Контентти Тек’тер менен уюштуруу

Контентчинин бир гана Тек’тер деп аталган күчтүү уюштуруучу таксономиясы бар.

Категория, тек’тер, кутучалар же башкача атайсыңарбы айырмасы жок. Кыргызча "тек" деген сөздөй эле түшүнө берсеңер болот. Постторду бир же андан көп тек’төө менен, сиз макала/видео/подкасттарды тийишттүү контент чакачаларына уюштуруп аласыз.

Жөнөкөй тектештирүү

Сиз пост жазганда, ага тектерди бекитип койсоңуз болот. Мисалы, кээ бир постторду "Жаңылыктар" деп, башкаларын "Подкаст" деп тектеп коюшуңуз мүмкүн. Алар тиешелүү түрдө /tag/janylyktar/ жана /tag/podcast/ деген эки башка категорияны түзөт.

Эгер сиз бир эле постту Жаңылыктар жана Подкаст – деп белгилесеңиз, анда ал эки бөлүмдө тең пайда болот.

Тек архивдери контенттин ар бир категориясына арналган үй-баракчаларына окшош. Алардын өз баракчалары, өз RSS түрмөгү бар жана аларга жеке сүрөттөрдү, meta маалыматты өздөштүрсө болот.

Негизги тек

Платформадагы редактордун ичинде, сиз "сүйрөп таштап" тек’терди белгилүү иретте жайгаштырсаңыз болот. Тизмедеги биринчи тек, дайыма, эң маанилүүсү деп эсептелинет жана Контентчи негизги(тизмедеги биричи) тек’ти гана көргөзөт. Ошондуктан эң манилүү текти биринчи кетирүүңүз зарыл. Манилүү деп бөлүмдөрдүн аталыштары саналат. Мисалы: Сүрөт. Башка тектерди болсо кийинки катарларга кошуп койсоңуз болот.

Сүрөт, Подкаст, DIY

Бул мисалда, Сүрөт негизги тек, жана сайтта ошол тек гана көргөзүлөт. Бирок, посттор башка көргөзүлгөн тектер аркылуу дагы ачылат.

Жеке тек’тер

Кээде, сиз постко белгилүү бир текти тиркегиңиз келет, бирок, сиз анын сайтта же архив барагына чыгышын каалабашыңыз мүмкүн. Мындай учурда, жеке тектерди колдоно аласыз.

Архитектура, Шаарлар, #видео

Бул жерде, платформа Архитектура жана Шаарлар аттуу ачык тектерди дайындайт ж.о.э. ал #видео деп белгиленген жеке жазуу жөнүндө маалыматты да сактап тура алат.

  • 0

    Бөлүш

    Лента Донат
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x