iPod кетти, подкаст кеттиби?

Жок.

2022 жылдын 10 майынан тарта, Apple iPod чыгарылбай тураарын билдириптир.

Музыка угуу маданиятына гана эмес подкаст угуу, жада калса подкаст сөзүнүн келип чыгышына да таасир берген гаджеттин чыгарылуусу токтотулду. Айтмакчы “подкаст” сөзү да “iPod” жана “broadcast” сөздөрүнөн келип чыккан.

Эми эмне болот? Подкаст дагы кеттиби?

Жок. Бирок, iPod өтө кызыктуу тарыхты калтырып жатат. Себеби, көп жылдар өтпөй, подкаст сөзү эми эски технологияга байланган сөздөргө кирип калат.

Подкаст жашайбы?

Сөзсүз. Себеби, аны Apple компаниясы элге тартуулап жатканда, чөнтөктөгү радио менен салыштырган. Ал эми чөнтөк радиону(подкастты) азыркы учурдагы бардык эле смартфондор аркылуу ойното алабыз жана ойнотулуп келген. Ошондуктан подкасттын өлүүсү күмөндүү.

Бул форматтын өзгөчөлүгү жазылган сүйлөшүүлөрдү каалаган учурда ойното алуу мүмкүнчүлүгү болгон.

Эгер сиз подкаст угууну уланткыңыз келсе, Кажы-Кужу подкастына жазылгыла.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x