Соц. тармактарга превью жасаганды үйрөн

Мүмкүн сиз өз лентаңыздан ушундай шилтемелерди кездештирсеңиз керек?

Esquireдын шилтеме посту

Бул нерсени сниппет деп коёт. Ал продукт же контент боюнча колдонуучуларга кыска маалымат берет. Бирок, бүгүн биз силер менен сниппетеги превью жөнүндө сүйлөшөбүз😉

Кантип ушундай превью жасасак болот?

Төмөн жактагы кыска этаптарды эрчигиле:

  1. Адегенде Canvaга катталыңыз.
  2. Катталган соң, издөөчүсүнөн blog  banners дегенди терип, сунушталган бөлүмгө өтүңүз
Canvaнын башкы бети

3. Өзүңүзгө жаккан шаблонду тандаңыз. (канчалык минималисттүү болсо ошончо жакшы)

4. Мен азыр өзүм кандай жасаганымды көргөзүп берем:

Превью жасоо

Эгер сиз Контентчиде өзүнчө, ал эми башка соц тармактарда өзүнчө мукаба болушун кааласаңыз, анда макаланын баптоолорунан индивидуалдуу мукабаларды орнотсоңуз болот.

Макала баптоолору

Эгер мукабаңыз соц тармактарда туура эмес көргөзүлүп жатса, Debuggerлерди колдонуңуз.

Твиттердики: https://cards-dev.twitter.com/validator
Фейсбугтуку: https://developers.facebook.com/tools/debug/

Эгер Debuggerлер жөнүндө толугураак билгиңиз келсе, төмөн жакка жазыңыз

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x