Дүйнө глобалдашып, технология өнүккөн бүгүнкү заманды илимсиз элестетүү мүмкүн эмес. “Илим – бул илимпоздордун гана иши эмес. Ал жашообуздун ажырагыс бөлүгү”,- дейт Сауд Арабияда электроникалык инженерия тармагында докторантурада билим алып жаткан Дөөлөс Айбек уулу. Учурда Дөөлөс достору менен “Илим Tech” аталган маалыматтык-агартуучу долбоорун иштетет. Долбоордун негизинде алар коом агартуу жаатында фактыларга таянган видеолорду жасап, кыргыз тилинде социалдык тармактарда жарыялашууда. Аталган долбоор туурасында Айбек Дөөлөс уулу менен маектештик.
– Саламатсызбы, учурда “Илим дүйнөсүнө саякат” аттуу долбоорду иштетип жатасыздар. Долбоордун максаты эмне?
– Биринчиден, долбоордун эң негизги максаты – бул кыргыз коомчулугунун билимине, сабаттуулугуна салым кошуу. Азыркы учурда социалдык тармактарда керексиз видеолор абдан көп. Колдонуучулар убакыттарынын көбүн ушул сыяктуу видеолорду көрүп өткөрүшөт. Колдонуучулар илимий агартуучу видеолорду көрүп, такталган илимий маалыматтардан кабардар болушса деп максат кылганбыз. Экинчиден, пандемия учурунда интернетте “вирус жок, же 5 G аркылуу вирус таратылат экен” деген туура эмес маалыматтар таркалып жатты. Биздин коомдун көпчүлүгү маалыматтын туура же туура эместигин текшербей туруп эле ишенет. Вируска ишенбегендиктен улам анын таркалышы да күчөп кеткенине өзүбүз күбө болдук. Ушундай нерселер болбосун деген ой менен элдин сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу үчүн “Илим Tech” долбоорун баштадык. Видео материалдарды ютуб жана инстаграм аркылуу элге жеткирүүнүн аракетиндебиз.
– Ушул долбоордун негизинде “Билерман” деген агартуучулук багытында сайт ачкан экенсиздер. Сайттан окурмандар эмнени алышса болот?
– Азыркы учурда “Билерман” сайтынын үстүнөн үч адам иштеп жатабыз. Сайтка социалдык тармакка жарыялап жаткан видеолорду жүктөйбүз. Ал жакта системалуу түрдө физика, химия, биология, математика, дегеле илимге тиешелүү бардык видеолор жарыяланат. Бул колдонуучуларга оңойураак болот. Видеоматериалдарды биз эле эмес, илимге байланышы бар же ага кызыккан башка дагы блогерлер, ыктыярчылар жүктөсө болот. Мындан тышкары, сайттагы суроо-жооп бөлүмүндө бир адам суроо берсе, башка колдонуучу жооп бере ала турган бөлүм болот. Мындай платформа азырынча Кыргызстанда жок. Сайттын атын “Билерман” деп жөн эле койгон жокпуз. Окурмандарды, колдонуучуларды биз билерман деп атадык.
– Долбоордун негизинде тартылган видеолор коомду маалымдандыруу, агартуу жаатында. Ошол эле “смог”, “радиация”, “Google кантип иштейт?” ж.б. туурасында. Биз жыл сайын кышында шаарыбызды каптаган “смог” туурасында сөз кылабыз. Бирок бул багытта чечкиндүү аракеттер көрүлбөйт. Илим адамы катары айтсаңыз, бул маселени кантип чечсе болот?
– 10 жылдын бери Кыргызстанга быйыл гана кышында бардым. Алгач туман экен деп ойлодум. Бишкекте жүргөндө кийимиме сиңип калыптыр. Сауд Арабияга келгенде үйдүн ичи смог жыттанып кетти. Андан зыяндуу заттар чыгып жатканын ал жакта жүргөндөр байкабайт. Бул маселе бир жылда чечилчү көйгөй эмес. 4-5 жылдык план менен чечүү керек. Алгач электр энергиясы менен жылытуу туурасында ойлонгом. Бирок бул учурда электр энергиясы өзүбүздө тартыш болгондуктан авариялар көп болушу мүмкүн экен. Менимче, биринчиден, маселенин чечилиши үчүн сапаттуу көмүр жагылышы керек. Видеодо да бул туурасында айткам. Сапаттуу көмүрдө зыяндуу заттар аз, түтүн да аз чыгат. Түтүн аз чыккандыгы үчүн асманды смог каптабайт. Асманды смог көп каптабаса, күндүн нуру бизге чейин жетет. Бизге күндүн нуру жетсе, демек, жер жылуураак болот. Жер жылуураак болгондугу үчүн биз азыраак көмүр жагабыз. Биздеги көйгөй сапатсыз көмүрдү жагуудан улам болууда. Анкени андан жылуулук деле чыкпайт. Сапаттуу көмүр менен сапатсыз көмүрдүн айырмасын да эске алуу керек. Сапаттуу көмүрдүн табы күчтүү. Бизде көбүнчө көлөмүнө, тоннасына карайт эмеспи.
Экинчиден, түтүн аз чыккан газдарды колдонуу жолу бар. 2000-жылдары мен окуган Анкара шаарын дагы смог басып турган экен. Кийин алар ар бир үйгө газ киргизишкен. Бул көйгөйдү чечүүнүн экинчи жолу болуп саналат. Бизде абанын кирдешинин булагы жер үйлөрдө жагылган сапатсыз көмүр болуп жатат. Анткени AQAir платформасы аркылуу дал ушул жер үйлөр көп жайгашкан жерде абанын булганышы жогору болуп жатат.
Мындан тышкары, катализатор туурасында да айтууга болот. Катализатор – көмүр жагуудагы чыккан жаман газдардын зыянын азайтуу же ошол газдарга башка газды алмаштырып зыянын азайтуу. Же болбосо зыяндуу газды экиге бөлүп, зыяны аз газды чыгарганга аракет кылууну катализатор дейбиз. Мүмкүн ушул ыкманы колдонобуз деген ойлорум бар. Бирок бул ыкманы өзүм толугу менен изилдеп көрө элекмин.
– Коомубузда илимге талпынган жаштар бар. Бирок өлкөдөгү илимдин жана анын практикада колдонулушу өтө төмөн. Дээрлик жок деп айтууга болот. Бизде илимди өнүктүрүүгө эмне жетишпейт деп ойлойсуз?
– Илимге кызыктыруу, бала бакчадан башталышы керек деп ойлойм. Мисалы, көп өлкөлөрдө ата-энелер баланы тарбиялап жаткан учурда аны кийинтип, тойгузууну гана милдет катары көрүшпөйт. Буга билим берүү, тарбия, анын өсүп-өнүгүшү, өзүн, кесибин табышы үчүн шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Илимге кызыгууга түрткү болчу дагы бир себеп бул айлана-чөйрө болуп саналат. Айланабыздагы адамдар эмнеге кызыкса биз да ошого кызыгабыз. Кыргызстанда илим жагына кызыгуу жок. Ошондой эле мектептердеги билим деңгээлин да караш керек. Мектептеги материалдар бир аз эскирек да болушу мүмкүн. Окуучуларды бир гана теория менен эмес, практикалык иштер менен кызыктыруу зарыл. Мектеп окуучулары келечектеги адистиктерин тандоодо да кыйналышат. Анткени ошол кесиптин ээси эмне кылары туурасында маалыматы жок. Биздин алдыңкы пландарыбызда ошол инженердик кесиптер боюнча окуучуларга жол көрсөтүү да бар.
Мен 4 жыл окуган биринчи Жакынкы Чыгыш университетинде теорияны абдан жакшы окуткан. Ал эми экинчи 1, 5 жыл окуган Билькент университетинде болсо практика абдан жакшы болду. Практика жүзүндө көп нерсени үйрөндүм. Чип жасаганды, технологияны колдонгонду ж.б. Ошондуктан окуучуларды, студенттерди кызыктыруу үчүн практика көбүрөк болушу керек. Биз жасап жаткан долбоордун видеолорунда да кызыктырууну эске алуудабыз.
– Инженердик кесиптер деп калдыңыз. Бул тармакта аз да болсо Кыргызстанда долбоорлор иштеп баштады. Бул тармактын келечеги туурасында айтып кетсеңиз.
– Негизи биздин менталитетте “илимди” илимпоздор эле кылат деген түшүнүк бар. Илимди көпчүлүк жашоосунда колдонбой тургандай мамиле кылышат. Бирок жашообуздун бардык тармагында илим бар. Мисалы, бир куруучу архитектор үй курса, ал геометриянын, физиканын закондорун колдонот. Биз илим жана технология менен бирге жашап жатабыз. Анын оң жана терс жактарын аңдоо үчүн илимди билишибиз керек. Илим бул математикалык, физикалык формулалар эмес. Бул жаратылышты таануу. Анткени жаратылышты ачыктап берген физика. Жаратылыштагы болгон нерселер үчүн физика келип чыккан. Мурун жаратылыш болсо, азыркы учурда технологияны таанышыбыз керек. Коомдо телефондогу радиациянын зыяны туурасында туура эмес маалыматттар көп. Буга чейин бул туурасында изилдөөлөр болгон. Бирок мындай пикир туура эмес. Ушул нерселерди түшүнгөн окуучу өзүнүн келечектеги кесибин тандоодо кыйналбайт.
Бизде азырынча завод-фабрикалар жок. Башка өлкөлөр менен технология өндүрүү жаатында жарышуу оор. Биз башка өлкөлөр менен айыл чарба, туризм жаатында гана атаандаша алабыз. Азыркы учурда IT тармагы деп айтсам болот. Бул тармак үчүн заводдун кереги жок. Бул үчүн адам ресурсу, код жазууну билген жаштар керек. IT тармагы Казакстанда абдан өнүгүп жатат. Ал жакта бардыгы электрондоштурулууда. Кызмат көрсөтүү, сатуу жана сатып алуунун бардыгы технологиянын жардамы менен ишке ашууда. Мен жашаган Сауд Арабияда да технология абдан өнүккөн. Бюрократия, кагаз документер менен иштөө жок. Мунун баары IT тармагынын маанисин билдирет. IT тармагын өздөштүрүү үчүн математиканы абдан жакшы билүү керек. Айрым ИТ долбоорлорго физика, химия тармагы да тийиштүү болуп калат. Бул илим менен технологиянын бири-бири менен айкалышуусу.
– Жаштарга кандай кеңешиңиз бар? Эмне деп кайрылат элеңиз?
– Жаштарга убакытты туура пайдалангыла деп айтар элем. Убакыт деген нерсе, кайра кайтып келбейт. “Убакыт – акча”, – деген сөз бар. Алсак, инстаграмда убакытты өткөрөбүз. Ошол көргөн же жазылган баракчалар сиздин ал баракчага жазылганыңыз үчүн, алардын материалдарын көргөнүңүз үчүн акча табышат. Бул учурда менин убактым башка бирөө үчүн акчага айланып жатат. Аны эч кимибиз ойлонбойбуз. Ар бирибиз убакытты акча деп эсептесек, аны секунда менен алсак, адам баласы 70 жыл жашаса ал 2 млрд секунда болот. Бул өтө деле көп эмес. Эгер 2 млрд тыйыныбыз болсо аны үнөмдөп колдонобуз. Ошол сыяктуу убакытыбызды да үнөмдөп, пайдалуу гана иштер менен алектенишибиз керек. Убакытты туура пайдалануу үчүн туура коюлган максат керек. Максат чоң болгону ийги. Ошол чоң максатка жетпесең да андан бир тепкич ылдыйына жетесиң. Эгер дүйнөлүк олимпиадага чыгам десең, чыгасың. Биринчи орун албасаң да орунга илинесиң дегендей. Ага жараша өзүңдү шыктандырасың. Көпчүлүк учурда адам өз мээсинде, аң-сезиминде өзүн чектеп коёт. Өзүңдү чектебестен, талыкпастан эмгектенүү керек. Максатты туура койсоң, туруктуу болосуң. Анткени анын аягын билесиң. Бардык ийгилик талыкпас эмгектин аркасынан келет. Жалкоолук менен эч ким ийгиликке жеткен эмес. Убакытты туура пайдалансак, жакшы билим ала алабыз жана бул жашоодо жакшы иштерди бүтүрө алабыз.
– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!