Эмнеге славяндар Орто-Азия мигранттарын жек көрүшү мүмкүн?

Албетте бул макаланын темасы катуу угулушу мүмкүн. Бирок, эмнеге орустар[көбүнчө] орто азия элдерине бийик карайт? Ойлорум менен бөлүшүп кетүүнү чечтим.

Биздин үн коштоо тобубузда, кеңседе отуруп, сүлөшүп калмайыбыз бар. Бир күнү үн режиссёрубуз менен отуруп, ксенофобия жөнүндө сүйлөшүп калдык. Ошондо, үнчү балам олуттуу ойду айтып калды..

Ошондо эмнеге андай? – деген суроого төмөндө кененирээк айтып берем.

Тил маселеси

Баарыбыз билгендей эле, орус өлкөсүндө тажик, өзбек, ал түгүл кыргыз мигранттары тилди билбей эле барып алышат. Тилди билбеген, сенден жакырыраак адамга мамиле кандай болот негизи? Менин оюмча, образдуу алганда, титулдуу эл тил билбеген адамдар менен маймылча карым катнаш кылышат.

Чоң өлкөгө тил билбей барып алып, дагы кандай мамиле күтсө болот?

Жумуш

Көбүнчө учурда мигранттар тандачу жумуш – бул кара жумуш. Эгер тил билбесең, билимиң жогору болбосо. Сени ким эле келип, төргө өткөзүшү мүмкүн? Жөнөкөй, кара жумушта иштеген адамдарга мамиле көбүнчө учурда өйдөдөн ылдый болот, бардык эле коомдордо. Аны каалайбызбы же каалабайбызбы.

Маданият жана диалог

Мигранттар орус өлкөсүнө барганда маданий жактан алардан бөлүнүп турат. Кээ бирлери ошол, барган өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, жашоо стилин, үрп-адаттарын ж.б ички дүйнөсүнө айкалыша алышпайт. Кээ бирлери кабыл алуудан да баш тартат деп ойлойм.

Кыскасы, барган жердеги коомго иммунитети жок эле келип алышат.

Империялык тарых жана ксенофобия

Албетте ксенофобия орус элинде кездешпейт деп айтууга болбойт. Бирок, ошол эле учурда андай нерсе бардык өлкөлөрдө бар. Бирок, ошентсе дагы орус мамлекети империя болгон мамлекеттердин катарына кирет жана аны орус жарандарынын билүүсү, белгилүү бир текебердикке түртөт деп ойлойм.

Жакырчылык жана колониалдык ой жүгүртүү

Көбүнчө орусияга кетип жаткан биздин жана Орто-Азия өлкөлөрүнүн жарандары акча табуу үчүн кетишет. Мунун бирден бир себеби, үй-бүлөлөрдөгү колониалдык тарбия жана билимге умтулуунун жоктугу деп ойлойм. Албетте, жакырчылык менен бирге.

Көбүнчө адамдар билим алууну каалашпайт. Ал эми билимсиз адамга, бардык эле коомчулукта жөн эле, чоң оорундарды дароо бере коюшпайт. Ага татыктуу болуш керек.

Жыйынтыктоо

Менин оюмча биз башка өлкөлөрдүн адамдары менен тең ата сүйлөшкөнгө умтулушубуз керек. Албетте, ар бир адам жакшы мамилеге татыктуу. Бирок, ынтызар болуп, ишеним менен жашап, өз баасын билген адамдар чоң бийиктиктерге жетишет.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    2 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии
    Kalys Osmonov
    Kalys Osmonov
    1 год назад

    Славяндар бул орустар гана эмес. Бул украин, беларус, поляк, чех, словак, словен, серб, болгар ж.б. элдер. Алардын баарында мигрантофобия жок. Тескеринче бул элдердин көбү мигрант болуп чет өлкөлөрдө жүрүшөт, мигранттык тилектештик бар

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    2
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x