10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк илим күнү катары белгиленип келет. Кыргызстандагы илим чөйрөсү, анын көйгөйлөрү кандай? Анын өнүкпөй жатканынын себептери жана чечүү жолдору кайсылар? Жаш илимпоздор эмнелерге көңүл бурушу керек? Дал ушул суроолорго Онлайн университетинин негиздөөчүсү, дүйнөлүк бир катар илимий конференциялардын катышуучусу, коммуникация илими боюнча өлкөдөгү эң алгачкы Доц., доктор Элира Турдубаева жооп берди.
– Айтсаңыз, бүгүнкү күндө Кыргызстанда илимдин өнүкпөй жаткандыгынын себептери эмнелер?
– Менимче, Кыргызстанда илимдин өнүкпөй жаткандыгынын себеби жогорку окуу жайлардын Билим берүү министрлигине, Илимдер Академиясына көз каранды болуусу. Илим жактай тургандар Жогорку аккредитациялык комиссияга гана көз каранды болууда. Бул системанын катасы. Алсак, өнүккөн өлкөлөрдөгү университеттер өздөрүнүн илимий иштерин өздөрү жүргүзөт. Илим докторлорун, илимдин кандитаттарын өздөрү чыгарат. Ошондой эле, Стенфорд, MIT сыяктуу университеттер жылына миңдеген нерселерди ойлоп таап патент алышат. Университет өзү илимий ачылыштарды жасап, бир эле окутуу эмес, илимий изилдөөнү дагы кошо алып кетишет. Университетти аккредитация кылганда дагы 70-80% изилдөөгө канчалык көңүл бурарына, 20-30% окутуу жагына карашат. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдүн университеттеринде мугалим эң көп экиден гана сабак берет. Калган убактысын изилдөөгө кетирет. Биздеги мугалимдер 5-6 сабактан беришет. Бул мугалим үчүн өтө оор. Изилдөөгө мугалимдин убактысы жок. Мындан тышкары ар бир университеттин өзүнүн илимий изилдөө фонддору болушу керек. Илим адамдарына акча бөлүп бериши керек. Ошол акча менен алар изилдөө жүргүзүшөт. Бизде Кыргызстанда да мындай фонддор бар. Бирок аларда каржылоо жок. Биринчиден, илимпоздордун окуу жайларда сабактары көп, убактысы жок. Экинчиден, каржылоо жагы аксайт. Үчүнчүдөн болсо, университеттер изилдөөгө көп көңүл бурбайт. Сабакка эле көңүл бурулуп изилдөө аксап калууда. Мындан тышкары илимий изилдөө методдорун илимпоздор билбейт. Андыктан бул багытта көбүрөөк тренингдер өткөрүлүшү керек.
– Илимге өкмөт көңүл бурбайт, ЖОЖдо болсо жемкорлук иштер менен илимий эмгектер жазылары айтылат. Бул нерсе улана берсе Кыргызстандын илимий келечеги кандай болот?
– Аябай көйгөйлүү суроо… 1991-жылдан бери жаштар арасында эмнеге мыкты илим адамдары чыккан жок? деген суроо туулат. Бизде илим жаатында жемкорлук өзүнчө бир маселе. Бирок эл аралык университеттерде жемкорлук жок. Аларда жемкорлук жок болгону менен тилге байланыштуу системанын катачылыктары бар. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуу түрк тилинде болсо, Борбордук Америка университетинде англис тилинде жүрөт. Ал университеттерде тил төрт жыл окутулат. 4 жыл ичинде бир тилди илимий деңгээлде толугу менен үйрөнүп, изилдөө жазганга студенттин сөздүк байлыгы жетпейт. Тилди күнү-түнү окуш керек же ошол тилде сүйлөгөн өлкөгө барып жашап келиш керек. Университтерде студенттер үчүн алмашуу программалары болушу керек. Бизде тилди билбегендик да чоң көйгөй. Экинчиден, мугалимдер да көңүлкош, кайдыгер мамиле кылып коюшат. Көзүн жумуп эле студентти өткөрүп коюшат. Студенттин иши көчүрүлгөн болсо деле, өткөрүп койгон учурлар жок эмес. Мугалимдер да орусиялык окумуштуулардын китептерин которушуп илимий иштерин жактап жатышат. “Балык башынан сасыйт” болуп, мугалимдер өздөрү да көчүрүп алып жатат. Моралдык деградацияга кептелип жатабыз.
– Бул маселени кантип чечсе болот?
– Мугалимдер өздөрү компетенттүү болушу керек. Санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту, маалыматтык сабаттуулукту көпчүлүк мугалимдер билишпейт. Жөнөкөй эле Google’дан маңыздуу материалдарды издегенди биле беришпейт. Мындан тышкары биздин окуу жайларда сынчыл ой жүгүртүүгө байланышкан сабактар жок. Бул сабак сөзсүз түрдө бир гана журналисттерге гана эмес, гуманитардык, табигый так илимдердин курсуна киргизилиши керек. Медиа сабаттуулугу, маалымат сабаттуулугу жана сынчыл ой жүгүртүү деген сабактар окуу жайларда окутулушу керек. Мындан тышкары аял эркектин тең укуктары боюнча гендер деген сабак киргизилиши керек деп айтар элем. Ошондо гана илимде аялдардын орду көтөрүлөт. Кыздар мектепти жакшы окуп бүтүрүшөт. Бирок иштебей эле, үйдө отуруп калышат. Алган билимин иштетпей калышууда. Гендер сабагы кириши керек.
– Кыргызстандык илимпоздор кайсы илим изилдөө системасы менен изилдөөлөрүн жүргүзүшөт? Эл аралык стандартка жооп береби?
– Эгер изилдөөчү чет өлкөдөн окуп келсе, сөзсүз изилдөө жолун билет. Кыргызстанда Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Борбордук Америка университети, Эларалык Ала-Тоо университети сыяктуу эл аралык университеттердин магистратура, докторантураларында сөзсүз илимий изилдөө методдору деген сабак бар. Ал эми башка университеттерде журналистика тармагы боюнча илимий изилдөө методдору деген сабак жок эле. Ал сабактын жалпы журналисттерге дарс катары киришин Окуу-методологиялык бөлүмгө жакынкы арада сунуштадык. Бул бөлүм ЖОЖдордогу окуу планын иштеп чыккан уюм болуп саналат. Сунушталган сабак бир гана теория жүзүндө эмес, практика жүзүндө да болушу керек.
– Өлкөдөгү аялдардын илимдеги орду кандай? Тоскоолдуктары, кыйынчылыктары эмнелер?
– Маалым болгондой, илимде жалаң эле эркек адамдар. Буга чейин деле академик, профессорлордун көбү эркектер болгон. Салыштырмалуу түрдө башка тармакка караганда аялдар илимде мугалим катары эле иштешет. Максимум илимдин кандитаты болушат. Илимдин доктору болушу үчүн убактылары же мүмкүнчүлүктөрү жетпей калат. Ал эми көпчүлүк эркектердин доктор болгонунун себеби алар бир гана илимге өздөрүн беришет, бардык убактыларын, күчтөрүн окуганга, жазганга жумшагандыктан доктор болушат. Ошол себептен улам аялдар үй түйшүгү менен гана алпурушуп калып, илимге убактылары жетпей калууда.
– Жаштарды илимге кантип кызыктырууга болот? Дегеле илимге кызыккан жаштар арбынбы?
– Жаштардын арасында да илимге кызыккандар жок эмес. Илимге кызыгып магистратура, докторантурага тапшыргандардын саны өсүүдө. Бирок алар каржылык жактан кыйналышат. Окуунун акысын төлөш керек. Борбордук Америка университетинде магистратура акысы 2000-3000 долларды түзөт. Бул сумманы төлөш кыйын. Бакалавриатта ата-энеси акы төлөсө, бирок магистратурада “өзүң төлө” деп коёт. Студент иштеши керек. Эртеден кечке чейин иштеп, кечинде чарчап калышат. Окуганга толук өздөрүн бере алышпай калат. Ал үчүн бардык убактысын окууга кетиришсе, изилдөө жасашса жакшы жыйынтык чыкмак. Ошондуктан ар бир университет өзүнүн илимий кадрын чыгарам десе, жакшы окуган студенттерин магистратурага алып, андан ары докторантурасын уланттырышы керек. Кенже илимий кызматкер катары алып калып кызыктырышы керек. Илимий лабораторияларды ачып, китептерди алып бериши керек. Илимий журналдарды окууга библиотекалык ресурстук колдоо керек. Мисалы, бир илимий журналга бир жылга жазылуу үчүн 2000 доллар керек.
– Кайсы илимий сайттардан макалаларды алууга болот?
– Орусиянын https://www.dissernet.org/ сайты жалпы илимге кызыккандар үчүн ачык, окурманга жеткиликтүү. Кыргызстандын университеттери үчүн жеткиликтүү болуп саналат. Ал эми Түркияда болсо www.dergipark.gov.tr, http://online.journals.tubitak.gov.tr сайттарыбар. Бул сайттарга Түркиядагы университеттерде жакталган бардык илимий иштер жарыяланат. Каалаган адам алып колдонсо болот. Ошондой эле Түркияда 10-15 чактуу илимди колдогон, каржылаган атайын фонддор бар. Алар илимий изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Бизде дал ошондой илимди колдогон, каржылаган фонддор жок болууда. Илимди колдогон учурда гана өнүгөт, бутуна турат. Англис тилдүүлөр үчүн Европада ачык сайттар бар. Алар https://www.sciencedirect.com/,https://link.springer.com/, https://login.webofknowledge.com, https://www.scopus.com. Бул сайттарда ар бир изилдөөчү өзүнүн иштерин акысыз жарыялап коёт. Мурункуга караганда маалыматка жетүү кыйла жакшырды. Бирок кыргызча илимий сайттар жок. Кыргыз тили жана адабиятынан тышкары башка илимий изилдөөлөр дээрлик жокко эсе. Биздеги жазылган диссертациялар азырынча электрондоштурула элек. Электрондоштурулса да коомго ачык чыга элек. Бизде илимдер академиясы илимий иштерди кол жетимдүү кылып интернетке чыгарса жакшы болмок. Ошондуктан аларды коомчулукка чыгарыш керек деп ойлойм. Мына электрондук өкмөт деп атат. Менимче, биринчи кезекте илимий изилдөөлөрдү электрондук форматка өткөрөлү, элге жеткирели. Ошондо гана электрондук өкмөт болот. Илимди жазып коюп эле тим болбостон, аны жайылтыш керек. Ал өзүнчө маселе. Аны массалык маалымат каражаттары аркылуу популяризациялоо зарыл. Жөн эле текчеге коюп койбой, элдер окушу керек. Илимпоздор жасаган изилдөөлөрүн телевидениеге, радиого чыгып айтышы керек. Коюлган проблеманы бийлик бутактарына жеткирүү, ошол маселенин чечилиши үчүн органдарды чечим кабыл алууга жеткирүү керек. Бул өтө актуалдуу маселе. Бизде изилдөөлөргө көңүл бөлүшпөйт. Орусиядагы, Казакстандагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын көчүрүп алышат. Изилдөөгө мамлекет көп көңүл бурса…
– Өкмөткө бул маселенин актуалдуулугун кантип жеткире алабыз?
– Негизи эле бардык авторитардык өлкөлөрдө бийликтегилер илим адамдарына көп көңүл бурушпайт. Эгер Кыргызстан демократиялуу, либералдуу өлкө болом десе, биринчиден, ушул аналитиктерге көңүл бурушу керек. Think tank аталышындагы изилдөө борборлору атайын маалыматты топтоп, анализдеп жана синтездеп, андан соң бизге сунуштарды берет. Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы гана тармак болбосун илимий изилдөө борборлору бар. Мына ушул борборлор анализ кылып, сунуштарды берет. Кыргызстанда бир гана Улуттук стратегиялык институт бар. Ал бардык тармакты изилдеп жетишпейт. Каржылоосу да аз, изилдөөгө кадрлары жок. Ошондуктан окуу жайларда илимий изилдөө институттары болушу керек.
– Илимде плагиат маселеси да орун алып келет эмеспи. Интеллектуалдык уурулуктун кесепети эмнеге алып барат?
– Бирөөнүн ишин уурдоо ал өнүгүүгө алып келбейт. Ал кайра деградацияга алып барат. Башка бирөөнүн эмгегин уурдап алуу менен “менин эмгегим” деп көрсөткөн кайра эле ошол өлкөнүн артта калуусуна алып келет. Кайсы тармак болбосун анын токтоп калышын шарттайт. Өлкөнүн абийирине, аброюна доо кетирет. Коом тарабынан ишеним жоголот. Бул этикалык маселе. Интеллектуалдык уурулуктун алдын алуу, аны көзөмөлдөө үчүн этикалык комиссиялар түзүлүшү керек. Эгер кимден плагиаттык иш табылса, аны сөзсүз изилдеп, ийне-жибине чейин карап такташ керек. Наамдарды кайра кайтарып алыш керек.
– Көптөгөн чет элдик илимий конференцияларга катышып жүрөсүз. Илимди өнүктүрүүдө кайсы өлкөнүн тажрыйбасын колдонсок болот?
– Белгилүү бир өлкөнүн моделин колдонуу деген нерсе жок. Жабылып алып, өзүбүз менен өзүбүз кайнай бербей дүйнөгө ачылышыбыз керек. Жаңы ачылыштарга ачык болушубуз керек. Чыгыш Европа, Скандинавия өлкөлөрүнүн, Түркия, Америка жана Англиянын кандай өнүгүп жаткандыгына саресеп салышыбыз керек. Канада жакшы өнүгүп жатат. Тажрыйбаны бардык эле өлкөлөрдөн алышыбыз керек. Орус тили менен гана чектелип калбай, сөзсүз англис тилин үйрөнүш керек. Керек болсо кытай, испан тилин үйрөнүш керек. Көп илимий булактар испан, англис тилинде. Дал ошол маалыматтарга жетип, бул жакта колдонуп, андан бир нерсе чыгарыш үчүн тилди үйрөнүшүбүз керек. Мындан тышкары илимий изилдөө усулдарын үйрөнүү керек. Алмашуу программалары менен тажрыйба алмашышыбыз керек. Ошондо гана башкалардан үйрөнө алабыз.
– Журналистика жаатында илимдин доктору катары бүгүнкү журналисттерге берген бааңыз кандай?
– Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда басма сөз эркиндиги бар. Бизде журналистика өнүгүп келе жатат. “Журналистика данных” тармагы катуу өнүгүүдө. Журналистиканын бул жанрында бир эле маалыматты берип койбой, ага статистика, инфографика, далилдер да кошулуп берилет. Санариптик окуяны баяндоо форматы өнүгүүдө. Санариптик технология өнүгүп жаткандыктан калеми курчтук эле мааниге ээ болбостон, журналист аудио, видео, подкаст, инфографика, лонгрид, дизайн жасай алган болушу керек. Ошондуктан азыркы журналисттерге көп кырдуу, универсалдуу болуу талабы өсүүдө. Дагы бир жагдай, бизде журналистика этикасы бир аз аксап жатат. Бирөөнүн аброюна доо кетирип, маалымат булагын так бербеген учурлар көп. Журналистиканын эл аралык стандарттарын колдонушпайт. Бейтараптык маселеси да аксап жаткан учурлар арбын. Мына ушул нерсе жөнгө салынса журналистика бир топ алдыга жылат эле. Журналисттик иликтөө да аксап жатат. Кайсы тармакта болбосун журналисттик иликтөө болушу керек. Ансыз журналистика өнүкпөйт.
– Магистрант, докторанттарга кеңешиңиз кандай?
– Магистрант, докторанттар ушул илимди тандагандан кийин сөзсүз түрдө жан дүйнөсү менен илимге берилиши керек. Илимий китептерди окуганды, макала жазганды, изилдөө жүргүзгөндү сүйүш керек. Илим ушул нерсени талап кылат. Бул кесип аябай түйшүгү оор кесип. Кээде уктабай же таңга маал туруп окууга, жазууга туура келет. Аябай стресстүү, депрессивдүү карьера. Себеби бир эле сааттык лекция окуйм десең, ага он саат даярданышың керек. Болбосо балдарга эмнени айтып бересиң. Өтө жоопкерчиликтүү, жан дил менен берилгендикти талап кылган кесип. Карьералык пландаштыруу керек. Ошого жараша убактысын, күчүн, каржысын колдонушу керек. Өтө татаал кесип. Ошондуктан айрым илимпоздор турмуш курбай, бүткүл өмүрүн китептерине, илимге арнагандар да бар.
– Кыргызстанда илим өнүксүн деген тилек менен сизге ыраазычылык билдиребиз. Ийгиликтер коштосун!