат.

— Дизайнер галстук тагынбайт жана мода дизайнын жек көрөт.

— Наото эки даректүү тасмага тартылган: «Затташтырылуу» жана «Гениальндуу дизайн».

— 3 китеп жазган: «Naoto Fukasawa», «Супер нормалдуулук: жөнөкөйдү сезүү» жана «Сөлөкөт».

— Ал жылына бир жолу атаандашкан ири компаниялардын арт-директорлорун жана мыкты дизайнерлерин чогултат. 3 күндүн ичинде алар андан ары ишке ашырчу долбоор менен чыгышат. Натыйжасындагы бардык буюмдарды Япониянын OZONE прогрессивдүү дизайн көргөзмөсүндө көрүүгө болот.


Булак: Losko / Которгон: @janybekmukash

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.

    Контентчи

    © 2022 Контентчи