Кайран, диплом!

Жыйылган эл, сүйүнүшө топураган сенин курсташташтарың, күлмүңдөп сүйүнгөн ата-энелер,  төрдө трибуна, микрофону менен, артында агай-эжелериң, баардыгы өз ордунда, официалдуу калыбында. Кече эле чогу окуганы келишкен группалаштарың, четинен чыгышып,  сөз сүйлөп, кубанычтары,  ийгиликтери, айрым кемчиликтери,  алган билими жана жетишкен тажрыйбасы менен бөлүшөт. Аягында дипломун расмий түрдө колуна алып,  жогору көтөрө сыймыктанып, кол булгалай эл аралайт. Кезек кийинкиде,  ошентип уланат, сенин да кезегиң келет. Күткөн айтылуу кош канат дипломуңду колуңа аласың. Кандай сонун! Бирок бул кинодо, чет элдик Жождордо…

А биздечи,… Кайран диплом, союз тараганы кош барак дипломдун баркы кеткен.  Айрыкча Мамлекеттик деген Жождордо, университет, колледж десем толук түшүнүктүү болобу дейм да. Окууга өткөн көп, окуган аз. Университет көп, билимибиз тайыз,  эгерим “суу кечпейт”. Ким күнөөлүү, байкуш ата-эне, “Мен окубасам да балам окусун” деген аруу тилеги бар.  Кайран студент, энесинин тилегин, атасынын сөзүн унуткан! Эмнеге Билим берүү системасы эмес, эмнеге Университет,  колледж эмес дешиң мүмкүн. Шашпа, ага да кезек келет. Бирок, жашоо сеники, окуй турган сен. Өкмөт ойлобосо,  сен өзүң мээ чайкап,кой! Жөн эле, ой калчап, ойлонуп дейинчи,  болбосо балее басып, мээ чайкап жүрбөсүн, түгөт… таза көк мээ болуп. Оюңду он талаа кылбай, акыл калчап, ар жак бер жагын карап, тандаш керексиң го. А сенин алдыңда мүмкүнчүлүк бар,  тандоо бар! Же сага жөн эле, ошол көк диплом керекпи. Анда бар, ала бер! Сатып ал, акча төлө! Өзүң жүр, иште… Россияда( Эскертүү:Россияда иштеген жаман эмес, бирок кандай иште? Бул маанилүү!)

Мамлекетчи,  өкмөтчү! Билим менен кандай байланышы бар! Кызы-ык, өтө кызык! Сенин мыкты билим алууңа биздин отуз жылдык өкмөт кызыкдар эмес. Эгер, бийликке келген өкмөттөрдүн,  жалпылап койдум, айырмасы жок! Кимиси келди,  кимиси кетти! Сенин мыкты билим алууңа кызыкдар эмес! Кайталайм! Эгер алардын оюнда кымындай бир “БИЛИМГЕ” деген күйүт болгондобу! Кыргыз Мамлекетинин аймагында,  Дүйнөлүк билим берүү системасынын авангарды болгон окуу жайлары болмок! Топ-10, топ-100 санагына кирген! Э, койчу! Каяктагыны айтпай дээрсиң. Кыргызстан дэ, деп. Мына сенин деңгээлиң ушул акыркы төгүндөөң менен бүтөт!

Эмнеге болбосун! Болот, укмуш сонун болот! Акча жок да, дейсиң го э. Ооба, башында жок! Бирок, бир аз чыдасаң! Бир аз гана, мүмкүн он жыл, мейли 20.  Сенин, мен сүйгөн Ата Мекеним, сенин уулдарың-кыздарың этек жеңден алып,  “Оо!”-дегизип баш чайкаткан, алыс көрүнгөн бийиктигиңе жеткирмек!  А сен отурасың, жок! Жатасың, жантыгыңдан! Отуз жылдан бери. Катыгүн ай, ким сени бечел кылды экен ай! Менин Кыргыз Ата Мекеним! Кайран дипломум! Кайран өлкөм,  мени менен чогуу картайдың го!

Сени кор кылган түркөйлүк! Билимсиздик! “Билимдүү” билимсиздик! Отурарсың,  ал эмне деп! Ал ошол, биз билимдүү деген, легендарлуу деп “сыймыктанган”, союздун билимдүү, академик чыгаандары. Бирок, бирок сен адашпа, союз сонун билим берген, бирок аны пайдалана алышпады! Анткени, алардын жүрөгүндө “Элиме” деген, Мамлекеттин эртеңкисине деген күйүт жок эле. Көздөрдү май баскан,  жүрөк толо зил.  Анан кантип, кантип эртеңдин келечеги, жаштарды, жаңы муундун билимин, илимин эстесин! Аттиң гана, кайран диплом, кайран элим, көз жашын сыккан,  үмүт арткан ата-эне!

А сенчи,  сен жүрөсүң.  Шылтооң көп, ар түрдүү, тимеле тоону томкоруп,  Опол тоодой эрдик жасап, эки кол тушалуу,  бошобой.  Окугуң жок, болгону! Эптеп диплом болсо болсо, көк түстүүсү эле жетиштүү, кызыл түшүңө да кирбейт. Анткени сага диплом эле керек, кайран диплом, сага кор болгон. Эмне кыласың дейм да. Иштеп жүрө бер, оромпой тээп, ийнеликтей ойноп жүрө бер. Кайран диплом, ана сага.  Жатат сандыктын түбүндө. Сен билбейсиң дагы, ким койду, канча койду. Эмнеге койду, э койчу анын эмнеге керек экенин деле билбейсиң го, чиркин. Бирок, диплом керек.  Кандай болсо да, көк болсо болдү.

А сенде шанс барбы! Чет элде окуганга. Жакшы, жок мыкты окуганга! Сөзсүз бар! Аны үчүн окуш керек! Сөз жаттап,  баш оорутуш зарыл. Күнү кечке,  түнү дебейин, жата калып окуш керек.  Китепканада түнөш керек.  Жок дегенде, жөн гана окуш керек.  Бирок сен, антпедиң! Акча берип койсом болот дедиң. Диплом сага оңой көрүндү. Өтө оңой! Жеңил, жөпжөнөкөй барак да ал. Мына, сенин дипломуңдун , “көк” дипломуңдун баасы, куну ушул болду. Берип коем, коюп коёт. Кайран,  кайдыгерлик,  кайран диплом.  “Көк” диплом. Базардагы көк улактай эле, чыркырап сатылып кетти. “Баа”- этип бир буркурап алгандыр э, кайран көк дипломум,  жат эми, катылып.  Сандыктын түбүндө, чоң энем илгери момосуй, жапон жоолук катчу эле, эми сен да кошул, момурайып. Бечара, башка эмне кылсын. Кетти дагы, ырасияга,…иштегени. Кайран диплом.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x